Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баддардын тамак-ашынын курамына коюлган талаптар

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Баддардын тамак-ашынын курамына коюлган талаптар

Организмдин түрлүү азык заттарга, энергияга болгон муктаждыгын эске алып тамактануу - рационалдуу тамактануу деп аталат. Бир күндө желген тамак - аштын жыйындысы рацион делет. Ар бир баланын күнүмдүк рационунун орто эсеп менен 14 пайызы белоктон, 30 пайызы майдан, ал эми 56 пайызы углеводдон турса, баланын организми мындай тамакты жакшы сиңирет. Бул тамак балага суткасына 3500 килокалория жылуулук берет, анда анын 490 килокаллориясы белок, 1050 килокалориясы май, ал эми калган 1960 килокалориясы углевод болот. Ал эми белок заты башкаларга караганда бир аз көбүрөөк болууга тийиш, анткени биз жогоруда айтып кеткендей балдар тез өсөт. Ошондой эле балдар дайыма кыймылда болгондуктан көп жылуулукту сарпташат. Ошон үчүн бул жаштагы балдардын тамак-ашында май жана углевод мол болушу керек. Бирок, тамакта май жана углевод көп болуп, белок аз болсо, же тескерисинче, белок көп болуп, май жана углевод аз болсо, мындай тамак жаш өспүрүм балдардын тамакка болгон талабын канааттандыра албайт. Баланын организминин талабын канааттандырыш үчүн белок, май жана углевод заттары жетишээрлик өлчөмдө болушу керек.

Белок жана май малдын этинен жасалган азыктарда көп боло тургандыгын билебиз, ал эми углевод өсүмдүктөрдө көп болгондуктан баланын тамагын жасаганда малдын жана өсүмдүктүн азыктарын аралаштырып жасоо керек. Минералдык заттар баланын организмине эң керектүү заттардан болуп эсептелет. Алар баланын туура өсүшүнө көмөкчү болот. Мисалы, темир тузу кандын кан бөлүп чыгаруучу органдардан иштелип чыгышына көмөкчү болсо, акиташтын тузу жана фосфор сөөктүн өсүшүнө жардам берет Туздардын өлчөмү ар бир тамак-аш азыгында ар кандай болот. Мисалы, сүттө темир тузу аз болот, ошондуктан, эгер баланы узак убакытка чейин жалаң сүт менен тамактандырса, бала аз кандуулук оорусуна дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан жаш балдарга кандай жана канча өлчөмдө берүү керек экендигин өзүңөрдүн участкалык балдар догдуруна кайрылып билүүңүздөр зарыл. Балдардын организмине витаминдер да талап кылынат. Балдарга эң керектүү А, В, С витамини. С витамини балдардын өсүшүнө керек.

Ал ар түрдүү жугуштуу ооруларга тоскоолдугун күчөтөт. Д витамини баланын туура өсүшүндө негизги ролду ойнойт, В витамини баланын нерв системасынын итттин жакшыртат, А витамини көрүүнү курчутат. Адатта суткасына бала 4 жолу тамактанат. Эртең мененки тамактанууда рациондун 25-30%, түшкү тамактанууда 40-45%, бешимдеги тамактанууда 10-15%, ал эми кечки тамактанууда 15-20% болуусу тийиш. Белогу көп тамакты эртең мененки жана түшкү тамактанууда бериш керек, анткени белок ашказанда көпкө чейин сиңирилбей турат.

Ал эми кечкиге жеңил тамактарды, мисалы, жашылчалар, сүттөн жасалган тамактарды калтыруу керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 829, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу