Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Баддардын өнүгүүсү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Баддардын өнүгүүсү

Ар бир адамдын өзгөчөлүгүнүн калыптанышы кичине кезинен башталат да, жаш өспүрүм чакта тездик менен дүркүрөп өсүп, бой тарткан кезде токтолойун деп калат. Бирок адамдын өзгөчөлүк сапаттары андан ары өркүндөп өмүрү өткөнчө улана берет. Балдарды ар тараптан өнүктүрүү идеясы эбак, Кайра жаралуу доорунда эле пайда болгон. Баланы ар тараптан өнүктүрүү анын дене жана рухий күчүн, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн жана шыктуулугун өнүктүрүүнү, күч эмгегине жана акыл эмгегине даярдоо дегенди билдирет. Балдардын өнүгүүсү мектепке чейин эле башталат. Балдардын оюндарында, колунан келүүчү иштерде, өздүк көркөм чыгармачылыгынын процессинде баланын түрдүү жактары жана мүнөзү өнүгө баштайт. Ар тараптан өнүгүүнүн негизи мектепте түзүлө баштайт да, кийин окууда жана эмгекте улантылат. Жаш муундарды ар тараптан өнүктүрү - жаратылыш, коом жана адам жөнүндөгү билимдер менен куралдандырып, адамдын эс - акылынын өнүгүшүн камсыз кылат.

Дүйнөгө илимий көз караштын негиздери мектепте түзүлө баштайт жана коомдо активдүү жашаш үчүн зарыл болгон адеп-ахлактары калыптандырылат. Мектеп өсүп келе жаткан балдарды эмгек, эстетика жана дене тарбия маселелерин да чечет. Булардын бардыгы акыл аягында, жаш муундарды ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган. Баарыдан мурда мектептеги окутуу балдардын илимдин негиздерин өздөштүрүүсүн иш жүзүнө ашырат. Балдарды ар тараптан өнүктүрүү бул мектептин гана милдети эмес. Кээ бир ата-энелер өздөрүнүн балдарын тентек, эрке кылып өстүрүшөт, алардын бардык талаптарын канааттандырууга умтулушат, эмгектен четтетишет. Мындай үй-бүлөдөгү балдар ак кол, өзүмчүл, жалкоо, обу жок талапчыл болуп өсүшөт. Булардын бардыгы, акыр аягы, окуусуна да таасирин тийгизет. Алар начар окушуп, үйгө берилген тапшырмаларды аткарышпайт.

Ошону менен бирге айрым үй - бүлөлөрдөгү балдарга карата өтө эле катуу мамиле жасалат. Аягы мындай балдардын өз алдынчалуулугу өөрчүбөй калат. Үй-бүлө тарбиясындагы көптөгөн жаңылуулар ата-энелердин тарбиялоо сабатынын жетишсиздиги жана тарбиялоонун зарыл тажрыйбаларынын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Балдарды үй-бүлөдө тарбиялоо, бул биринчи иретте ата - энелердин өзүн-өзү тарбиялоосу болот, анткени бала ата - энесин көрүп өнүгөт. Балдардын өнүгүүсүнө өбөлгө болуш үчүн ата-энелер мугалимдер менен жолугушуп, мектептин талаптары менен таанышып, балдарга таасир берүүнүн методдору жана ыкмалары жөнүндө макулдашат. Анын баары ата-энелердин өз балдарына мыкты тарбиячы болушуна шарт түзөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 697, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо