Улуу Ата Мекендик согуштун тарых барактарына Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург), Волгоград, Киев, Минск, Одесса, Севастополь, Новороссийск, Керчь, Тула шаарларынын жана Брест чебинин аттары алтын тамгалар менен жазылган. Массалык баатырдык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн бул шаарларга Ленин орденин Алтын Жылдыз медалын тапшыруу менен Баатыр шаар деген ардак наам ыйгарылган. 1941-жылы 22-июнда гитлердик Германия кол салышпоо жөнүндөгү келишимди жүзү каралык менен бузуп, Совет өлкөсүнө каршы согуш баштаган. Душмандын негизги топтору өлкөнүн маанилүү борборлорун басып алууну максат кылышкан. Душмандын сансыз аскерлеринин жолуна кубаттуу чеп - бастион сыңары бөгөт болуп Москва, Ленинград (Санкт-Петербург), Сталинград (азыр Волгоград), Киев, Минск, Одесса, Севастополь, Новороссийск, Керчь, Тула шаарлары, Брест чеби турган. Бул баатыр шаарлар үчүн болгон салгылаштарда жоокерлер жана тылдагы эмгекчилер, чоңдор жана балдар бардык күчтөрүн женишке арнашты. Бомба менен снаряддын үстөкө-босток жарылуусу да, душмандын жаалданган каардуу чабуулу да биздин элди кайратынан тайдыра албады.
Жоокерлер менен катар элдик кошуундар, партизандар, подпольечилер да салгылашышты. Брест чебинин гарнизону бир айдан ашык баатырдык менен салгылашты. Фашисттик тандалма аскерлердин баскынчылык соккусун Киевде эрдик менен майтарып, советтик жоокерлер душманды алдыга жылдырбай эки айдан ашык кармашкан. Одессаны коргоо 73 күнгө созулган. Эрдиктин унутулгус үлгүсү болгон 900 күндүк коргонуудагы Ленинграддын эрдигинин даңкы кылымдарды карытат. Севастополдун коргоочулары 250 күн жана түн бою туруктуулук менен салгылашкан. Новороссийск баатырдык менен салгылашып душманды Кавказга өткөрбөй, кармап турган.
Керчь шаары фашисттер үчүн ажалдын анык уюгу болгон. Минскинин подпольечилери менен партизандарынын күрөшү баатырдыктын үлгүсү катары тарыхта жазылып калды. Москва алдындагы улуу салгылаш Москваны басып алууга жүткүнгөн гитлерчилердин мизин кайтарган. Кан күйгөн кармашта душман өлөрчө алсырап, борбордон алыс куулган. Москва алдындагы тарыхый жеңиш фашиеттердин ордосун талкалоонун башталышы болгон.
Сталинград салгылашы алты айдан ашык созулган. Сталинград алдында советтик жоокерлер душмандын 22 дивизиясын - 330 миң адамды курчоого алып, жок кылышкан. Советтик Армиянын Сталинград алдындагы жеңиши Улуу Ата Мекендик согуштун жана бүтүндөй экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшү түп-тамырынан бери өзгөрткөн бурулуш чукулдап калгандыгын көрсөткөн. Улуу Ата Мекендик согуш фашисттик Германиянын толук талкаланышы менен аяктаган.