Нарын өрөөнү тоолуу келип, ички Тянь - Шанды ээлеп жатат. Тоо кыркаларынын басымдуу бөлүгү 3000 м - 4000 м бийиктикте. Жери жалпысынан батыштан чыгышты карай бийиктейт. Деңиз деңгээлинен жапыз жери 1500 м, эң бийик жери 5982 м. Ири өрөөндөрү: Кочкор, Жумгал, Ат - Башы, Чатыр-Көл, Нарын өрөөндөрү, Тогуз-Торо ойдуңу. Булар деңиз деңгээлинен 1000м ден - 3800 м бийиктикке чейин жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2000 м ден жогору жаткан Суусамыр өрөөнү Кыргызстандын эң ири жайкы жайыттарынын бири. Климаты - кескин континенттик. Кыттты суук, узак, жайы салкын. Январдын орточо температурасы Кочкордо 10,1 С. Ак - Сайда - 27,7 С. Жумгал, Тогуз-Тороо өрөөндөрүндө кыш 6, ал эми калган өрөөндөрүндө 8 айга созулат.
Соң-Көлдө кыш дайыма суук, жайы жылуу бирок кыска болот. Нарын жана Жумгал өрөөндөрүндө вегетациялык мезгил 5 айга созулуп эң жогорку температурасы 34°С га жетет. Жылдык жаан - чачын басымдуу бөлүгүндө 200 - 300 м тоолордо арбыныраак жаайт. Нарын өрөөнүнүн климаты анын ар кандай бийиктикте жайгашкандыгына жана рельефинин татаалдыгына байланыштуу ар түрдүү, жалпысынан климаты континенттүү кургакчыл.
Табигый шартынын өзгөчөлүктөрү бийиктик алкактуулук менен тыгыз байланыштуу. Нарын өрөөнүндөгү татаал климаттык шарттар жергиликтүү жашаган элдердин ден - соолуктарына таасирин тийгизбей койбойт. Кышы узак болуп жайы кыска болгоңдуктан көп жер - жемиштер өспөйт. Бул болсо витаминдердеги, организмдердеги ар кандай элементтердин жетишсиздигине алып келип, ар кандай ооруларды пайда кылат. Нарын өрөөнү тоолуу келгендиктен тоолу климат адамдын ден соолугуна таасирин тийгизбей койбойт. Атмосферанын басымынын төмөндөшү кычкылтектин жана минералдык заттардын жетишсиздиги, күндүн ультра кызгылт - көк нурлары, ысык сууктун тез алмашышы, кышкы катуу суук, жашоо шартынын оордугу, адамдын жашоосуна, дене түзүлүшүнө жана зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизип өзгөртөт. Бийик тоодо тамактын сиңиши да башкача өтөт. Шартына жараша тоо өрөөнүндө тамак начар сиңирилет. Анткени тоолуктардын тамагында витаминдер аз, абасында кычкылтек аз санда.
Бирок тоонун зыяндуу шартына туш келген организм мөгдүрөп калбастан, жетишпеген заттардын ордуна кошумча мүмкүнчүлүктөрдү кошуп, организмди аз чыгым менен жетиштүү санда витаминдүү азык - түлүк заттары менен камсыздандырууга аракеттенүү керек. Биздин күчүбүзгө күч, демибизге дем кошуп кармап турган, тирүүлүктүн даамын таттырган эң негизги нерсенин бири - аба, суу менен катар эле тамак аш. Ошондой эле кымызды мисалга тартуу жетиштүү. Булар: белок, май, өсүмдүк, углевод, витамин, минерал заттары. Адамдын организмине мунун баары эң керектүү. Ошондуктан күндөлүк керектелүүчү тамак аштар витаминдүү, аш болумдуу болуу керек.