Витаминдер негизинен жашылчаларда: помидордо, карагатта, бүлдүркөндө көп санда кездешет. Ит мурундун кургатылган ашы, апельсиндин мөмөсүнө караганда С витаминге 30 эсе бай. Балыктын боорундагы майда А, Д витаминдери, калемпирде, капустада, сабизде, помидордо С витамини көп. Четиндин ашында А менен С витамини лимондогудан көп. Картөшкө витаминдерге айрыкча күзүндө бай келет. Бадыраңда, кара өрүктө, алмурутта, жүзүмдө витаминдер аз. Бирок бул азыктардын мааниси аз деп айтууга болбойт. Бардык жашылча жана жер жемиштер кислоталарга, туздарга бай. Булар тамак эритүү органдарына жакшы таасир беришет. Витаминдерди кантип сактоо керек? Витаминдер жаратылышта кеңири тараган, бирок булар туруксуз.

В1, В6, С витаминдери сууда эрийт, абдан кычкылданат жана ысыганда бат бузулат. Жашылчаларды көпкө кайнатканга болбойт. Бышырганда капкакты үстүнөн бастырып коюу керек. Жашылчалардын маңызы С жана В витаминдерине бай, аны сорпого кошсо болот. Жез жана темирге тийишкенде С витамини бөлүнөт.

А, Д витамини сууда эрибейт, ысытканда бузулбайт. Жашылча жемиштерде көпкө сакталганда алардагы витаминдер азаят, бузулат. Кургатылган жемиштерде: өрүк, мейиз, кактарында витаминдер жакшы сакталат.

Азыктардагы витаминдер жана аларды кантип сактоо керек?


Витаминдер негизинен жашылчаларда: помидордо, карагатта, бүлдүркөндө көп санда кездешет. Ит мурундун кургатылган ашы, апельсиндин мөмөсүнө караганда С витаминге 30 эсе бай. Балыктын боорундагы майда А, Д витаминдери, калемпирде, капустада, сабизде, помидордо С витамини көп. Четиндин ашында А менен С витамини лимондогудан көп. Картөшкө витаминдерге айрыкча күзүндө бай келет. Бадыраңда, кара өрүктө, алмурутта, жүзүмдө витаминдер аз. Бирок бул азыктардын мааниси аз деп айтууга болбойт. Бардык жашылча жана жер жемиштер кислоталарга, туздарга…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1378, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09