Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Спорт

Ат чабыш

Ат чабыш — кыргыздын улуттук оюндарынын бири. Атка минүү жагынан атайын даярдыгы бар 13 жашка толгондор катыша алат.

Ат чабышка жашы 3 жаштан жогорку бардык тукумдагы аттар катышат.

Оюн өткөрүлүүчү аралык 1200 метрден 5000 метрге чейин болушу мүмкүн.

Ат чабыш тегиз талаада, түз жумшак жолдо, ипподромдо өткөрүлөт.

Оюнду өткөрүүнүн жалпы тартиби жана шарты:

Оюндун жеңүүчүсүн аныктоо:

  1. Ар бир оюнчу оюнда чаап келгендеги орунуна ылайык упайларга ээ болот, биринчи келгенге бир упай, экинчи келген эки упай ж. у. с.
  2. Эгерде аттар бир нече кезекке бөлүнүп чабылса, орундар көрсөтүлгөн убакыт боюнча белгиленет;
  3. Топтордун орун топтун бардык оюнчуларынын алган упайларынын жыйынтыгы боюнча же убакытты аз кетирген боюнча белгиленет.

Оюндун башка түрлөрү. Бышты чабыш, качыр чабыш, кунан чабыш, өгүз чабыш, тай чабыш, төө чабыш, эшек чабыш, топоз чабыш.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык тарбияланат, эпчилдикке, чечкиндүүлүккө, тең салмагын сактоого, атты минүүгө, башкарууга үйрөтөт.

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 42, Акыркы оңдолгон дата: 2025-01-18 15:20:01 (Оңдоо тарыхы)
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо