Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Артиллерия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Артиллерия

Алгачкы замбирек огу мындан 6 кылымдан мурдараак Европада атылган, араб артиллеристтери Испаниянын Сарагоса шаарына ок жаадырышкан. Арабдар болсо замбиректин ок атуу сырын кытайлыктар менен индиялыктардан үйрөнүшкөн. Ал кездеги замбирек өтө жөнөкөй жасалып, жыгач таканчыкка орнотулган темир түтүктөн турган огу таштан же металлдан жасалган. Атканда анча алыс уча алган эмес, түз тийген эмес. Бирок, аскер башчылары артиллериянын келечеги кең экенин сезишкен. Ар кайсы жаңы куралдарды жакшыртуу колго алына баштаган. Мисалы, француздар замбирек найын эки дөңгөлөккө бекитишкен. Алардын артиллериясы согушта позициясын тез өзгөртүп, замбиректерин бир жерден экинчи жерге дөңгөлөктүн жардамы менен жылдыргандыктан жеңишке оңой жетип турушкан.

Орус армиясы артиллерия ишинде көптөгөн башка армиялардан озуп чыккан. Данилов жана Мартынов деген усталар мурунку замбиректерден алыс ата турган жана башкалардан таамайыраак тийүүчү курал жасашкан. Аны сыңар мүйүз (единорог) деп жомоктогу жырткычтын атынан аташкан. Мындай куралды бардык чет элдик армиялар, анын ичинде француздар да жасоого киришет, аны узун гаубица деп аташкан. Бул сөздү азыр да аскер адамдарынан же компьютердик оюндардан (мисалы: казаки стратегиялык оюну) угууга болот. Замбиректин снаряды жапызыраак учса гаубицаныкы тик учат, мортиранын снаряды тип-тике, дал төбөгө жакын атылат. Октордун мындай учушунда эмне сыр бар? Ал мындайча: эгер оюн учурунда качып бараткан жолдошунарды топ менен урсаңар, топ замбирек снарядына окшоп учат. Ал эми жолдошуң качып барып, дубалдын ары жагына жабышып туруп алды дейлик.

Ага тийгизүү үчүн топту дубалдан бир аз гана өткөрүп, дароо төмөн түшкүдөй кылып тик өйдө ыргытуу керек. Бул мортирадан атканга окшош. Согушта түз жерге жайгашкан алыстагы бута замбирек менен, ал эми дөбөдөгү, таш курулуштардын далдасындагы бута мортира жана гаубица менен атылат. Миномёттор да мортира сыяктуу эле атылат. Анын минасы да тик өйдө учуп, тик түшөт. Артиллериясыз армия болбойт. Замбирек танк, кеме, самолётко да орнотулат. Зенит артиллериясы самолётторду, жээк артиллериясы кемелерди, танкага каршы артиллерия танк менен брондуу машиналарды атууга ылайыкталган.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде артиллеристтер эбегейсиз кыйла эрдиктерди көрсөтүшкөн. Анын бирин эске сала кетелик. Бир жолу улуу сержант Алеканцев жалгыз замбиреги менен фашисттердин жыйырма танкасына каршы согушкан. Душмандын сегиз танкасы кыйраган кезде улуу сержанттын жолдоштору курман болуп, өзү жалгыз калган. Алексанцев жалгыз атышып, дагы төрт танканы кыйраткан. Бул эрдик эмей эмне? Жалгыз замбирек душмандын жыйырма замбирегине каршы турушу чыныгы каармандык эмеспи. Фашисттер менен болгон согуштун алгачкы жылдарында биздин артиллеристтерде өзгөчө курал - реактивдүү миномёт - катюша пайда болгон.

Ал аскерлердин коргонушунда да, чабуулга өтүшүнө да абдан жакшы жардам берди. Азыркы кезде катюшанын өзүнөн да күчтүү неберелери көп.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 784, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо