Арстанбек Буйлаш уулу


(1824, Ысык-Көлдүн Сырты, Эки Нарын жери —1878, Ысык-Көлдүн тескейи, Чычкан конушу; сөөгү Жуукудагы Таш-Кыя бейитине коюлган) - кыргыздын залкар төкмө акыны жана ойчулу; чоң комузчу, күүчү жана обончу. «Замана» агымынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Калк ага «булбул» деген атак берген. Бугу уруусунун тынымсейит уругунан. Атасы Буйлаш бийдин кичи токолунан төрөлүп, баркталбай кой, козу кайтарып өсөт.

Ушундан улам анын чыгармаларында турмуш тиричилик жагдайлары бир кыйла деңгээлде карапайым адамдардын көз карашынан чагылдырылган. А. ырчы катары 16 жашында таанылган. Кокон ханы кыйкымдап Буйлаш, башка дагы тынымсейит билермандарын ордого айдатып кеткенден кийин, А. алардын артынан барып, ырдап, өз өнөрү менен даткалардын, ордо бийлөөчүлөрүнүн купулуна толуп, атасы банггаган манаптарды куткарып келет. Ал Фергана тарапта бир жылча жүрүп, Наманган, Анжиянды аралап, көптөгөн ырчы, комузчулар менен беттешип, өз жерине чоң ырчы атыгып кайтат. А. кыргыз коомчулугунун кыйын кезеңинде өмүр сүрүп, элдин Кокон хандыгына салык төлөп турганына, сарыбагыш менен бугу төбөлдөрүнүн чыгарган чатагынан калктын катуу тукулжураганына күбө болот. Кокон бийлигинин зордук-зомбулугунан калктын каржалганын баяндоодо ал өзүн чоң сүрөткер катары көрсөткөн (тилекке каршы, ал ырларынан айрым үзүндүлөр гана бизге жетти). Ал эми бугу менен сарыбагыштардын чатагы мезгилинде да көп ыр чыгарган экен. Айрыкча, Ормон хан өлтүрүлгөндөн кийин анын уруулаштары тарабынан бугулар катуу кысмакка алынып, калк чабылып туш-тушка качканда бугулардын турмуш акыбалын сүрөттөп, эки урууну ынтымакташууга чакырып ырдаган ырларынан айрым үзүндүлөр белгилүү.

А-тин чыгармачылыгында орчундуу теманы замана ырлары, эң бараандуу -«Тар заманы» түзөт. «Тар заман» акындын турмуштук, коомдук-социалдык көз карашынын жыйындысы. Бул чыгарма бир мезгилде эмес, болжолдуу түрдө 1852—70-жылдары түзүлүп, калыптанган. «Тар замандын» окуясы шарттуу түрдө эки бөлүктөн турат: 1. Орустар басып келе жатат деген кабардан улам ырдалган ырлар. 2. Орус колонизаторлору кыргыз жергесине келип орношуп, бийлигин бекемдеген мезгилде акын күбө болгон окуялардын чагылдырылышы. Акындын кабылдоо, баамдоо жөндөмү, чеберчилиги ушул кырдаалды баяндоодо ачык көрүнөт. Акын бул поэмасында социалдык маселелерди курч козгоп, орус колонизаторлорунун кыргыз элине көрсөткөн жапалыгын өтө таамай сүрөттөйт.

А. ал заманды «азуулууга бар заман, бечарага тар заман» катары мүнөздөгөн. Ал орустардын чарбалык ишиндеги, аскер кызматындагы жакшы жактарын да туура байкаган. Бирок, кантсе да, А. айрым маселелер боюнча патриархалдыкфеодалдык нарк нусканын чегинде бек туруп, аны коргоого алган. Орустардын келиши менен кыргыз коомчулугунун башкаруу иштерине, турмуш тиричилигине, элдин каада-салтына, кулк-мүнөзүнө кирип жаткан өзгөрүүлөргө ой жүгүртүп, ал жылыпггарды көбүнесе ата-бабанын нускасынын бузулушу катары кабыл алган. «Тар замандын» өзүнө таандык обону, күүсү, кайрык кайталоолору болгон, комузда коштолуп аткарылган.

Салмактуу сөз, күү, уккулуктуу обон, үн айкалышып, калктын көкөйүндө уялаган ой санаасын козгоп, угуучуларга зор таасир калтырган. Чыгарманы акындын өз аткаруусунда угуп-көрүп калгандар: «Арстанбектин ырын көпчүлүк бүтүндөй дитин коюп тунжурап ыйлап отуруп угушар эле»,-деп бир ооздон эскеришчү экен. Чындыгында эле жайлуу конуш-жерин, өз алдынчалыгын жоготуп, орус колонизаторлорунун бийлигинен жабыркап турган калк «Тар заманды» өз жашоосунун күзгүсү катары кабыл алган. Атин чыгармачылык мүмкүнчүлүгү кенен, жанрдык-мазмундук жагынан бай жана ар түрдүү келген. Ал кошок, арман, санат, терме, керээз, ар кыл багыттагы ырлар, поэмаларды жараткан. Айтыш өнөрүнүн ири устаты болгон. Чыгармачылык багыты жагынан нускоочу ырчылардын тобуна кирет. «Төштүк», «Кожожаш», «Чоро» («Шоро»), «Бердикожо жалгызым», «Беш казак» сыяктуу эпос, поэмаларды, «Көкөтөйдүн ашын» чебер аткаруучу деп айтышат.

Бирок анын айтуусундагы эпикалык чыгармалардын биринин да тексти бизге жеткен жок. Керээзиндеги маалыматка, айрым билгендердин айтымына караганда ал комузчулукту жана акындыкты бирдей алып жүргөн. Ал 500гө жакын күү чертиптир, анын 200гө жакыны өзүнүн төл чыгармасы болгон деген кеп бар. Анын чоң комузчулар аркылуу бизге жеткен «Арстанбектин арман күүсү», «Кербез», «Кет Букасы», «Ат чубатар ботою» залкар күүлөрдүн катарында турат. Көптөгөн кыргыз, ошондой эле казак ырчы, комузчулары менен беттешип, бир да бири аны жеңе алган эмес экен. Атактуулардан комузда Ормондун уулу Сейилканды, түпггүктүк Сарт ырчыны жеңет. Таластык Чоңду акындын жандырмагын жандырып, айтыштын татаал түрүндө да өз жөндөмүн көрсөтөт. Жеңижок аны издеп барып, Каркырада кезигип, саламдашып ырдашат. Казак ырчысы Каңтарбай менен беттешип, ал айтышпай жеңилсе, 1850-жылдарда «айтса сөзү куюндай» Сүйүмбай менен жолугуп, алар бири бирин оодара алышбаптыр. Булар бизге белгилүүлөрү гана. Кыргыз мад-тынын тарыхында А-тин мурасы чоң из калтырган.

Өз чыгармачылыгы менен замандаш жана кийинки (19-кылымдын акыры -20дын башы) кыргыз төкмө акындарына жана күүчүлөрүнө зор таасир тийгизген. Анын улуулугу - өз доорунун курч проблемаларын козгоп, элдин турмуш жагдайы, келечекки тагдыры, коомдун социалдык ал абалы жөнүндө терең ой жүгүртүүсүндө. Тилекке каршы залкар акындын чыгармачылыгы кийинки күнгө чейин бир жактуу бааланып, анын патриархалдык-феодалдык мүнөздөгү көз карашы өтө коюулантылып, баса белгиленип келгендиктен, ал эскичил ырчы катары сындалып, иликтөө, изилдөө алкагынан четтетилип, чыгармалары жыйналбай, акын туура баасын албай келди. А-тин мурасына кайрылуу 90-жылдары гана колго алына баштады.

2016-05-27 2952 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-27