Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана кой

Баш барак | Гороскоп | Арстан жана кой

Бул экөө, өтө кубаттуу түгөй. Экөө тең активдүүлүгү жана ишмердүүлүккө умтулуусу менен мүнөздөлөт. Койлор - артыкча импульсивдүү, Арстандар - дайыма тонуста. Ар бири өзүн реализациялоого умтулат. Кубаттын көптүгү үй-бүлөө коломтосунан эмес, башка жерден чыгуусу зарыл, антпесе бул кубаттуулук ашып-толуп, жарылып кетүүсү ыктымал. Арстандар, Койлор сыяктуу эле жетишээрлик намыской жана ызакор, экөө тең башкарып жана бөлүштүргөндү жакшы көрүшөт.



Бул экөөнүн окшоштугуна байланыштуу, баамдоо менен же туюп-билүү деңгээлинде бири-бирин түшүнүүгө жөндөмдүү. Койлор менен Арстандар жашоодо бирге кадам шилтеп, тең укуктуу оноктош жана жакын дос болушат. Экөө тең бир максатка умтулуп, бири-бирин колдоо менен аягына чейин барышат. Үй-бүлөө атмосферасына кайтуу менен, алар алоолонгон сүйүүчүлөргө жана бири-бирин камын көргөн өнөктөштөргө айланат.



Койлордун көзү менен Арстандар сүйүүнүн жана чыгармачылык башатынын символу болот. Өз өнөктөшүнө оттой жанган сезимдерди сезүү менен, Койлор сүйгөнүнүн ар кандай эркеликтерин аткарууга ийилип турат, ошону менен бирге өтө эркелетип башына чыгарбайт. Арстан болсо Койлор үчүн шыктандыруучу болуп, жашоого суусандырат. Сүйүктүү Арстан өзү тандаган сүйүүсүнөн, ички дүйнө өнүгүүсүнүн символун көрөт.



Арстандар чоң чыгармачылык потенциалга жана күчтүү энергетикага ээ. Иштеп тапканын коркомдук жана чоң шилтөө менен коротконду артык көрүп, аны кантип жасоону, ачык-айкын көрсөтөт. Ошондуктан Койлордо мындай жашоо стилине баш багып, чогу өткөрүүгө арга жок болуп, үй-бүлөөлүк бюджетти толтурууга болгон күч-кубатын жумшайт.



Арстандар менен Койлор натурасы боюнча лидер болушат, ошондуктан алар үйдө да үй-бүлөө башчысы наамы үчүн күрөшөт. Ар бири башчылык орунду ээлоого умтулат, мындай иш-аракеттер түгөнбөгөн теңтайлашууга алып келет.



Мындай кырдаалдан чыгууга көбүрөөк Койлордун күчү жетет, анткени дал ушул Койлордун сүйүүсүнөн үй-бүлөөлүк теңтайлашуунун финалы көз каранды. Түгөйлөр бир үйдө чогу жашаганды үйрөнүүсү зарыл, а мындай учур, качан түгөйлөрдүн бири баш ийгенде гана болот. Бул ролду өз башына Койлор гана алышы мүмкүн. Айрыкча мындай союздун ийгиликтүүсү, эгер Кой белгисиндегилер аял болсо. Анткени, шартка ылайык аялдар гана мамиле арасында ийкемдүү жана акылман болушат.



Бирок, кээ бир учурда тескерисинче да болот. Эгер мырза - Кой белгисинде болсо, анда ал өз айымы үчүн чыныгы эр көкүрөк мырза болушу абзель. Аял-Арстан анын жаны сапаттарын кадыр-баркына жараша баалайт, жана бул биримдик чыныгы мырза-айымдык биримдик болот. Түгөйлөр, жомоктогудай бактылуу жана көп жашашат. Мамилерлерде эң маанилүүсү компромисске бара билүүнү үйрөнүү.



Айтмакчы, каалоо болсо - бардыгы колдон келет, жана эч кандай тосколдуктар үй-бүлөө жаатында өз залакасын тийгизе албайт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1041, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо