Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арстан жана бийкеч

Бул эки зодиак белгисинин ортосунда көп учурда профессионалдык биримдик пайда болот. Чындыгында бул бекем түгөй. Башында Арстандар Бийкечтерге катуу сезимдерин сезбеши мүмкүн, ал гана эмес, көңүл бурбай жүрүшү да мүмкүн. Бийкечтер Арстандарга акырындан өзүнүн туура жана тартиптелген дүйнөсүн көрсөтө баштайт. Арстандарда жүйөлүү ойлор укмуштай көп болот, албетте, эгер бул жакка менменсигендик катышпаса. Бийкечтер мындай сапатка абдан суктанат, бирок буларга ал суктанууларын Арстандарга көп-көп көрсөтүү керек. Ал эми Арстан өз учурунда, жан-дүйнөсү менен Бийкечтердин аракеттерин колдоп, көп учурда буларга таянышат, бирок өзүнүн ыраазычылыгын абдан сейрек көрсөтөт.



Бийкечтердин жанында Арстандар өзүнө көп жага бербеген күндөлүк иштер менен үй-бүлөө түпкүрүн кура баштайт. Ошондой эле Арстандар көп учурда Бийкечтерден сезимталдуулукту көрбөйт, анткени, өзүнүн көңүлүн материалдык жагына бурат. Мындай никеде Бийкечтер өзүлөрүнүн классикалык сапаттарын активдүү көрсөтө баштайт: тартиптүүлүккө умтулуу, майда нерселерде тактык, ошондой эле кандайдыр бир сырдуулукту көрсөтүүчү аял-эркелиги, а бул Арстандарды абдан кыжырлантат.



Арстандар Бийкечтердин тызылдаткан эскертүүлөрүн жана жадатма сөгүштөрүн угуп, көп убакытка чейин өз намыстуулугун көрсөтпөгөнгө зарыл болот. Ал эми Бийкечтерди болсо Арстандардын үй-бүлөөдөгү спектакльдары жана ак-сөөктүк жашоого умтулуусу кыжырлантат. Албетте, мындай мамиледе мүмкүндүктөр бар, бирок таза кандуу Арстандар жана ошондой эле тазаланган Бийкечтер никеде биргелешип жашай алышпайт.



Арстандардын Бийкечтерден дагы бир айрмасы бул - абдан сексуалдуулугу, жана бул экөөнүн интимдик жашоосунда түйшүктөрдү жаратышы мүмкүн. Арстандар консервативдүү Бийкечтер үчүн абдан экстраваганттуу же өзгөчө бир укмуштуу көрүнөт. Бирок көп учурда мындай нике сезимталдуу кызыгуулардан негизделет.



Бийкечтер Арстандардын аябай мыкты экенин акылы менен сезип, мындай ойлор эң майда шылтоолор менен кызганууну жаратып, Бийкечтер каалаган ыкма менен Арстандардын өз жанында болуусуна кыстайт (негизинен өзүнүн эң жакшы кулинариялык жана кожойкелик мүмкүндүктөрүн колдонуп). Бул экөөнүн биргелешкен жашоосунда ушунча жакшы нерселер көп...



Арстандар өз жагынан, никени сактап калууну каалап, кыя сөз айтуулардан жана чукул кыймылдардан алыс болуу зарыл. Бийкечтерге так сөздөр жана конкреттүү иштер түшүнүктүү болот.



Арстан менен Бийкеч, айырмачылыктарын жеңип чыгуу менен, тынч тиричиликте бири-бирин тапкандыгы үчүн, чыныгы кубанычка ээ болушат. Арстандар ак ниети менен анын наркына суктанган, жумшак жана берилген баш ийүүчү доско ээ болот, жана мындай адамды хан коргонучундай коргоо зарыл. Ал эми Бийкечтердин жанында айкөл, жоомарт жана сүйүүчү дос пайда болот, оор учурларда таяныч боло турган, жетишээрлик күчтүү, чыныгы кадыр-баркка татыктуу адам.



Эгер Арстандар Бийкечтерге күнүмдүк критикага жана кыйкымдарга чыдабастыгын түшүндүрө алса, ал эми Бийкечтер Арстандардын теңсинбеген талаптарынын негизделбегенсиздигине акыл туудура алса, анда бул экөөнүн ортосунда жылуу жана дилгирленген мамилелер орнойт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1222, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо