Көптөгөн кылымдар бою адамдын турак жайынын тегерегине топурак катмарлары жыйылып, улам калыңдай берет. Анда өткөн мезгилдин издери - ар кандай акыр-чикир, тамак-аш калдыгы (мисалы, жаныбарлардын сөөктөрү), кийим-кечектин айрыгы, идиш-аяктын сыныктары, жоголгон тыйын, топчулар жана башка көп нерселер калат. Бул жердин маданий катмары деп аталат. Археологдор жер шарынын бардык булуң-бурчтарында мындай топурак катмарларын казып, өткөн замандын сырын ачышат. Жерди казганда айрым бир эски буюмдар гана эмес илгерки бай шаарлардын урандылары да табылат. Бул шаарларда жашагандар качандыр бир кезде өрт, согуш, табигый кырсык, коркунучтуу оорулардан кырылып калышкан, же башка жакка көчүп кетишкен. Илгерки заманда адам өлгөндө анын мүрзөсүнө курал-жарак, тамак--аш, түрдүү кооздук буюмдарды, идиш-аяк кошо көмүлгөн. Кээде мүрзөлөрдүн үстүнө таш, топурак үйүп коргон жасашкан.
Мындай мүрзөлөр менен коргондордун айрымдары биздин күндөргө чейин сакталган. Археологдор аларды казып, ар түрдүүлүгү, кээде кооздугу адамды таң калтырган буюмдарды табышат. Окумуштуулардын катышуусуз эч качан археологиялык казуу жүргүзүүгө болбойт, анткени эскилиги жетип араң турган буюмдарды билбестиктен же абайлабастан бузуп алууга, көрбөй калууга ошондой эле алар жаткан топурак катмарларын аралаштырып жиберүүгө мүмкүн. Археологдор казылып чыккан ар бир ууч топуракты текшеришет. Жарым-жартылай чирип калган морт буюмдарга жабышкан топуракты атайын жасалган бычак же кыл калем менен аяр тазалашат. Археологдордун ушундай түйшүктүү эмгек менен тапкан табылгалары биздин ата-бабаларыбыздын турмушун билүүдө азыркы тарыхчыларга зор жардам берет.