Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Арал

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Арал

Бардык тарабынан суу менен чулганган чакан аянттуу кургактык арал деп аталат. Бири-бирине жакын жайгашкан аралдардын тобу архипелагды түзөт. Деги арал кандайча пайда болот? Деңиз толкуну жүздөгөн жылдар бою жээкти жеп, акырындык менен андан кургактыктын кандайдыр бир бөлүгүн бөлөт. Бул бөлүк материк менен жер тилкеси - мойнок аркылуу байланышып турса, ал жарым арал деп аталат. Бара-бара мойнокту да суу жеп, аралды пайда кылат. Ага кечип, сүзүп же кайык менен гана жетүүгө болот.

Бара-бара кургактык чөгүп, аны деңиз же океан каптай баштаган учурлар да болот. Суунун үстүнөн тоонун чокулары гана көрүнүп калат. Булар да арал деп аталат. Мисалы, Тынч океандагы Алеут жана Командор аралдары ушундайча пайда болгон. Көп учурда чоң суулар океанга баткак, чөгүндү жана кумду агызып келип, алар жыйылган жерлерде да арал пайда болот. Жыл артынан жыл, кылым артынан кылым өтүп, бул шилендилер океандын түбүнө чөгүп, адегенде тайыз жер андан кийин арал түзүлөт. Аралдар суу астындагы жанар тоодон да пайда болот. Мисалы, океандын түбүнүн кайсы бир жеринде чоң жанар тоо пайда болду дейлик.

Анын кратери аркылуу жер астынан лава атылып чыгат. Акырындык менен кээде ондогон же жүздөгөн жылдардан кийин суу астындагы бул жанар тоо суу бетинен жогору көтөрүлүп чыгып, арал га айланат. Ал эми шуру (коралл) аралдарынын пайда болушун аныктоо илимпоздор үчүн кыйынга турду. Анткени, алардын көпчүлүгү шакек түрүндө, башкача айтканда айлана боюнча жайгашат. Мындай аралдар атолл деп аталат.

Пальма дарактары өскөн мындай атоллдор океандын бетине кандайдыр бир дөө алып келип таштаган алп гүл чамбарга да окшошуп кетет. Шакекченин ички бөлүгү - лагуна тайызыраак, ал эми анын сырткы жээги тик жардуу болуп, бир нече жүз метр тереңдикке чейин жетет. Суу астынан Караганда атолл тик жумуру дубалдуу бийик мунарага окшошуп турат. Мындай табият кереметинин пайда болуу сыры эмнеде? Анын сырын англиялык улуу илимпоз Дарвин Чарлз ачкан. Океандын кайсы бир тропиктик бөлүгүндө жанар тоо аралчасы пайда болсун дейли деп божомолдогон ал. Анын айланасындагы тайыз сууга шуру (коралл) полиптери келип жайгашат.

Алар өсүп отуруп таштуу шакекчеге - жанар тоону курчаган тосмо рифке айланат, эгерде океандын бул жердеги түбү акырындык менен чөгө баштаса, анда жанар тоо жана аны курчаган риф да аны менен кошо чөгөт. Анда океандын бетиндеги жылуу сууда гана жашоочу полиптер эмне кылат? Алар тынымсыздык менен риф жасоосун уланта беришет. Суу түбүнө чөккөн полиптер жок болот, бирок алардын тукуму суу бетине умтулуусун уланта берет. Риф өсүп, акырындык менен атоллго айланат. Демек, атоллдун эң түбүндө өчкөн жанар тоо болот. Дарвин дүйнөдөн кайткандан кийин изилдөөчүлөр атоллдун бирөөнү дал түбүнө чейин бургулап көрүп, Дарвиндин божомолу абдан туура экендигине көздөрү жеткен.

Сайтка жарнама жайгаштыруу