Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Апенди

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Апенди

Апенди - элдин ой-санаасынан, үмүт-тилегинен жаралган каарман. Апенди жөнүндө тамашалуу жомоктор да, күлкүлүү окуялар да көп. Андай чыгармаларда адамдардагы терс жосундар куйкум сөз аркылуу таамай ашкереленет, акылмандыктын салтанаты даңазаланат. Ал жөнүндөгү жомок, тамашалуу окуялар да эзүүчүлөрдүн айла-амалы мыскылданып, элдин көз карашы, акылмандыгы эчен кылымдар бою ошол Апендинин жоруктары аркылуу баяндалып келген. Балага баладай, чоңго чоңдой кадырлуу болуу менен жаңы окуялар, кызыктуу жоруктар аркылуу Апендинин жомогу улам кайра толуктала берген. Бул каарман дүйнөдөгү элдердин көпчүлүгүндө бар, аны ар бир эл ар башкача аташат. Казактар Кожо Насыр, өзбектер Насреддин Афанди, азербайжандар Молда Насредин, тажиктер Эфенди, татарлар Насредин, түркмөндөр Эпенди деп айтышат. Анын бир жоругу мындай: Апендинин артынан бир топ балдар чурулдашып ээрчип алышат. Кантип кутулууну ойлогон Апенди: - Мени эмнеге ээрчийсиңер?

Молдонун үйүнө барбайсыңарбы, момпосуй берип жатат, - деп коёт. Балдар чын көрүп, молдонун үйүн көздөй чуулдаган бойдон жөнөшөт. Апенди аларды карап туруп: Чын эле момпосуй берип жаткан го - деп, өзү да балдардын артынан чуркайт. Экинчи жоругу болсо мындай: Апендини шылдыңдамакчы болгон бай ага мындай дейт: - Апенди, байкабай чычканды жутуп жибердим. Мындан кантип кутулам? - Ал оңой эле байым, анын артынан мышык жутуп жибергин, - деген экен Апенди.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2211, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо