Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Амундсен Руаль (1872-1928)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Амундсен Руаль (1872-1928)

Амундсен Руаль 1872-жылдын 16-июлунда жарык дүйнөгө келген Норвегиялык түндүк саякатчы жана изилдөөчү. Ал бала кезинде эле: мен чоңойгондо түндүктү изилдөөчү болом деп өзүнө өзү убада берген. Ал буга даярданып ден соолугун чыңап, дайыма муздак суу менен жуунуп, кышында терезени ачып коюп уктаган. Оокаттуу норвег үй-бүлөсүнөн чыккан жаш бала мектепти бүтүргөндөн кийин деңиз ишин жакшылап үйрөнүү үчүн жөнөкөй матрос болуп үч жылга деңиз кызматына кетет. Кийин кеме штурманы болот. Инженердик диплом алган соң дароо эле өз алдынча биринчи экспедицияга даярдана баштайт.

Ал түндүк Американын жээгин бойлой жүрүп олтуруп, Атлантика океанынан Тынч океанга өтүүчү Түндүк-Батыш деңиз жолун ачууну чечкен. Амундсендин чакан экспедициясы каражатты көп талап кылбаса да бир топ карыздар болуп калган. Анын карызынын көптүгүнөн карыз ээлери Амундсендин Йоа аттуу кемесин жолго чыгарбай көзөмөлгө алып коюшат. Жаш саякатчы өзүнүн достору менен жамгырлуу айсыз түндү жамынып Йоага түшүп, деңизге чыгып кеткен. Арыз ээлери жинденип кала беришкен.

Амундсен Руаль кийин, эң бактылуу жети деңиз каракчысы бардык коркунучтан кутулуп, Гренландияга бет алган - деп кийин бул окуяны көп эскерген. Бул 1903-жыл эле. Экспедиция үч жылга созулуп, Четки түндүктө үч жыл кышташат. Кайраттуу жети жигитке Арктика бүт каарын төгүп, муз курчоосуна жана штормго кабылткан. Ошентсе да саякатчылар магнит уюлунун так жайгашкан ордун аныктап, илимий материалдарды жыйнап, 1906-жылы аман-эсен Калифорниянын жээгине келип түшөт. Ошентип алар 400 жыл бою чечилбей келген маселени чечишти! Андан кийин башка экспедицияларды да уюштура баштайт. Амундсен 1911-жылы 14-декабрда Түштүк уюлга биринчи болуп жеткен, андан соң Норвегия дирижабли менен Арктиканын аба жолун изилдеп, алгачкы жолу Түндүк уюл аркылуу учуп өткөн. Экспедицияга өтө кылдат даярдангандыктан Амундсен ийгиликке ар дайым жетишип турган. Бардыгын алдын ала ойлонуштуруп, майда-чүйдөсүнөн бери калтырбай жыйнактуу иштеген адам гана женишке жетише алат, ушунда гана ийгилик болот - деп айтчу экен ал. Бирок тилекке каршы бир жолу ал бул сөзүнөн тайды.

1928-жылы Арктикада Италия дирижабли катастрофага учурайт. Экспедицияга жардам берүүгө муз жаргыч кеме Красин жөнөдү. Советтер Союзу, Швеция, Италия, Норвегиянын учкучтары кырсык болгон жерге шашылыш түрдө жөнөшөт. Жардам көрсөтүүгө ашыгып, Амундсен да самолёт менен учуп чыгат. Ал шашып жүрүп: Арктиканын үстүнөн шериксиз самолёт менен жалгыз учууга болбойт деген өз эрежесин өзү бузат. Бул учуунун арты жаман болду: Амундсен кайтып келген эмес.

Географиялык ачылыштардын тарыхында тайманбастыгы жана эрдиги жазылган даңктуу саякатчынын өмүрүнүн акыркы минуталары кандай өткөнүн, ал кандай окуяга дуушар болгонун эч ким билбей калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1019, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу