Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алтын тамыр

Кызгылт родиола (алтын тамыр, кызгылт тамыр, роза родиоласы аталыштарда дагы белгилүү) (латынча аталышы Rhodiola rosea) - көп жылдык өсүмдүк; Родиола түрүнүн Crassulaceae түркүмүнө кирет. «Алтын тамыр» аталышы анын тамыр сабакчасынын седептүү жалтырак, коло же эски алтындын түсүнө окшош болгондугунан чыккан. Экиге бөлүнгөн тамыры роза жыттанат.

Алтын тамыр
Илимий классификациясы
ДоменЭукариоттор
ДүйнөсүӨсүмдүктөр
БөлүмГүлдүүлөр
КлассЭки үлүштүүлөр
ТартипМорт таш гүлдүү
ТүркүмТолстянковдуу
ТукумРодиола
ТүрКызыл родиола
Эл аралык илимий аталышыRhodiola rosea L. (1753)

Россия Федерациясынын кызыл китебине киргизилген (3-категория; Красноярск, Алтай аймактары, Мадагадан облусу жана Тыва Республикасынан башка бардык ареал боюнча корголот).

Таралышы жана жашоо чөйрөсү

Муздак жана мелүүн климаттуу аймактарда өсөт, Түндүк Америка, Улуу Британия, Ирландия, альп тоо шалбааларында (Альпы, Пиренея, Карпаты) жана Памирде.

Россияда - Алтай, Урал, Якутиянын полярдан тышкаркы аймактарында, Чыгыш жана Батыш Сибирдин тоо аймагында, ошондой эле Алыскы Чыгышта, Ак жана Баренц деңиздеринин жээктеринде. Түрчөсү: Rhodiola rosea elongata (Ledeb.) H. Jacobsen

Ботаникалык баяндалышы

Кубаттуу горизонталдык тамыр сабакчасы жана ичке багыныңкы тамырлары бар көп жылдык суккуленттүү эки үйлүү өсүмдүк. Родиоланын бир нече түз туруучу сабаксыз бутактары (10-15шт.) бар, бийиктиги орточо 10-40 см, бир сабактуулары сейрек кездешет. Жалбырактары отурма, сүйрү жумуртка сымалдуу, эллиптикалык же учталган, өйдөңкү жагында бүтүн чектүү же араа тиштүү.

Родиола тамырлары

Топ гүлү калкан өңдүү, көп гүлдүү, гүлдөрү сары бир жыныстуу, төрт, сейрек беш мүчөлүү. Мөмөсү - түз туруучу жашылыраак көп жалбырактар. Гүлдөө мезгили — июнь—июль, мөмөсүнүн бышып жетилүүсү июль—август айларында жүрөт. Көбөйүүсү вегетативдик жана уруктар менен. Өсүмдүк жылуулукка жана күнгө аз талаптуу, бирок нымдуулукка талаптуу келип, жакшы агын нымдоого муктаж.

Биологиялык активдүү компоненттери

Алтын тамырдын жер астындагы бөлүгүндө окумуштуулар орточо 140 компонентти табышкан. Родиоланын тамыр сабакчасы жана тамырлары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Ошондой эле микроэлементтер табылган (гүл эмес, күлүндөгү өлчөмү % менен): марганец - 0,8 чейин, күмүш - 0,0002, цинк - 0,1, жез - 0,002 ж.б. Эфир майы химиялык заттардын негизги класстарынан турат: монотерпендүү көмүр суутеги (углеводород) (25,40 %), монотермендүү спирттер (23,61 %) жана түз багыттагы алифатикалык спирттер (37,54 %).

Ар кайсы өлкөлөрдө өстүрүлгөн алтын тамырдын тамыр сабакчасынын химиялык курамы айырмаланып турат. Мисалы, Болгарияда өстүрүлгөн алтын тамырдын эфир майынын негизги компоненти гераниол жана миртенол, Индияныкы - фенилэтил спирт, Кытайдыкы - гераниол жана октанол. Кабык спирти Болгариянын үлгүсүндө гана табылган.

Жер үстүндөгү бөлүгүндө органикалык кислоталар (щавель, алма, лимон, янтвар), фенолдор жана алардын туундулары (салидрозид), фенолкарбон кислоталары (галлдык, кофелик), кумариндер, ийлөө заттары, флавоноиддер (родионин, родионидин, родалин, родиолгин, родиолгидин) табылган.

Алтын тамырдын сабактарында госсипетин, радиолфлавонозид, галл кислотасы, транс-р-гидроксид кабыктуу кислота, р-тирозол чыккан.

Фармакологиялык касиеттери

Родиоланын спирт экстрактын Россиянын илимий медицинасында астениялык жана неврастеникалык абалдарда, тез чарчоочулукта, иш жөндөмдүүлүктүн төмөн болуусунда, психиатрияда нерв системасынын функционалдык ооруларында, соматикалык жана инфекциялык оорулардын реабилитациялык мезгилдеринде, ошондой эле дээрлик дени сак адамдардын жумуш жөндөмдүүлүгүнүн төмөн болуусунда борбордук нерв системасын стимулдоочу каражат катары колдонушат.

Тажрыйбалар көрсөткөндөй, салидрозид адам эритроциттерин кычкылдандыруучу стресстен коргоп, дененин стресске жана чарчоого туруштук берүүсүн жогорулатуучу жакшы адаптоген болушу мүмкүн. Булчуңдардагы экспериментте, салидрозид кычкылдануу стрессинин шартында гемопоэттик тамыр клеткаларын жоготууга жол бербейт. Салидрозид булчуңдардагы тажрыйбаларда гипогликемиялык активдүүлүктү, нейропротектордук эффектти көрсөткөн. Адамдын лимфосаркома клеткаларынын шишик метастазаларын басаңдатып, коксаки Б3 вирустарына каршы таасирге ээ. Салидрозид, розавин жана розарин борбордук нерв системасына дем берүүчү касиетке ээ.

Алтын тамырдагы госсопетин жана родиолфлавонозид, алтын стафилококко антибактериалдык эффект берип, простатит безинин рак оорусуна активдүүлүгүн, тамырлар экстракты, салидрозид жана розавин Neisseria gonorrhoeae гонорея таякчаларына актимикробдук активдүүлүгүн көрсөткөн.

Родиоланын суу-спирт экстракты баңги заттарга болгон көз карандылыкты азайтууга оң таасир этип, кайталап колдонуу тобокелин азайтат, апийим баңги затынын көз карандысыздыгынан дарылоого табигый эффективдүү каражат болушу мүмкүн. Алтын тамырдын экстракты чылым чегүүнү даарылоодо оң таасирлерин берген. Тамакты аш кыла албай калган учурларда родиола экстракты жана салидрозил стресске каршы дарылык касиети бар.

Андан тышкары бул экөөнүн нейропротекторлук таасири жок эмес. Экстракт адамдын жалпы тынчынын кетүүсүн төмөндөтөт. Кызгыл родиола дрозофилдердин картаюуусун басаңдатып, жашартуучу эффекттеги тассир этери, ошондой эле анын экстракты жана салидрозид адамдын табарсыгындагы рак клеткаларынын өсүүсүн тормоздойт (Liu et al., 2012). Алтын тамыр түрдүү антиоксиданттык, антидепрессанттык, ракка каршы жана башка фармакологиялык активдүүлүктөрү бар.

Тамырларынын экстрактынын сезгенүүгө каршы таасири да жакшы (Pooja et al., 2009). Экстракты, ошондой эле тирозол, салидрозид, розавин көрүнүп турган адаптогендик, альтеравдикке каршы аракетин көрсөтүп, органдардын ткандарынын жарааттарга резиденттүүлүгүн жогорулатат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй родиола препаратын кайталап алуу чарчоого эффективдүү келип, акыл-эс иш-аракетин жогорулатат (көбүнө эсе дени сак адамдардын концентрациясы), тынчсызданууну (коркуу) азайтат. Жеңил депрессия жана жалпы тынсыздануу менен жабыркаган бейтаптарда родиоланы колдонуу жакшы натыйжаларды көрсөттү. Родиоланы бир жолку кабыл алууда дозасына карабастан күчтүү адаптогендик жана антистресстик, нейролептикалык, ошондой эле курч стрессте иш-аракетин стимулдоочу натыйжа берген. 3 % розавин жана 1 % салидрозилди камтыган экстракты 6 жума кабыл алууда өнөкөт стресс таасирине да эффективдүү болгон.

Родиола препараттары антитоксикалык (уулуу кошулмаларга), антигипноздук жана антинаркотикалык таасирге ээ, эксперименталдык лейкоцитоздун, гипер- жана гипогликемиянын өнүгүшүнө жол бербейт, жаныбарлардын инфекцияга туруштук берүүсүн жогорулатат. Родиола экстракты, психостимуляциялоочу жана адаптогендүү касиеттердин айкалышынан улам, иш учурунда астенияга (алсыздык) тенденциясы бар, ден-соолугу чың адамдардын жогорку акыл-эсти талап кылган иштеринде баалуу каражат. Астенизация - жумуш мүмкүндүгүнүн төмөндөшү, уйкунун качышы, күндүзү уйкунун келүүсү, начар табит, кыжырдануу жана баш оорулар менен байкалат.

Родиола соматикалык жана жугуштуу оорулардан кийинки астеникалык абалдарда абдан натыйжалуу болот, алтын тамырды кабыл алууда мээнин чарчоосу төмөндөйт, шалдыроо жана күндүзгү уйкунун келүүсү (түнкү уйкуну бузбастан), эртең мененки алдын жоктугу жоголот, акыл-эс жана физикалык көрсөткүчтөр жакшырат, көңүл концентрациясы жакшыраак болот, баш оору азаят же жоголот.

Ошенип, алтын тамыр препараттары дени сак жана соматикалык же инфекциялык оорудан кийинки астениялык абалдагы бейтаптарга стимулдоочу каражат катары сунушталат; нерв системасынын функционалдык оорулары - ар кандай невроздордун формалары (неврастения, психастения), вегетативдик-тамыр дистониясы, гипотония, импотенция тибиндеги эркектердин сексуалдык бузулуулары.

Родиоланын тамырлары жана тамыр сабакчаларынан алынган экстракт стимулдаштыруучу болуп, динамикалык жана статикалык иштин көлөмүн олуттуу жогорулатат. Родиола препараттарын чарчоонун фонунда колдонууда жана оор физикалык жумуштарды жасоодо өзгөчө натыйжалуулуктун жогорулашы байкалат. Ошол эле учурда, родиола зат алмашуу процесстерин нормалдаштырат, энергия ресурстарын үнөмдүү керектөөгө жана алардын тез синтезделишине өбөлгө түзөт, углеводдорду гана эмес, майларды кычкылдандыруучу субстрат катары эрте колдонуудан улам булчуңдарда жана мээде энергия алмашуу жакшырат.

Мээр чөп (женьшень) препараттарына окшоп, родиола экстракты адапогендүү, ошондой эле коёндордогу гипер- жана гипогликемия, лейкоцитоз , лейкопениянын өрчүшүнө жол бербейт (Соколов, Замотаев, 1988). Эксперименттер көрсөткөндөй шишикке жана метастазага каршы таасир этет, башка цитостатиктердин аракетин күчөтөт, гипер- жана гипогликемия деңгээлин төмөндөтөт, калкан безинин функциясын жандандырат. Ошондой эле, алтын тамыр экстрактын жана тундурмасын колдонуу организмдин инфекцияларга, рентген жана иондоштуруучу нурларга, уулуу химиялык заттарга (бензин, ацетон, этил спирти, хлорофос, дары-дармектер ж.б.) туруктуктуулугун жогорулатат.

Келемиштерге 1мл/кг экстрактты 8 күн бою берүүдө алардын β-эндорфин чыгаруусу 4 эсеге жогорулаган. Эндорфин өндүрүүнүн жогорулашы стресс-коргонуу иш-аракет механизминин бири катары каралышы мүмкүн. Розарин, розавин, розиридин, розиндер салидрозилге аналогдуу касиеттерге ээ.

Колдонуу

Дары чийки заты катары родиоланын тамыр сабакчалары жана тамырын пайдаланышат (лат. Rhizoma et radix Rhodiolae roseae). Чийки заттарды гүлдөөнүн аягынан баштап мөмөсүнүн бышып жетилишине чейин даярдашат: казып алып, топурактан тазалап, суу менен жууп, чириген жерлеринен ажыратып, тилке кылып кесет. Кургаткычта 50—60 °С температурасында кургатат. Чийки заттын сактоо мөөнөтү 3 жыл.

Мээр чөптөн кем калбаган, адоптоген даары чөп катары бааланат. Медицинада жер үстүндөгү, ошондой эле жер астындагы бөлүктөрү колдонулат. Жер үстүндөгү бөлүгүнөн трахоманы дарылоочу кайнатмалар жана примочкалар даярдалат. Мындан тышкары тамыр сабакчаларын жүрөк-кан-тамыр, ичеги-карын, тери ооруларын, өпкө кургак учугун, сыныктарды жана башка көптөгөн ооруларды дарылоодо температураны төмөндөтүү, жалпы бекемдөөчү дары катары пайдаланылат.

Сыртынан басуучу же сүйкөөчү каражат түрүндө жарааттарды, конъюнктивитти, теринин кызарып чыккан жараларында, туюк жараларда иштетилет. Тамыр сабакчасынын ширесин сарык болгондо жана жараатты тазалагыч катары керетешет.

Өсүмдүктүн тамыр сабакчалары жана тамырлары тирозол, гликохид, родиолозид, эфир майларын, ийлөө заттарын, антрагликозид, алма, галл, лимон, янтар, щавель кислоталарын, лактондорду, стериндерди, флавонолдорду (гиперазид, кверцетин, изокверцетин, кемпферол), углеводдорду (негизинен глюкоза жана сахароза), липиддерди камтыйт.

Медицинада колдонуу

Элдик медицинада кызгылт родиола тоо оорусун жана кычкылтек жетишсиздигинде кеңири колдонулат. Жер астындагы бөлүгү тибет медицинасында жүрөк-кан-тамыр жана ичеги-карын ооруларын даарылоодо керектешет. Элдик медицинада тамыр сабакчаларынын кайнатмасы, тундурмасы метро- жана меноррагияда, ич өтүүдө, температура болгондо (лихорадка), баш ооруда, цингада, чарчоону жок кылууда жана жумуш жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, респераторлук инфекцияларда, диуретикалык каражат катары дагы, подаграда, кант диабетинде, анемияда, өпкө кургак учугунда, боор ооруларында, тиш ооруганда, ашказан ооруларында, малярияда, нерв ооруларында, импотенцияда, шалдыраганда, чарчаганда жалпы бекемдөөчү жана сергитүүчү каражат катары берилет.

Сыртынан (родиоланын тамыр сабакчаларынан ысыткыч, басуучу каражат, анын тундурмасы жана кайнатмасы) конъюнктивит, туюк жараларда, териге кызарып чыккан жараларында керектелет; ириң чыгаруу үчүн бүйлөөлөргө сүйкөө. Ширесин жараат тазалоочу катары пайдаланышкан; сарык болгондо, угууну курчутуу үчүн ичишкен.

Монголиянын элдик медицинасында алтын тамыр, сыныктарда, түрдүү жараттарда, өпкөнүн кургак учугунда, тери ооруларында, температураны төмөндөтүүчү жана жалпы бекемдөөчү катары колдонгон. Монголдордун малчылары (араттар) родиоланын тамыр сабакчаларын сууга же сорпого кайнатып, көтөрүм жана алдан тайган малга беришкен.

Алтайда кызгылт родиоланы нерв жана ашказан ооруларында сергитүүчү, ал эми кыйналууда (надсад), диабетте, булак (кулак эмес, орусчасы золотуха, скрофулёз) оорусунда, жатындан көп кан акканда температурага каршы каражат катары пайдаланышат.

Тамырларынан жана тамыр сабакчаларынан алынган экстракты Россиянын илимий медицинасында невроз, гипотония, шизофрения, физикалык жана мээнин чарчоосунда, вегетососудалык дистонияда, түрдүү оорулардын кийинки астениялык абалдарда пайдаланат. Алтын тамыр препараттары акыл-эстин, мээнин иштөөсүн, ошондой эле организмдин жагымсыз таасирлерге туруштугун жогорулатат.

Кызгылт родиола жыныс бездеринин жана бала төрөө органдарынын функциясына оң таасирин тийгизип, буга ылайык олигоспермия, импотенция, жыныс органдарынын кеч жетилүүсүндө, биринчи жана экинчи аменорейдде, аднекситти, эрте климаксты, фирбоз-кистоз мастопатияны, энелик бездердин поликистозун даарылоодо сунушталышы мүмкүн. Родиола препараттары репарация (айыгуу) процесстерин тездетет; жаракаттар, травмалар, сыныктар, ошондуктан операция алдындагы жана андан кийинки мезгилде колдонуу сунушталат. Элдик медицинада жер үстүндөгү бөлүгүнөн жасалган кайнатманы жана басуучу каражаттарды (примочка) трахома болгондо керектешет.

Косметикада

Медициналык клиникалык изилдөөлөрдө родиола экстракты адамдын сезимтал жана картайып бараткан терисинин жалпы абалын жакшыртуу менен оң таасир этээри белгиленген. Тамыр сабакчары менен тамырларындагы баалуу биологиялык активдүү заттардын болушу: розавин, тирозол, салидрозол, фитостерин, флавоноид, ийлөө заттары, эфир майы, микроэлементтер (марганец, күмүш ж.б.), органикалык кислоталар (янтар, алма ж.б.), кызгылт родиоладан жасалган экстракттар кремдерде колдонуу адамга көп кырдуу оң таасир ээ.

Алтын тамырдын экстрактысынан жасалган кремдер стимулдоочу жана адаптогендик касиети бар; картаюуу процессин басаңдатат, бүтүн организм жана теринин жагымсыз тышкы таасирлер комплексине каршлыгын жана туруктуулугун жогорулатат: патогендүү микроорганизмдерге, рентген жана иондоштуруучу нурланууларга, уу химиялык бирикмелерине ж.б. Алтын тамыр экстракты бар кремдер чарчоодо, стрессте, теринин дүүлүккөн, сезимтал жана жаракат алган убактарында өзгөчө эффективдүү. Мындай учурда алмашуу процесстери нормалдашып, клеткалардагы энергия алмашуу жакшырат, регенерация процесси тездейт, суунун трансэпидермиялык жоготуулары азаят, тери каптамынын барьералык (коргонуу) функциялары көбөйөт. Натыйжада теринин жалпы абалы жакшырып, картаюуу азаят, тери жашарат, кургактык жоголот, комфорт сезими пайда болот, депрессия деңгээли төмөндөйт.

Башка максаттарда колдонуу

Жер үстүндөгү бөлүгү тамакка кошулат, салаттарда пайдаланылат.

Интродукция

Тоо капталдарында өстүрүү үчүн Сарлык жана Тоолуу Алтай аймактарында 1970-1973-жылдары родиоланын табигый жана маданий өсүү шарттарын изилдөө максатында атайын аймактар белгиленген. Маданий өстүрүүдөгү тажрыйбаларда жалпы бадалдуулугу жана ассимиляциялоочу органдардын өлчөмү чоңойгону байкалган. Уруктуу өсүмдүктөр тамыр сабакчасынын салмагын дээрлик 20 эсеге көбөйтүп, кыш алдында урук менен көбөйтүү ыкмасы эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Алтын тамырды маданий өсүмдүктөргө киргизүү аны колдонуу жана сактап калуу перспективасына ээ.

Адабияттар

Жайгаштыруу: 2020-08-17, Көрүүлөр: 6003, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо