Асман мелжиген бийик тоолор. Аскалар. Көз уялткан ак кар, көк муз. Күр эткен көчкү менен жым-жырттык. Жер бетиндеги көрүнүшкө окшобогон ажайып дүйнө. Миңдеген жылдар бою ушул сырдуу дүйнө адамды өзүнө тарткан. Көп адамдар ак кардуу чокуларга чыгууга аракеттенишкен, бирок ал аракеттер ишке ашкан эмес. Мындан эки жүз жыл мурда швейцариялык эки киши Альп тоосундагы (Европадагы эң бийик тоо) Монблан чокусуна биринчи жолу чыгышкан. Ошондон баштап кыйынчылык менен жетүүчү тоо чокуларына чыгуу альпинизм деп аталып калган.
Бул эр жүрөк, кайраттуу, чыдамкай жана мыкты машыккан адамдын спорту. Ушундай адамдар гана ышкырган бороондо, отуз градустук аязда секунда сайын көчкү жүрүп кетиши ыктымал ак мөңгүлүү аска тоолордон адам бойлогус күрткү баскан тик капталдардан өтө алышат. Альпинист болуу оңой эмес. Адегенде узакка жана көшөрө машыгып, маршруттарды үйрөнөт, алгач татаал эмес чокуларга, анан акырындык менен бийик аскаларга чыгышат. Альпинисттер бардык эле адамдар жете албаган жерлерге чыгышат...
Тоодо бир кырсык болду дейли. Ошондо азыркы эң жаңы вертолёттордун бири да коно алгыс жер, бардык жерде жүрүүчү машиналар өтө алгыс зор мөңгү жаракалары болуп калышы мүмкүн. Мындай кыйын жерден өтүү альпинисттердин гана колунан келет. Алар өз жандарына карабастан, кырсыкка учураган адамдарды куткарууга дайым даяр турушат. Альпинисттердин кийим-кечелери, курал-жабдыктары башкача болот: шамалдан, жамгырдан жана кардуу борошодон сактоочу сырт кийими, шиш тамандуу бут кийими, аркан, муз тешкичи, бут кийимге бекитилген өзүнчө илмектери, аскага жана музга арналган илмектери, балка, чатыр, атайын жууркан-төшөктөрү бар. Альпинисттер көп учурда спорттук машыгууларын илимий изилдөө иштери менен айкалыштырышат. Алар бийик жерлердеги метеорологиялык станцияларда иштеп, тоодогу гидроэлектр-станцияларынын курулушуна жардам берет, 7 миң метрден ашкан бийиктиктерге илимий аппаратураларды орнотушат. Ленин атындагы чокуга (7134 ж, Памир) алгачкы жолу чыгышкан альпинисттерге спорттун эмгек сиңирген мастери, инженер-конструктор В. М. Абалаков жетекчилик кылган.
Андан кийин ал ушул эң бийик чокуга дагы эки жолу чыккан. Анын иниси, скульптор Е. М. Абалаков Коммунизм чокусуна (7495 ж, Памир) биринчи болуп чыккан. Памирдеги эң бийик чокулардын бири Е. Абалаков чокусу деп аталат. Кыргызстанда альпинизм боюнча алгачкы клубду 1927-жылы Караколдо тиш техниги Гречишкин уюштуруп, ал пролетардык туризм жана экскурсия коому деп аталган. 1936-жылы сентябрда кыргыз альпинисттери биринчи жолу Ала арча капчыгайындагы Комсомол чокусуна (4140 м) чыгышкан.