Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алгыр куштар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Алгыр куштар

Куш салып аң уулоону ата-бабаларыбыз илгертеден кесип кылып келишкен. Алгыр куштар менен аңчылык кылуу, аларды тапка келтирүү жөнүндө кызыктуу уламыштар айтылат. Аска-зоолорду мекендеген бүркүттөрдү, шамал менен тең жарышып учкан шумкар, ителги, карчыга, жагалмай, ылаачын, кыргый, турумтай өңдүү алгыр куштарды тапка келтирүү эбегейсиз зор эмгекти, шыктуулукту жана чыдамкайлыкты талап кылат. Бүркүт менен карчыга азыр да тапталып ууга салынып жүрөт. Алгыр куштардын бири - ылаачын. Ал анча чоң эмес, канаттары узун, куйругу кууш, тумшугу курч куш. Тоолордогу жарлуу аскаларда уя салат. Ургаачысы кыраандыгы, алгырлыгы жагынан өзгөчө айырмаланат. Жакшы тапталган ылаачын ар кандай илбээсиндерге тартынбай кол салат. Тоодак, кууларды имерип келип аткан октой тийип, таамай тээп түшүрөт. Шумкарды куш таптаган адамдар - мунушкөрлөр жакшы көрүп таптайт.

Шумкардын жүнү боз, ак чаар болот. Курсагында темгилдери бар. Жону, канатынын үстү каралжын. Аскаларда, бийик дарактардын башына уя салат. Каз-өрдөк, кекиликчил, коёндорду алат. Ителги да өтө алгыр куш. Ал каргадан бир аз чоң, жүнү саргыч же сары күрөң (кара күрөңдөрү да кезигет), боор жүнү агыш, ар кайсы жеринде кара-күрөң түстөгү сүйрү, майда темгилдери бар. Токойлуу талааларда, жарлуу, бийик дарактуу чөлдүү талааларда жашап, ошол жерлерге уялайт. Ителги түз качырып, күү менен келип таамай тебет. Жакшы тапталган ителги жапайы каз-өрдөк, кекилик менен чилди, коёндорду жазбай алат. Алгыр куштардын дагы бири - жагалмай кара-көк түстүү келип, зыпылдап тез учат. Чымчыктарды топ-тобу менен алдына салып айдап алат.

Кыйынчылык менен тапка келет. Турумтай жагалмайдан бир аз чонураак келип, абдан шамдагай болот. Анын эң кырааны куу кумпай деп аталат. Ал көлдөгү каз-өрдөктөрдүн, чүрөктөрдүн тамтыракайын чыгарат. Куу кумпайды көргөндө жору, таз-каралар корголоого жер таппай калышат. Өлкөбүздө зыянкеч кемирүүчүлөр жыл сайын дан эгиндеринин бөлүгүн жок кыла тургандыгын илимпоздор аныкташты. Алгыр куштар мындай зыянкеч кемирүүчүлөрдү, курт-кумурскаларды жок кылат.

Ошонусу менен талаадагы эгиндердин, бак жана короонун түшүмүн сактоого көмөк көрсөтүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2453, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо