Notice: Undefined variable: count_queries in /var/www/user18938/data/www/tyup.net/barak.php on line 42
Акындын жери — tyup.net
Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акындын жери

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Акындын жери
Акындын жери
Сөзү жана обонунун авторуАлымкул Үсөнбаев

Саймадай кооз жер экен,
Сай-сайы дайра көл экен.
Асман тирейт тоолору,
Атактуу Кетмендөбө экен.

Шары кыйын Шамшыкал,
Түгөнбөс туздун кени экен.
Айланасы Ала-Тоо,
Арасы толгон мөмө экен.

Алтын жаак жез тандай,
Акындын өскөн эли экен.
Алча, мисте, жангагы,
Айкалышып ийилген.

Аркар, кулжа төрдө ойноп,
Элиги кырда түйүлгөн.
Талаасы пахта, тоосу кең.
Бак-дарактар тигилген.

Эмгекчи дыйкан элдери,
Эпкиндүү ишке күжүрмөн.
Ортосу шаар, район,
Көргөндүн көөнү сүйүнгөн.

Бактылуу акын Токомдун,
Портрети илинген.
Оозунан шекер тамгандай,
Карап турсан түрүнөн.

Токтогул деген атына,
Толкундаймын бүгүн мен.
Адамдан чыккан жорго экен,
Айчылык жолго жүгүргөн.

Алтындай сөздөр чыкчу экен,
Ак тандай кызыл тилинен,
Күрөштөрдө дайым уткан.
Таң калчу экен адамзат,
Таншыткан нечен күүсүнөн.

Кетмендөбө кен арым,
Аралап Током өскөн жер.
Орунсуз жердей бай-манап,
Он беш жылга кескен жер.

Ак жеринен каралап,
Айылынан алыс кеткен жер.
Ага-иниси ыйлап буркурап,
Аман келгин дешкен жер.

Акыры иши ак экен,
Айланып элге жеткен жер.
Айдоодо жүргөн күндөр деп,
Арман кербез черткен жер.
Өчүн алып манаптан,
Талабына жеткен жер.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1918, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
3