Акт кантип жазылат

Салам, достор кезектеги "акт кантип жазылат" аттуу макалада акт жөнүндө кеңири айтып берүүгө аракет кылабыз, а силер болсо макала боюнча оюңарды комментарий жазып калтырсаңыз болот.

Уюмдарда, мекемелерде кайсы бир иштин ишке ашканы же болбой калганы, буюм-тайымдарды өткөрүп алышы, иш кагаздарынын кабыл алышы жана башка күбөлөндүрүү үчүн акт түзүлөт. Негизги максаты буюм-тайымдарды же эки адамдын ортосунда болгон чырларды, биринен экинчисине өткөрүлгөн баалуулуктарды тастыктоо болуп саналат. Акт түзүү бир канча көрүнүштөрдү өз ичине камтыйт. Мисалы, кампанын эсеби боюнча текшерүү жүргүзүлүп, буюмдардын канчасы чыгып, канчасы киргендигин текшерүү учурунда эмнелер бар экендигин аныктаган акт (атайын түзүлгөн коммиссия, же кампаны өткөрүүгө байланыштуу) түзүлөт.

Акт колдогу буюм-тайымдарды аныктоо, алардын баасын, санын көрсөтүү (кээ учурда тигил же бул табигый кырсыкка тиешелүү буюм-тайымдын жок же болбосо жараксыз болушун, имараттын жараксыздыгын жана башкаларды белгилөө) максатында түзүлөт.

Акт тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөндө, башкаруучу алмашылганда, болгон буюм-тайымдарды бирөөнөн экинчисине өткөрүүдө, курулган имаратты, жасалгаларды кабыл алууда, ар түрлүү машиналарды сыноодон өткөруүдө же өсүмдуктүн, мөмө дарагынын сортун, малдын жаны породасын кабыл алууда, буюм-тайымдарды эсепке киргизүүдө же эсеп-кысаптан чыгарууда, келген товарларды кабыл алууда же алар салынган идиштерди тартып көрүүдө (соода ишинде), табигый кырсыктан болгон залалды тактоодо, сот-тергөө иштеринде жана жашоо шарттарды аныктоодо түзүлөт. Ошентип, акт жогоруда аталгандар жөнүндөгү расмий документ болуп эсептелет.

Акт жазуу соода-сатык мекемелеринде, чарбаларда кеңири колдонулат. Ошондой эле тергөө иштерин жүргүзүүдө да акт жазылат, анткени тергөө учурунда тигил же бул буюм-тайымдын жетпей калышы, же ашып кетиши айыптоого же актоого факт катарында кызмат кылат. Айталык, соода-сатык уюмдарында тигил же бул буюм-тайым жетпей калганда, сатылган буюм-тайымдардын акчасы кемигенде, аларды аныктоо максатында акт жазылып, алардын себептери көрсөтүлөт.

Айрым учурда уюмда болгон мал-мүлктүн санын, тактыгын аныктоо үчүн алдын ала текшерүү жүргүзүлүп, ал акт жазуу менен жыйынтыкталышы да мүмкүн.

Ошондой эле мамлекеттик текшерүү комиссиясы тарабынан чарбадагы жараксыз буюм-тайымдарды эсеп-кысаптан чыгаруу кылуу максатында да акт жазылат. Чарбанын механизациясына байланышкан техниканы пайдалануу мөөнөтү бүткөндүгүнө ылайык, анын абалын аныктоо актысы түзүлөт. Мындай актыны мекеме жетекчиси тарабынан түзүлгөн комиссия жазат. Ал комиссиянын курамына өздөрү текшерип жыйынтык чыгарууга жөндөмдүү, башкача айтканда, текшериле турган буюм-тайым, механизмди билген адис адамдар киргизилет. Түзүлгөн актылардын негизинде күнөөлүүлөр тастыкталат, жетпей же ашып кеткен акча, материалдык байлыктын көлөмү же суммасы белгиленет. Ошондон кийин гана мекеме жетекчиси кимдир бирөөлөрдү кызматтан алуу, башка бирөөгө жаза берүү же сыйлоо жөнүндөгү буйругун чыгарат.

Актыны жеке адам да түзөт. Мындай учурда күбөлөрдүн текшерүүгө катышуусу жана түзүлгөн актыга кол коюшу талап кылынат. Мисалы, соода ишинде сатып алуучунун акысына кыянатчылык кылынса, сатуучу жана сатып алуучунун ортосунда түзүлгөн актыга башка сатып алуучулар да күбө катары кол койсо болот.

Акт жазуу ишине текшерилип, далилденип жаткан иштин жөн-жайын билген, аны менен тааныш болгон кишилер катышат.

Акт түзүүдө жетишпей калган акча, материалдык баалуулук жөнүндө баяндоодо "жетишпейт", "кем болуп калды" деген сыяктуу аныктамаларды колдонуу зарыл. Ал эми "жеп койгон", "өз пайдасына жумшаган", "бекитип алган", "уурдап алган", "сатып жиберген", "туугандарына берген" деген сыяктуу аныктамалар сот ишинин жыйыктыгында гана берилет.

Актынын реквизиттеринин жайгашуу схемасы төмөнкүдөй:

Акт жазуунун реквизиттери

Бул реквизиттер төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. Министрликтин, ведомствонун аталышы;
  2. Түзүмдүк мекеме;
  3. Иш кагазынын аты (АКТ);
  4. Дата, акт түзүлгөн жай;
  5. Иш кагазынын темасы;
  6. Акт түзүүнүн негизи;
  7. Актынын тексти;
  8. Тиркемелер;
  9. Актынын канча нускада даярдалганы жана ал нускалардын кимдерге берилгени;
  10. Биринчи тараптагы акт түзүүчүлөрдүн кызматы;
  11. Биринчи тараптагы акт түзүүчүлөрдүн колу;
  12. Биринчи тараптагы акт түзүүчүлөрдүн аты-жөнү;
  13. Экинчи тараптагы акт түзүүчүлөрдүн кызматы;
  14. Экинчи тараптагы акт түзүүчүлөрдүн колу;
  15. Экинчи тараптагы акт түзүүчүлөрдүн аты-жөнү;
  16. Күбөлөр: (алфавит тартиби боюнча тизмеленет);
  17. Күбөлөрдүн колу;
  18. Күбөлөрдүн аты-жөнү;
  19. Бекитүү белгиси (БЕКИТЕМИН);
  20. Жетекчинин кызматы;
  21. Жетекчинин колу;
  22. Дата

Акт түзүүдө жогорудагы реквизиттерге башка да реквизиттер, мисалы, аткарылгандыгы, тиешелүү адамдардын актынын мазмуну менен таанышкандыгы ж.б. белгилер кошулушу мүмкүн.

Акт түзүүчүлөрдүн айрымдары анын мазмунуна же айрым бөлүктөрүнө макул болбосо, коюлган колдордон кийин эскертилет. Макул эместик анчалык көп болбосо, коюлган колдун тушуна эле белгиленет. Айрым учурда актынын мазмунуна болгон макул эместикти комиссия мүчөлөрү атайын баракка да жазып бере алат жана ал актыга тиркелет.

"Акт кантип жазылат" - актынын жогорудагы айрым реквизиттери кээде пайдаланылбайт же башка реквизиттер менен алмаштырылышы ыктымал. Бул, негизинен, актынын өзгөчөлүгүнө жараша болот.

Актынын текстинин темасы актыда каралып жаткан материалдык байлыктын же окуянын өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлөт. Мисалы:

Бишкек шаарындагы Ленин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган Алтынбекова Бегайым Темирбековнага ушул бөлүмдүн мурунку башчысы Байсеркеева Алтын Аксариевнанын ишин тапшыруу жөнүндө
же
Илимдер улуттук академиясынын философия институтунун кадрлар бөлүмүндө көктөмөлөрдүн сакталышы жөнүндө

Акт ишти өткөрүп берүү, белгилүү бир мекемеде документтердин сакталышы, же чарбанын тийиштүү тармагындагы мүлктү каттоонун негизинде да жазылышы мүмкүн.

Актынын тексти далилденген (констацияланган) татаал түзүлүшкө ээ болуп, киришүү жана далилдөө бөлүктөрүнөн турат.

Актынын кириш бөлүмү жогорку органдардын нормативдик иш кагаздарын же ишкана башчысынын жазуу түрүндөгү буйругунун негизинде түзүлөт. Анда катышуучулардын, комиссия мүчөлөрүнүн курамы белгиленет.

Актыда ал кимдер тарабынан түзүлгөнү, ага күбөлөр (башкы түзүүчүлөрдөн сырткары, сунуштарын киргизгендер) да жазылат. Акт жазууга катышкан жеке инсандардын ээлеген кызматы, толук аты көрсөтүлөт. Эгерде актыны комиссия түзсө, биринчи комиссиянын төрагасы, андан кийин комиссия мүчөлөрү алфавит боюнча жазылат.

Актынын комиссия тарабынан далилденген, аныкталган бөлүгүндө ишке ашырылган иштердин максаты жана милдети, абалы жана өзгөчөлүктөрү (спецификасы) баяндалат, ишти аткаруу (жүзөгө ашыруу) жана ага негиз болгон далилдер көрсөтүлөт, аныкталган абалы белгиленет.

Актыга өтө керектүү көрсөтмөлөр менен сунуштар киргизилет.

Актынын текстинин акырында анын канча нускада түзүлгөндүгү көрсөтүлөт. Адатта, акт үч нускада түзүлүп, биринчиси жогорку органга, экинчиси мекеме жетекчисине, үчүнчүсү чарбанын (мекеменин) көктөмөсүнө тиркелиш үчүн тапшырылат. Акт түзүүнүн максаты, баарынан мурда, мекемеде текшерилген иштерде аныкталган кемчиликтерди жоюуга, тартипке келтирүүгө көмөктөшүү жана нормативди сактоочу көрсөтмө берүүнү уюштуруу болуп саналат. Эгерде актыга кошула турган тиркемелер зарыл болсо, алар актынын нускаларында негизги маалыматтан (тексттен) кийин, акт жазгандардын колунан мурда белгиленет.

Актыда көрсөтүлгөндөрдү тастыктоо үчүн комиссия мүчөлөрүнөн кийин күбө болгон адамдар кол коюшат. Бул учурда акт түзүүчүлөрдүн же түзүүгө катышкан күбөлөрдүн аткарган кызматы кайтадан (экинчи) көрсөтүлбөйт.

Актыга эң алды комиссия председатели, андан кийин комиссия мүчөлөрү, эн акырында актыны түзүүгө катышкан адамдардын колу коюлат. Комиссия мүчөлөрүнүн ошондой эле күбө болгондордун аты-жөнү алфавит боюнча жайгаштырылат.

Акт түзүлгөндөн кийин комиссия кол коючу адамдарды актынын мазмуну, мааниси менен тааныштырат. Таанышкандыгын күбөлөндүрүү максатында алардын колун койдуруп алат. Бул сөзсүз ишке ашырылышы керек.

Жогоруда белгиленгендей, акт түрдүү иштер боюнча түзүлөт, ошондуктан алардын мазмуну, түзүлүшү бири биринен өз ара айырмаланат. Ылдыйда алардын кээ бирлерин көрсөтмөкчүбүз.

Мекеме жетекчилери, материалдык жооптуу кызматкерлер алмашканда, ишти бири бирине өткөрүп берүү жана өткөрүп алууда түзүлгөн актыларда мекеменин ишмердигин так көрсөтө турган маалыматтар толук камтылышы зарыл, ал эми жетекчилер алмашкан убакта - пландалган иштердин негиздеринин иштеген көрсөткүчтөр боюнча аткарылышы, финансылык жана аткарылган иштердин сапаты (эмгек өндүрүмдүүлүгү, киреше, натыйжа, чыгымдардын саны ж.б.), келишимдердин аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар, кадрлар менен камсыз кылуу, эмгекке акы төлөө фондусунан пайдалануу, эсеп-кысап (бугалтерия) бөлүмүндөгү иштердин абалы, иш жүргүзүү, архивдик иштердин ал-абалы ж.б. толук чагылдырылат. Ишкана башчысы же башкы эсепчиси алмашканда - эсеп-кысап бөлүмүнүн иши ар тараптуу терең иликтенет; кадрлар отделинин башчысы алмашканда кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен кадрлар бөлүмүндө сакталуучу документтердин жалпы абалы аныкталат.

Төмөндө актылардын түрлөрүнүн үлгүлөрү берилет:

Кадрлар бөлүмүнүн ишине байланыштуу түзүлүүчү актынын үлгүсү:
Кыргыз Мамлекетинин тышкы соода
жана өнөр жай министрлиги
Бишкек шаарындагы
кийим тигүү ишканасы
БЕКИТЕМИН
Нарын шаарындагы кийим тигүү
ишканасынын мүдүрү
(колу) Т. Асылбеков
99.12.08
АКТ
1999-жылдын 6-сентябры
Бишкек шаары


Кадрлар боюнча инспектордун
ишин тапшыруу тууралуу

Негиз: Фабриканын деректиринин 2215-жылдын 3-сентябрындагы 105-номурлуу өкүмү.
Бул акт ишкананын мурунку кадрлар боюнча инспектору С. А. Салиева, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ш. Атаканов, иш башкаруучу Б. Ж. Бөлөкбаевдин катышуусу менен түзүлдү.
Ишканада кадрлар бөлүмүнүн инспектору болуп иштөөчү С. А. Дайырбекова ишти Р. К. Салиевага тапшырып, ал кабыл алды.
Жумушту өткөрүп берүү ошондой эле кабыл алуу учурунда төмөнкүлөр аныкталды:
1.Ишкананын жумушчуларынын бардыгынын өздүк иштери, картотекалары жалпы, милдеттүү тартипке келтирилген, толугу менен ордунда.
2.1996-жыл боюнча жазылган документтер ишкананын архивине тапшырылган. 1992-95-жылдардагы иш кагаздар ирээттелип, бирок бириктирилип тигилбестен, өз алдынча калган.

Кабыл алынгандар:
1.Кийим тигүү ишканасында иштеп жаткан 350 жумушчунун жана кызматкердин иштери;
2. Төрт (4) даана картотека;
3.1992-1995-жылдар үчүн 85 документ (санак тизмеге кол коюлду);
4.Архивге тапшырылган документтердин тизмеси;
5.Бишкек шаарындагы кийим тигүү ишканасынын мөөрү;
6.Кадрлар бөлүмүнүн мөөрү.
Тиркеме:
1. Ишканада иштеп жаткан кызматкерлердин (жумушчулардын) өздүк иштеринин санагы 10-бет, 2 нуска.
2. 1992-1995-жылдардагы документтердин санагы - 5 (бешөө), 3 нуска.

Акты үч нускада даярдалды. Анын:
1-нускасы ишкананын кадрлар бөлүмүнө;
2-нускасы бириктирилген кадрлар бөлүмүнө;
3-нускасы документтердин арасына тигип коюу үчүн берилди.
Ишти тапшырдым(Колу)С. Дайырбекова
Ишти өткөрүп алдым(Колу)Р. Салиева
Күбөлөр(Колу)Ш. Атаканов
(Колу)Б. Бөлөкбаев

Финансы-чарбалык тартиптин таасирдүүлүгүн көтөрүү тууралуу актыны, адатта, текшерүү жүргүзүүчү адам (текшерүүчү) түзөт. Мындай актылардын реквизиттери жогоруда үлгү катарында келтирилген акт сыяктуу даяр формада болбойт. Мында акт түзүүчү менен күбө болгондордон башка адамдар да актыга кол койсо болот.

Актынын тилинин стили ачык, так болуш керек. Актыда "азайганы, жетпей калгандыгы тастыкталды" - деп, анын суммасы жазылат. Кемип калуунун себеби көрсөтүлбөсө да болот.

Финансы-чарбалык ишкердүүлүктү текшерүү актысынын үлгүсү төмөнкүдөй:


Кыргыз Республикасынын
саламаттык коргоо башкармалыгы
Бишкек шаарынын
ден-соолук сактоо мекемеси
БЕКИТЕМИН
Бишкек шаарынын
205-дарыканасынын
башкы адиси
(колу) К.С. Асанбеков
АКТ
1999-жылдын 15-октябрыБишкек шаары
Бишкек шаарындагы
4-оорукананын буюмдарын
текшерүү жөнүндө

Мен, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлчү-текшерүүчүсү Бакыт Бектурович Бекмурзаев, министрликтин 1999-жылдын 4-октябрындагы №215 буйругун ишке ашыруу үчүн оорукананын башкы эсепчиси Салима Абдиевна Эсенованын жоопкерчилигиндеги (карамагында) буюмдарды текшердим.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:

1.Эмеректер, жылуу одеял төшөктөр эсеп-кысап маалыматтарына дал келди.
2.Ар бири 38 сом 90 тыйындык 40 шейшеп менен ар бири 42 сом 50 тыйындык 100 жаздык - бардыгы 7751 (жети миң жети жүз элүү бир) сом турган жабдуулар жетишпегендиги аныкталды.
3. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында төмөнкүлөр сунуш кылынды:
-Материалдык байлыктарды туура сактоо материалдык жактан жооптуу адамдарга өз убагында эскертилип турсун.
-Жетишпеген буюмдардын наркы С. А. Эсеновадан өндүрүлсүн.

Министрликтин
көзөмөлчү-текшерүүчүсү
(Колу)Б. Б. Бекмурзаев
Оорукананын башкы
эсепчиси
(Колу)С. А. Эсенова

Соода тартиби бузулгандагы акт төмөнкүдөй формада жазылат:
Ысык-Көл облустук
керек-жарак кооперативинин
башкармалыгы
БЕКИТЕМИН
Башкарманын төрагасы
(колу) А.С. Аташев
99.25.05
АКТ

1999-жылдын 6-майы
Түп кыштагында соода тартибинин бузулушу туурасында

Негиз: Түп районундагы Жылуу-Булак кооперациясына караштуу
№12 дүкөндөн товарларды сатып алууну тескөө жөнүндөгү
башкармалыктын 1999-жылдын 19-апрелиндеги №49-А буйругу

Текшерүүчү А. Идинов - комиссиянын төрагасы, райондук керек-жарак кооперациясынын башкы товароведи; мүчөлөрү - "Чынар" чакан ишканасынын товароведи Ч. Самаков жана "Миң түркүн" дүкөнүнүн эсепчиси С. Мусаева.

Сатып алуучулар Д. Ибраев, С. Бекмурзаева, К. Казиевдер Түп районундагы Жылуу-Булак керек-жарак кооперациясынын Жылуу-Булак азык-түлүк дүкөнүнөн сатып алган тамак-ашына контролдук текшерүү жүргүзүлдү. Дүкөн башчысы К. Саякбаева, сатуучу Ж. Алымбаева жана жогоруда аталган сатып алуучулар текшерүүгө эч кандай каршылык, нааразылык билдиришкен жок.

Сатылып алынган тамак-аштын салмагынын тууралыгын текшерүүдөн мурда керектөөчүлөр кандай товар алгандыктары, алардын салмагы (саны), төлөгөн акчасынын суммасын айтып беришти. Текшерүү үчүн сатып алынган тамак-аш товарларынын салмагын өлчөөгө К. Саякбаева, Ж. Алымбаева, Д. Ибраев, С. Бекмурзаева, К. Казиевдер катышты.

Сатуучу Ж. Алымбаеванын иш таразасында сатып алынган тамак-аш өлчөөгө алынды (тараза жана анын таштарына 1994-жылдын тамгасы коюлган). Таразанын туура орнотулушун текшерип жана тазалагандан кийин сатылып алынган тамак-аш азыктарын таразага ар бирин өзүнчө тартып, салмагы аныкталды: Д. Ибраев сатып алган 2 кг кант 1,900 грамм чыгып, 2 сом 50 тыйын ашык алынган; С. Бекмурзаева сатып алган каймак 100 грамм кем тартылып, 2 сом ашык алынган; К. Казиев сатып алган 5 кг пахта майы 150 грамм кем тартылып, 2 сом 75 тыйын ашык алынган.

Таразалап саткан тамак-аш азыктарынын кем тартылып, ашык акча алгандыгы жөнүндө сатуучу эч кандай далил келтире алган жок. Ошондуктан сатылган тамак-аш азыктарынын так аныкталган салмагы боюнча сатуучу Ж. Алымбаева эсеп-кысал ишин кайрадан жүргүздү.

Акт үч нускада түзүлдү:
1-нуска райондук керек-жарак кооперациясына жиберилди.
2-нуска "Чынар" чакан ишканасына жиберилди.
3-нуска азык-түлүк дүкөнүндө калтырылды.

Комиссиянын төрагасы(Колу)А. Идинов
Комиссия мүчөлөрү(Колу)С. Мусаева
(Колу)Ч. Самакова
(Колу)С. Бекмурзаева
Сатып алуучулар(Колу)Д. Ибраев
(Колу)К. Казиев

Достор, "акт кантип жазылат" аттуу макала аягына келди, ой-пикирлерди унутпагыла, каталар болсо айтып койгула.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)