Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жарыя кантип жазылат. (Обнародование)

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Жарыя кантип жазылат. (Обнародование)

Жакынкы убакта өтүүчү түрдүү иш-чараларды - бошогон вакансиялар, көркөмфильм, концерт берүү, жарманкелер, мекеме, ишканалардын ачылуу аземи тууралуу ошондой эле социалдык иштерди калкка кабарлап айтууда колдонулуучу иш кагаз - жарыя деп аталат.

Оозеки түрдөгү жарыя сыналгы, үналгылардан айтылат.

Ал эми "жарыя кантип жазылат", аны жарыя бөлүмдөрүнүн (реквизиттеринин) төмөнкү сүрөттөгү схемасынан таанышып алсаңыз болот:

Жарыя бөлүмдөрүн жайгаштыруу схемасы

  1. бөлүм иш кагаздын аталышы жазылат (Жарыя);
  2. бөлүм - жарыя тексти. Текст нуска, түшүнүктүү жазылып, сүйлөм мааниси логика иретинде жазылат;
  3. бөлүм - иш-чара болуучу күнү, жылы, сааты;
  4. бөлүм - иш-чара боло турган жер;
  5. бөлүм - иш-чара өтүшүнө тиешелүү кошумча маалымат.
  6. бөлүм иш-чара же акция, флэшмоб болобу, аны уюштурган коомдук уюм, мекеме же жеке ишкер. Жарыя жана кулактандыруу бөлүмдөрү, бирдей эле болот, бирок жарыяда аты жазылса, кээ бир учурда аталбай, өтө турган иш-чара түз жазылат.

Мисал 1:

Жарыя

2060-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Мамлекетинин өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министрлигинин кызматкерлери менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн пресс-конференциясы өткөрүлөт.
Пресс-конференция саат 14.00до башталат.

Көзөмөл боюнча
мамлекеттик инспекция

[ushka=seredina]

Соңку убакта жарыянын формасы башкача болуп, түрдүү формадагы жарыялар чыга баштады. Кээ бир түрлөрү төмөнкүдөй:

САТУУГА ТӨМӨНДӨГҮЛӨР КОЮЛАТ!

Бишкек шаарында жайгашкан "БГАТП" ААК акцияларынын пакетинин 70,05 пайызы, баштапкы баасы 5741,8 миң сом, кепилдик акынын суммасы 1148,4 миң сом.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди өткөрүү зарыл:

  • конкурка катышуу үчүн өтүнүч кат (заявка);
  • уюштуруучулук документтер (юридикалык жактар үчүн);
  • өтүнүч кат берүүчү жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн);
  • катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документ;
  • бизнес-план.
  • "жарыя кантип жазылат" - дегенди үйрөнүү

Документтерди тапшыруу мөөнөтү массалык маалымат каражаттарында жарыячанган күндөн тартып 1 ай.

Бишкек ш.
Эркиндик пр., 57, 1-6өлмө Сурап-билүү тел: 0(312)00-00-00

Рекламалык жарыялар ар кандай өлчөмдө жасалат. Сүрөттөр, кооз шрифттер, түстөр, баннерлер. Жарыядагы иш-чара ыктыярдуу. Кулактандыруудан айырмасы ушунда.

Окуу жайларына студенттерди кабыл алуу жарыясын үлгү катары берели:

Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият министрлиги

Кыргыз техникалык университети 1998-99-окуу жылында биринчи курска студенттерди кабыл алууну жарыялайт.

1.Күндүзгү бөлүм

Тоо-кен-геология факультети: пайдалуу кеңдерди жер алдында иштетүү; тоо-кен машиналары жана жабдуулары; геологиялык изилдөө жана чалгындоо; гидрогеология жана инженердик геология; чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын туура пайдалануу адистиктери боюнча
Технология факультети: консервалоо технологиcы; эт жана эт азыктарынын технологиясы; коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы; тамак-аш өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары; кездеме жана тор кийим технологиясы; тери буюмдун технологиясы жана конструкциясы адистиктери боюнча.
Өндүрүштү башкарууну автоматташтыруу факультети: техника системаларындагы автоматика жана башкаруу; өнөр жай жабдууларын жана технологиялык комплекстерин автоматташтыруу; эсептөөчү машиналар, комплекстер, системалар жана тармактар; маалымат иштөөнү жана башкаруу системасын автоматташтыруу; радио-электрондук каражаттарды конструкциялоо жана технологиясы адистиктери боюнча.
Энергетика факультети: электр станциялары; электр механикасы, электр менен камсыздоо; гидроэлектр станциясы адистиктери боюнча.
Бул бөлүмгө арыздар 25-июңдан 15-июлга чейин кабыл алынат.
Кирүү экзамендери 16-июлдан 28-июлга чейин жүргүзүлөт.

2.Кечки жана сырттан окуу бөлүмү.

Энергетика факультетинин кечки системасы боюнча: техникалык системалардагы автоматика жана башкаруу; өнөр жай жабдуулары жана технологиялык комплекстерди электр өткөрүү жана автоматташтыруу; электростанциялар адистиктери.
Машина куруу боюнча. машина куруу технологиясы; металл кесүүчү станоктор жана аспаптар адистиктери.
Сырттан окуу боюнча; электр менен камсыздоо; техникалык системалардагы автоматика жана башкаруу адистиктери.
Кечки жана сырттам окууга арыздар 16-июлдан 30-июлга чейин кабыл алынат.
Кирүү экзамендери 1-августтан 14-августка чейин жүргүзүлөт.

Арыздарды кабыл алуу
Университетке кирүү үчүн тийиштүү документтер
Университеттин атайын бланкына абитуренттин тандаган бөлүмү көрсөтүлгөн арызы; орто билими жөнүндөгү документи; №083 - У формасындагы медициналык справка; 3x4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт.
Документин өткөрүү учурунда талапкер паспорт же өзүн күбөлөндүргөн башка документтерин көрсөтөт.

Кирүү экзамендери
Экзамен абитуриенттин калоосу боюнча кыргыз же орус тилинде жүргүзүлөт. Экзамен жалпы орто билим берүүчү мектептердин программасы боюнча тапшырылат. Тоо-кен-геологиялык (чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын туура пайдалануу адистигинен тышкары); машина куруу, энергетикалык, өндүрүштү башкарууну автоматташтыруу, технология факультетинин тамак-аш өндүрүшүнүн машиналары жана аппараттары адистиктерине талапкерлер метематика менен физикадан экзамен беришет. Технология жана тоо-кен-геология факультетинин чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын туура пайдалануу адистигине химия жана математикадан экзамен тапшырышат. Тандап алган адистигине карабастан, бардык талапкерлер кыргыз же орус тилинен жазуу жүзүндө экзамен тапшырышат да, ал "жарайт", "жарабайт" түрүндө бааланат.
КТУга кирүүчүлөр бардык экзаменди жазуу жүзүндө беришет.
Айрым адистиктер боюнча экзаменди ЭЭМде тапшырат.

Кабыл алуудагы жеңилдиктер
Университетке кабыл алуу абитуриенттин кирүү экзамендериндеги алган баллдарынын жалпы суммасы боюнча конкурс менен жүргүзүлөт. Орто мектепти алтын медаль менен бүткөн абитуриенттер математикадан, технология факультетине (МАПП адистигинен башкалары) химиядан экзамен беришет. Жогорку балл алгандар башка экзамендерден бошотулат жана Жогорку окуу жайына өтүшөт. Ал эми оң баа алгандар бардык экзамендерди тапшырышат. Атайын орто окуу жайын же орто билим берүү базасындагы кесиптик-техникалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөндөр кесибине ылайык адистикке тапшырганда жогоруда көрсөтүлгөн тартип колдонулат. Алган баллы тең болгондо окууга өтүү артыкчылык укугуна кийинки үч жылда запаска бошотулган аскер кызматкерлери; эки жылдан ашык эмгек стажы барлар; ата-энеси жок жана кароосуз калгандар, 1- жана 2-топтогу майыптар (врачтык-эмгек эксперттик комиссиясы тандап алган адистикте окуп кете алат деген корутунду чыгарса) ээ болушат.

Кабыл алуу комиссиясынын дареги:

720022, Бишкек шаары, Тынчтык проспектиси, 66.
Маалымат алуу телефондору: 44-42-85

Ар бир жогорку окуу жайы өзүлөрү даярдай турган адистиктер, ага кирүү экзамендерин тапшыруучу сабактар, жеңилдиктер ж.б. жөнүндө тиешелүү маалыматтарды жарыяда толук көрсөтөт.

Кызматка конкурстук негизде кабыл алуунун шарттары да жарыяларда берилет. Кызматка алуу жарыясы

Кыргыз Республикасынын билим, илим жана маданият министрлиги
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети

Кыргыз тили жана анын методикасы кафедрасынын башчысынын бошоп калган ордун ээлөө үчүн конкурс жарыялайт. Конкурстун мөөнөтү 25-сентябрга чейин. Конкурска тийиштүү документтер толук даярдалып, төмөнкү дарекке жиберилсин. Каракол шаары, 1-май көчөсү, 25-үй, 110-бөлмө, кадрлар бөлүмү.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.

Билдирүү дагы жарыянын бир түрү болуп, анын жалпы окшоктуктары бар.

Жаш кабарчылардын эсине!
"Асаба" гезитинин алдындагы жаш кабарчылар университетинин кезектеги сабагы 10-май күнү сааат 13.00дө редакциянын имаратында өткөрүлөт.

БИЛДИРҮҮ

Ушул жылдын 20-майында саат 16.00дө Кыргызстан жазуучулар биримдигинин залында "Байчечекей", "Ала-Тоо" журналдарынын жана "Асаба", "Кут билим" гезиттеринин редакция кызматкерлери менен жолугушу өткөрүлөт.

Каалагандарга эшик ачык

Жарыя бардык эле учурда расмий түскө ээ болбостон, азил-тамаша же болбосо жарнама түрүндө түзүлүшү да мүмкүн. Мындай жарыялар окурмандын кызыгуусун пайда кылат.

Көңүл бургула! Көңүл бургула!

Жаңы жылды тосуу кечесинде азил - тамаша, күлкү, көңүл ачуучу ырларды жана бийлөөнү сунуш кылабыз. Кездешүү жайы Станок куруу заводунун сарайы. 28-декабрда саат 17.00дө чыныгы күлкүнү сүйбөгөндөр сарайга кирбейт.

Кесипчилик комитети

Концерт, кинофильм жана спектаклдер жөнүндөгү жарыялар, адатта, афиша деп аталат. Албетте, азыркы афишалар, шумдуктуудай графикалык сүрөттөр менен жасалат дагы расмий эрежени эч ким эске албайт. Ошондой болсо да афишанын жазылуу мисалын көрсөтүп коелу.

Урматтуу бишкектиктер жана меймандар!

"Кыргызконцерт" фирмасы жана М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театры Сиздерди 15, 16, 17, 18-декабрда Кожомкул атындагы Спорт сарайында төкмө акындар Э. Турсуналиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев, Т. Актанов, куудул Күмөндөр Абыловдун концертине чакырат. Концертке М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын өнөрпоздору - Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Т. Жумакаева, артисттер Б. Өмүрова, 3. Акылова, С. Көгөева, куудулдар М. Сагынбаев, К. Мамыркановдор катышат.

Концерт кечки 18.00дө башталат.
Жамааттык суроо-каттар кабыл алынат.
Сурап билүү телефондору: 22-38-28, 22-34-84.
Кыргызконцерт

Афишалар, адатта, көркөм кооздолуп, анда спектакль жана кино-фильмдин аталышынан тышкары пьесанын, кинофильмдин айрым бир каармандары же алардагы кээ бир окуялардын көрүнүштөрүнүн элеси чагылдырылат. Кооздолгон мындай афиша көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп, алардын кызыкчылыгын арттырууга жардам берери шексиз.

"Жарыя кантип жасалат" деген сурооңузга кичине болсо да жооп бердик деп ойлойбуз. Маалыматтар "Иш кагаздары, мамлекеттик тилде иш жүргүзүү" китебинен алынды.

Жайгаштыруу: 2018-10-25, Көрүүлөр: 27857, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-10-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо