Мөөрдү Жантай алганы күйөөлөп келип калат. Болот - Мөөрдүн бир тууган жээни, "Мөөр" - Болоттун бир тууган тай эжеси. Экөө үйлөнүүгө убадалашат. Ага жеткирбей Жантай алып кете турган болгондо, Соңкөлдө жылкы багып жаткан Болотко "Мөөр" бир баланы жөнөтөт. Aт тердетип келген баланын түрүн көрүп, Болот: - Сен соо келген бала эмессиң жай-маанинди эртерээк айткын - десе бала: - Түндө жатарда жүрөгүм дей түшүп, таңга маал "Мөөр" өлүп кетти. Ошого кабарга келдим - дейт. - Жаагың сын, мени таштап Мөөр өлбөйт - деп Болот жооп берет. - Эмесе, дагы бир айтар кебим бар. Өлгөндөн жаман эмеспи, Жантай баатыр Мөөрдү алып кеткени жатат - дейт.
- Мени таштап Мөөр Жантайга барбайт - дейт Болот. - Андай эле ишенбей турган болсоң, айтышкан сөз, алышкан колум бар эле, эч болбосо келип мени көрүп калсын деп, мына бул жоолукту берип жиберди - деп койнунан сары шайы жоолукту алып, бала Болотту көздөй ыргытып жиберет. Камчы сап менен илип алып караса, Мөөрдүн сары шайы жоолугу экен. - Анда менин өлгөнүм ошол, Мөөрдөн ажырап жылкы багып талаада жүрөмбү - деп ат токуп минип алып, бала экөө Жумгалга жөнөйт. Намаздигер, иңирдин арасында, киши таанып, тааныбастан Жумгалга кирип келет. Болот келди, деп Мөөргө кабар жеткенде Мөөр эшикке беш жеңесин чыгарат. Эч кимге көрсөтпөй далдалап, ортого курчап алып киргиле. Беш аял ортого алып кирип, эки аял Болоттун үстүндөгү эски кийимдерин чечиндирип, босогодон жаңы кийим кийгизип, көшөгөнүн ар жагын чечип туруп, Мөөрдүн үстүнө Болотту киргизип жиберет. Мен кеттим, сен калдың, - деп Болотту кучактап алып, Мөөр солкулдаса, артынан Болот да кошо ыйлайт.
Мөөрдүн ыйлап айтканы: Соң-Көлдүн башы тал менен, Соодагер өтөт ээ мал менен, Солкулдап ыйлап баратам Зордукчу Жантай чал менен. Кеминдин башы тал менен, Кербендер өтөт мал менен, Кейип ыйлап баратам, Кеминдик Жантай чал менен. Жолборско изиң чалдырдың, Жоруту жакшы Мөөрүңдү, Жорудай чалга алдырдың. Ак шумкар шаңшыйт кыядан, Ак туйгун учат уядан. Атамдай болгон картаң чал, Мени алганына уялам. Ак Мөөр деген кыз бар деп, Бул чал кайдан чыга калды туурадан.
Берметтей жүзүм кал басып, Түбү келип мен болдум го куураган. Ай далымда колоң чач, Тарабай кетип баратам. Артымда көйкөл сен калдың. Карабай кетип баратам. Алтын жанды куу чалга, Баалабай кетип баратам, Алтыным сени көрүштү. Санабай кетип баратам. Алты катын байбиче Айдап жүрүп күң кылар, Алтын баш чыкпас ордосуң Аман кал Болот, сен мында.
Алты жыл күтөм жол карап, Алты жылда келбесең, Алганың ошол кыз каалап. Мөөр ушуну айтып бүткөндөн кийин Болот: - Сен ыйлап баратсаң, мен жыргап калып жатыптырмынбы - деп Болоттун сокур көзүнөн сокур булак жаш чыгып, Мөөрдү кучактап алып Болоттун сөз баштап турган жери: А, Мөкөм, акак бир тилдүү ай жүздүү Айда бир көрсөм жылдыздуу Ай чырайлуу жамалды, Арзысам сендей табамбы? Азабыңа мен калып, Сени, аксакал Жантай чал алды. Күкүк тилдүү, күн жүздүү. Күндө көрсөм жылдыздуу Күн чырайлуу жамалды, Күйгүзүп Жантай чал алды. Күйүгүңө мен калдым Күйсөм оо, сендей табамбы?
Ак Мөөрүм сенден айрылып, Азаптуу күндө турамын. Кийгениң кытай кырмызы, Сага кимдердин түшпөйт жылдызы. Кыңырган чалга жакпаптыр, Кыргыздын канча миң кызы. Ак Мөөр деген кыз бар деп, Жактырган гана сендей нур кызды, Жылдызын колдон түшүргөн, Түбү жигиттин болдум муңдуусу. Мөөрдү Жантай алып кетет. Алты жылдан кийин Болот Мөөргө бир жолугуп кабар алып келип, анан аял алыштын камын кылайын деп, Жумгалдан чыгып Кеминге барса Жантай жок экен, беш күн Мөөрдө мейман болуп жатып, алтынчы күнү кетейин деп аттанып чыгып баратса, бир куржун бөктөрүнчөктүү адам кетип баратат.
Астынан тосуп чыгып кайдан келе жатат элең десе: - Жантайдын жигити элем, Жантай үйүнө түштү, үйүмө баратам - дейт. - Ой, Жантай келдиби? - Келди. - Жантай келсе мынча келгенден кийин Жантай менен Мөөр экөөнүн отурушу бири-бирине ылайык бекен көрүп кетейин, ажалым жетсе Мөөр үчүн өлүп кетейин - деп кайра бура тартып, камчыланып жөнөйт. Жантай менен Мөөр отурган үйгө бастырып келип, аттан түшүп, атты кырчоого байлап, камчыны сүйрөп Жантайдын үстүнө кирип барып: - Ассалоуму алейкум баатыр, аман-эсен келдиңби?
- Ой, сен ким элең, ороңдоп мага салам берген? - А мен. - Мен деген ким? - А мен өзүм. - Өзүм деген ким? - Ал мен - Болот. - Кайсы Болот? - Алдагы Мөөрдүн жээни Болот. - Баягы сокур жылкычы сенсиңби? - Дал ошонун өзү мен. - Кана эмесе отургун - деп жанына отургузуп алып - башка кепти коюп эле баягы мен алганы барганда Мөөрдү кошуп бир ырдапсың. Ошону бир ырдап бергин - дейт. Ошондогу Болоттун ырдаганы: Эр Жантай, арстандык кылсаң кечерсиң, Арстандык жайың жок болсо.
Алмадай башым кесерсиң, Кандык кылсаң кечерсиң. Кандык жайың жок болсо, Менин кара башым кесерсиң. Кызышып жүрөр чагымда, Кыз Мөөрүмдөн айырдың. Кыйноосунда мен калдым, Аргымак атын коштоттуң. Ак Мөөрүмдөн айрылтып, Азаптуу Жантай, боздоттуң. Дубанга чаптың күлүктү, Тобурчак атын коштоттуң Толмочуман айрылып, Тозоктуу Жантай боздоттуң. Жантай, ачпадың менин көөнүмдү. Ак Мөөрүмдөн айрылып Сен саргайтып салдың көгүмдү.
Бербесең да, берсең да, Бир айтайын сага жөнүмдү. Арстандык кылсаң руксат бер, Эртең ээрчитип кетем Мөөрүмдү. Кашкарга карап жол кетет, Каптаган калың кол кетет. Карып деле калыпсың. Кайтарып берсең канетет? - деген экен.