Биз эч кимге айтпай бул күнгө даярданып апа, чоң эне, эже-карындаштарыбызга, мугалим эжейибизге, классташ кыздарга белек камдай баштайбыз. Бул күнү бардык эркектер кары-жаш дебей (60, 30 же 10 жашта болобу) бардык аялдарга өзгөчө көңүл буруп, кам көрүшөт. Анткени бул күн - 8-март - дүйнөдөгү бардык аялдардын майрамы. 1910-жыл, Дания, Копенгаген шаары, Аялдар укугу үчүн күрөштө алардын күчүн бириктирип жапырт аракет кылуу жөнүндө сүйлөшүү үчүн бул жерге көптөгөн өлкөлөрдөн өкүл болуп аялдар келген. Дүйнөнүн бардык жерлеринде аялдардын абалы эркектерге караганда кыйын болгон. Алар эркектердей эле эмгектенишсе да акыны бир топ аз алышкан. Врач, юрист, инженер болууга укуксуз болуп, кээ бир жерлерде аялдарга окууга такыр мүмкүндүк берилген эмес.
Айрым өлкөлөрдө аял эркектерге жүзүн көрсөтпөөгө, эркек менен бирге тамактанбоого тийиш эле. Оор түйшүк, басырынып үмүтсүз жашоо - мына ушулар аялдардын үлүшү болчу. Аялдардын Копенгаген конференциясында немец революционери, Германия коммунисттик партиясын негиздөөчүлөрдүн бири Клара Цеткин аялдардын эл аралык күнүн - бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теңсиздикке каршы күрөштөгү, өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн белгилөөнү сунуш кылды. Бул үчүн 8-март кокусунан тандалган эмес. 1908-жылы 8-март күнү эртең менен Нью-Йорктун аялдары иш таштап, шаардын көчөлөрүнө чыгышкан. Жамгыр төгүп турганына карабастан демонстрацияга чыккандар улам көбөйүп топтоло берди. Көпчүлүгү балдарын көтөрүп алышкан. Нью-Йорктун жумушчу аялдары адилеттик, эркектер менен тең укукту талап кылган. Полицияга демонстрацияны кууп таркатууга буйрук берилди. Аялдарга шлангадан сөөк какшаткан муздак, кир суу чачышты, бирок эч ким чегинип качкан жок. Бул окуяны эскерүү иретинде, Нью-Йорктун эмгекчи аялдары менен тилектештиктин, пикирдештиктин көрүнүшү катары 8-март Аялдардын эл аралык күнү болуп калды.
Алгачкы ирет бул күн Европадагы бир катар өлкөлөрдө 1911-жылы, ал эми Россияда 1913-жылы белгиленген. Биздин өлкөбүздө бардык апалар урматтуу, бардык энелер кымбаттуу. Ошондуктан кандайча эркектердин укугу бир башка, аялдардын укугу бир башка боло тургандыгын элестете да албайбыз. Бардыгы тең өзү каалаган окуусунда окуп, тандаган кесиби боюнча иштей алат. Аялдардан чыккан химик, математик, актриса, журналист, хирург, судьялар жөнүндө силер өзүңөр деле билесиңер. Аялдар эркектер менен тең катар эле мамлекеттик бийлик органдарында иштешет, ишканаларды, мектеп, ооруканаларды башкарышат. Биздин өлкөдө Аялдардын эл аралык күнү майрам катарында белгиленет. Азыркы кезде да аялдар дүйнөнүн бардык жеринде эле эркектер менен тең укукта деп айтууга болбойт.
Көп өлкөлөрдө аялдардын эмгек акысы эркектердикине караганда дагы эле төмөн. Аялдарга каалаган кесибин тандап алууга тыюу салуучу сокур ишеним алигиче өкүм сүрүгөн өлкөлөр жок эмес.