Ар мезгил аялдын сулуулугун ошол мезгилдин жашоо шартына, үрп-адатына ылайыктап ырдап жана сүрөттөп келген. Алсак, XVI кылымда Француз жазуучусу Пьер де Бурдей өзүнүн «Келбеттүү айымдар» деген трактатында мындайча айткан экен:
«Чын - калпын билбейм, бирок испандыктардын ишендирүүсүнө караганда төрт тарабы төп келишкен сулуу аял, сулуулуктун 30 белгисин өзүндө алып жүрүшү керек экен.
Алар үч ак нерсе - тери, тиш, кол;
үч кара нерсе - көз, каш, кирпик;
үч узун нерсе - бел, чач, кол;
үч ичке нерсе - эрин, бел, кызыл ашык (лодышка);
үч толук нерсе — ийин, балтыр, жамбаш ж. б. болуп отуруп, отузга чейин жетет...:»
Андан бери канча кылым, канча мезгил өтгү. Бирок, кантсе да, адам идеалын эч качан жөн эле капыстан пайда боло калган бир нерселер катары кабыл алууга болбойт. Себеби, алар ошол адам жашаган мезгилдин талабына, жашоо шартына, ишгеген ишине, көнүмүш адаттарьша байланыштуу пайда болгон.
Күлүк аттай зуулдаган биздин заман дагы өз идеалын чагылдырат. Ага ал 30 талап дагы аздык кылчудай. Бул: аялзаттык, сүйкүмдүүлүк, келбеттүүлүк, ишмердүүлүк, эң негизгиси, чың ден соолук, таза дене. Адам сулуулугунун ар кыл жакшы сапаттары бири-бирине үн алышып, төп келишип турушу зарыл тура. Буга татынакай кармалган өң-түс, келбет, кол, чач, кийим жарашыгы, маданияттуу жүрүш-туруш, сүйлөө манерасы, мейман күтө билиши жана башка ушул сыяктуу көп нерселер кирет.
Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.
Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.