Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Афанасий Никитин

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Афанасий Никитин

1466-жылы күзүндө Ширван хандыгынын элчиси Москвадан мекенине жөнөп жатты. Муну Тверь шаарындагы орус көпөсү Афанасий Никитин билип калат. Ширван хандыгы Каспий деңизинин түштүк-батыш жээгинде жайгашып, чыгыштын көптөгөн өлкөлөрү менен соода жүргүзүлүп турган. Никитин элчинин кербенине кошулуп Ширванга барып, ошол жерде соода кылууну чечет. Элчиге кошулуп жол жүрүү коркунучсуз эле. Анткени анын кайтаруучу аскерлери, ар кайсы өлкөлөрдүн аймагынан өтүүгө уруксат кагазы болгон. Афанасий Никитин эки кемени жабдып, башка көпөстөр менен бирге Нижний Новгород шаарына сүзүп кетет. Бул жерде ал элчини күтүп, ага кошулат да Волга дарыясы менен ылдый көздөй жөнөйт. Жолдо саякатчылар көптөгөн окуяларды баштан өткөрөт. Аларга татарлар кол салып, мүлкүн талап кетишет. Каспий деңизинде катуу бороондо кемелердин бирин толкун жээкке шилеп салып, андагы көпөстөрдү жергиликтүү эл туткунга түшүрөт.

Никитинге оңдой берди болуп элчинин кемеси менен Ширванга жетет. Бул жерде жолдошторун туткундан куткарып алганча бир жылдай турат. Андан кийин башка өлкөлөрдөн таалай издөөнү оң көрөт. Мекенине кайтып бара алмак эмес, анткени сатуу үчүн камдаган товарларынын көбүн карызга алган. Бакуга барып бир аз акча тапкандан кийин ал Каспий деңизинин түштүк жээгине - Персияга жетип, байыркы кербен жолу аркылуу Ормуз шаарына келет. Бул шаар Индия, Кытай, Египет, Кичи Азияга барчу соода жолдорунун тоому эле. Ормузда Никитинди тропик аптабы, катуу керимсел шамал, ичилчү сууну чаначтап тоого артып ташуу, таманды күйгүзгөн таш көчөгө килем же бойро төшөө салты аябай таңдандырган.

Бул жактын асыл тукум жылкылары Индияда аябай жогору бааланган. Ошондуктан ал жакка жылкы алып барып сатып турушкан. Никитин бир мыкты ат сатып алып, мык кадалбай курулган Тава деген чоң кемеге түшүп Араб деңизи аркылуу Индияга жөнөгөн. Алты жумага созулган бул жол жүрүү өтө кыйын жана коркунучтуу болгон. Никитин Чауле шаарына (азыркы Бомбейден түштүгүрөөктө) келип түшкөн. Индияда үч жылча жер кыдырган. Өзү көргөн кызыктуу нерселердин баарын күндөлүгүнө жазып жүргөн. Күндөлүгүндө узун чачтуу, капкара болгон жергиликтүү адамдар жөнүндө, байлар менен акимдердин (княздардын) өтө асем кийингени, ал эми карапайым калктын дээрлик жылаңач жүргөндүгү, султандын ашкере салтанаттуу жол жүрүшү (аны коштогон миң аскери жана алтын жалатылган үртүк жабылган 300 пили болгон) жана башкалар тууралуу жазылган. Никитин өзү да жергиликтүү элге кызык көрүнгөн.

Анын артынан топтошуп ээрчишип, бул жердеги элдикине окшобогон кийимин, ак саргыл жүзүн, жээрде сары чачын таңданып карашкан. Афанасий Никитиндин үч деңиз аркылуу сапары ушинтип бүткөн. Анын күндөлүк дептерин көпөстөр Москвага алып барып, Иван III падышанын башкы катчысына беришкен. Катчы дептерде жазылгандарды жыл баянына киргизүүгө буйрук кылган. Афанасий Никитин Европадан барып, алыскы Индия жөнүндө так жана толук маалымат алып келген алгачкы адамдардын бири болгон. Анын Үч деңиз аркылуу сапары көп тилдерге которулган. Саякатчы Индияда көп нерсени көрүп билген.

Мисалы, асмандагы жылдыздар Индияда Орусиядагыга караганда башкача жайгашкандыгын баамдаган. Көптөгөн инди үй-бүлөөлөрү менен достошуп, калктын үрп-адатын, кулк-мүнөзүн байкаган. Күн өткөн сайын ал өз мекенин көбүрөөк эстей баштаган. Мен үчүн дүйнөдө ага теңдеш бир да өлкө жок - деп сагынычтуу ойго баткан. Ошентип жүрүп акыры атын кымбатка саткандан кийин, 1472-жылдын башталышында мекенин көздөп жолго чыккан. Никитин өз сапарындагы үчүнчү деңиз - Кара деңиз аркылуу кеме менен бир ай дегенде Кафа (азыркы Феодосия) шаарына келет (буга чейин ал эки деңизден - Каспий жана Араб деңизинен кандайча өткөнүн биз билебиз). Кафада Никитин орус көпөстөрүн жолуктуруп, алар менен бирге Тверге жөнөйт. Бирок ал өзүнүн туулуп өскөн шаарын көрбөй калат. Жолдо баратып Смоленск шаарына жакын жерде дүйнөдөн кайтат.

Бул 1472-жылдын аяк чени эле.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 7774, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу