Аборт деп бооз малдын түйүлдүк төлүнүн жоюлуп кетиши айтылат. Аборт жатындын көндөйүндө түйүлдүктүн сорулуп кетиши, өлүк төлдүн чыгышы же эзилип кетиши, чириши жана төлдүн катып калышы менен бүтүшү мүмкүн. Кээде аборт малдын ара тууп коюшу менен аяктайт. Төлдүн тонунун сууга толуп кетиши, начар өсүшү, сезгенүүсү аборттун болуусуна себепкер болот. Алиментардык аборт - уйдун, койдун ачка калуусунан, сапатсыз тоюттандыргандыктан (белоктордун, минералдык заттардын, микроэлементтердин же витаминдердин жетишсиздигинен) же сапаты жаман (көгөрүп кеткен, кермек даамданган, тоңуп калган, ачып кеткен) тоютту бергендиктен келип чыгат. Травматикалык аборт-көбүнчө тууту чукулдап калган мал катуу жыгылып кеткенде, ошондой эле эшиктин, дубалдын, кашаанын уркуюп турган жерине курсагын уруп алганда, чочуп кеткенде пайда болот. Жугуштуу спецификалык аборт - чоң коркунуч туудурат. Уйдун, койдун бруцеллезу, уйдун вибриозу, лептоспирозу сыяктуу жугуштуу оорулар мындай аборттун болушуна алып келет. Малдын токсоплазмоз, уйдун трихомоноз орусунан да аборт пайда болот.
Уйда, койдо аборт пайда болсо биринчи иретте жугуштуу аборттун бары жогун билиш керек. Бул үчүн өлүк түшкөн музоону же козуну жана жыныс органдарынан чыккан суюктукту тезинен ветеринардык лабораторияга жиберет. Лабораторияда малдын кайсы оору менен (трихомоноз, бруцеллез же вибриоз) ооруганы же оорубаганы изилденет. Ара тууган мал өзүнчө жайга бөлүнөт, өлүк музоо, козу түшкөн жер дезинфекцияланат. Лабораториядан изилденип жугуштуу оорусу жок деп жооп алынгандан кийин, аборттун бөлөк себептерин табуу үчүн текшерүү жүргүзүү керек. Жугуштуу оору аныкталган учурда атайын ветеринардык иш чаралар жүргүзүлөт.
Мал баккан адамдар малдын бруцеллёз жана башка оорулары адамга да жугаарын ар дайым унутпай эстеп жүрүүсү зарыл!