Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абада калкуу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Абада калкуу

1783-жылы ага-ини Жозеф менен Этьен Монгольфье деген француздар аба шары - аэростатты жасашкан. Алар аэростатка жылуу аба толтуруп, ага бекитилген себетке короз менен койду салышкан. Шар асманга көтөрүлүп, анан кайра аман-эсен жерге конгон. Тирүү жандыктардын абага көтөрүлүүсү коркунучсуз экендигине көздөрү жеткен соң, аба шары менен адамдар да уча башташкан. 1783-жылы ноябрда Пилатр де Розье менен д`Арланд деген француздар биринчи жолу абага учуп чыгышкан. Аэростат абада 25 минута калкып жүргөн. Ошондон тартып абада калкуу доору башталган. Аэростат менен алгачкы учуулар тим эле кызыкчылык үчүн көңүл ачууну көздөгөн болсо, кийин аба шарлары илимий жана аскердик максаттарда колдонула баштаган. Мисалы, орустун улуу окумуштуусу Д. И. Менделеев аба шарын булуттун үстүнө чыгарып, күндүн тутулушун байкоо үчүн пайдаланган.

Аэростат каалаган жакка учпай, шамал айдаган жакка гана учкан. Ошондуктан учуу ишин башкаруу маселеси адамдарды ойлонто баштаган. 1852-жылы француз ойлоп чыгаруучусу А. Жиффар сигарета формасындагы аэростатты - дирижаблди жасаган. Анын чакан буу машинасы менен кыймылга келүүчү калакчалуу винти жана башкаруу рулу болгон. Тилекке каршы мындай дирижаблдер далдайып, ашкере чоң болгондуктан өтө жай учкан. Ошондуктан, аларды башка учуучу аппараттар - самолёт, вертолёттор сүрүп чыгарышкан.

Аэростаттар азыр да илимий максатта пайдаланылат. Автоматтык приборлору жана радиостанциялары менен 30-40 чакырымга көтөрүлүүчү азыркы жаңы шар - зонддордун жана аэростаттардын жардамы менен илимпоздор атмосфераны изилдешет, метеорологиялык ракеталарды учуруу үчүн старт аянтчалары катары жана телескопторду көтөрүү үчүн да пайдаланылат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 660, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо