Аба ырайы жалал абад


"Аба ырайы жалал абад" - Жалал абад облусу жана шаарына бүгүнкү күнгө жана бир жумага, Кыргызгидромед тарабынан берилген так божомол.

Кошумча маалыматтар. Жалал-абад шаары Тянь-Шань капчыгайынын тоо этегинде деңиз деңгээлинен 763 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына чейинки аралык ~560 чакырым. 100чакырым түштүк-батышыраак жакта Ош шаары жайган. Климаты субтропикалык, кургак, жайы ысык (абсолюттук максимум +43 градус), күзү күндүү жана жаан-чачын сейрек, кышы жылуу, жогорку нымдуулук жана орточо температурасы 0 градус менен коштолот.

Июндан октябрьга чейинки салыштырмалуу нымдуулук анча чоң эмес - 30 пайыз, ысык жай айларында андан да төмөн. Жылына түшүүчү жаан-чачын 460мм түзөт. Суу мейкиндиктеринен алыс болгондугу континенталдуулук жана кургакчылдыгы менен түшүндүрүлөт. Орточо жылдык температура +13 градус, июль айындагы орточо температура +25 +30 градус, январда -3 -5 градус. "Аба ырайы жалал абад" күн сайын такталып, маалымат улам жаңыланып турат.

Жалал абад обслусу 8 райондон турат, алар:

  • Аксы району (борбору Кербен)
  • Ала Бука району (борбору Ала Бука)
  • Базар коргон району (борбору Базар коргон)
  • Ноокен району (борбору Масы)
  • Сузак району (борбору Сузак)
  • Тогуз торо району (борбору Казарман)
  • Токтогул району (борбору Токтогул)
  • Чаткал району (борбору Каныш-кыя)

"Аба ырайы жалал абад" боюнча божомолдоо Кыргызгидромед тарабынан берилди. Маалыматтар тез-тез такталып турат. Кошумча суроолор же пикирлер болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-04-23, Көрүүлөр: 1087, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-23