19-кылымдын 60-70жылдардагы Кокон хандыгынын жана Туштук Кыргызстандын коомдук саясый абалы 19-кылымдын 50-жылдарынын башталышында Кокон хандыгынын саясий абалы ич ара чырчатак-козголондордун натыйжасында ото начарлап кеткен. Бул жылдары кыргыз калкы ошондой эле анын билермандары Кокон хандыгынын саясий турмушуна мурдагыдай эле жигердуу аралашып турган. Такты учун курошкон ханзаадалар да кыргыз, кыпчак феодалдарына колдоо корсотуусун суранып туруучу. 1865-жылы Бухара эмирдиги жана Кокон хандыгынын ортосундагы согушка байланыштуу Кокон хандыгынын стратегиялык маанидеги эн ири шаары Ташкенди орустардын басып алышы учун ынгайлуу кырдаал тузгон. Мумкунчулукту текке кетирбеш учун май айларында генерал М. Г. Черняев озунун коп сандуу аскерлери менен Ташкенге аттанган. Бул салгылашта кокон аскерин кол башчылык кылган Алымкул аталык окко учат. Уч кунго созулган айыгышкан салгылашуудан кийин 17-майда Ташкен орустардын колуна откон.
Элдик которулуштун башталышы Кокон хандыгына каршы элдик которулуштор 1873-76-жылдар аралыгында болуп, ал кыймыл Кокон хандыгынын ыдырашына себеп болгон. Бул которулушту эки чон мезгилге болууго болот: которулуштун 1-этабында (1873-74) которулушко кочмон кыргыздар менен кыпчактардан 132 минден ашуун тутун же 42 уруунун окулдору катышкандыгын тарыхый булактар баяндайт. Бул мезгилдеги которулуш негизинен хандын эзуусуно каршы которулуш болуучу. Тилектештигин билдируусу менен жайгашкан озбек, тажик эли ушул кыймылга биринчи кезде массалык турдо катышкан эмес. 1875-76-жылдарды камтыган которулуштун экинчи этабында которулуш негизинен Кокон хандыгына ошондой эле орус баскынчыларына каршы багытталган. Которулуштун жетекчиси Полот хан 9-октябрь куну Коконду ээлеген. Насирдин хан болсо Кожентке качып кеткен. Полот хандын колу октябрь-ноябрь айларында орус аскерлери менен салгылашууга откон.
[ushka=seredina]Кандуу кармаш Экисуу чолкомундо 1875-жылы 25-декабрынан 1876-жылы 5-январына чейин созулган. К. П. Кауфман жана М. Д. Скобелев демилгеси менен бул кагылышууда орус жоокерлери ботончо мыкаачылыкты корсотушкон. Муну генерал Скобелевдин: «...Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин жана кесилген баштын санына туздонтуз байланыштуу», - деп жазганы далилдеп турат. Орус аскерлери 8-10-январда Анжиянды баскан. Бул согушта 20 миндей адам олгон. Орус жоокерлери 18-январда Асаке кыштагын басып алган сон которулушчулордун мизи майтарылган.
Орус курал-жарагына туруштук бере албасына козу жеткен Абдырахман аптабачы да М. Д. Скобелевге 24-январда багынып берген. Полот хан Чон алайга качууга аргасыз болгон. Кокон мамлекетин женип алуучу катары тарыхта калуу учун М. Д. Скобелев Коконду баарынан мурун ээлоого ашыккан. Ошентип, Кокон ордосу 1876-жылы 8-февралда М. Д.Скобелев тарабынан биротоло басып алынган. Хандыктын жоюлушу жонундогу указга падыша Александр II 19-февралда кол койгон. Ушул куну туткунга тушкон Искак Полот хан К. П. Кауфмандын буйругу менен Маргаландын чон базарында 1-март куну даргага асылган.
Алайлык Кыргыздарды Россияга каратуу. Курманжан датка. Кокон хандыгы жоюлган кезде Туштук Кыргызстандын тоолуу аймактары, Алай жана башка ореондору орус мамлекетине каратыла элек болчу. М. Д. Скобелев баш ийбеген кыргыздарды талкалоо учун атайын «Алай илимий-согуштук экспедициясын» чогулткан. Алайлык кыргыздардын орус бийлигине каршы курошуно Алымбек датка менен Курманжан датканын балдары Абдылдабек, Батырбек, Мамытбек жана Асанбек жетекчилик кылышкан. Россияга баш ийууну каалабаган Курманжан датка 1876-жылы июнь айынын башында эле оз айылы менен Кашкар тарапка кочуп кеткен. Ал жактан Алайга «Алай экспедициясы» кызуу журуп жаткан учурда кайтып келген.
Курманжан датканы орус жоокерлери 29-июлда Чон алайда оргуп жаткан М. Д. Скобелевдин убактылуу ордосуна алып барышкан. Анын Алайдагы кадыр-баркын жакшы тушунуу менен, Фергананын 1-аскер губернатору, генерал М. Скобелев сый-урмат корсотуп тосуп алган. Курманжан датка орус башкаруучулары менен мамиле тузуудо акыл-эстуулукту жана кыраакылыкты корсоткон. Суйлошуулордун журушундо генерал Курманжан датканын кыраакылыгына, акылына жараша ага «Алай ханышасы» деп баалаган. Ушул кезигуудо Курманжан орус бийликтерине багынгандыгын билдирип, балдарына да орус букаралыгын алуусуна комоктошууго мажбур болгон. Ошентип, Туштук Кыргызстанды Россияга каратуу аяктаган.