Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

14-февраль ыйык Валентин күнү

Ыйык Валентин күнү (англисче Valentine's Day) — жыл сайын 14-февралда дүйөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө белгиленүүчү бардык сүйүшкөндөрдүн күнү.

Ыйык Валентин күнү 16 кылымдан бери бар деп эсептелет, бирок Сүйүү майрамдары мындан кыйла эрте - бутпарастык маданиятынын мезгилинен бери белгилүү болгон.

14-февраль — Ыйык Валентин күнү

Майрамдын тарыхынан

Майрамдын "каарманы" – христиан чиркөө кызматкери Валентин. Бул окуя болжол менен 269-жылга барып такалат, ал кезде Рим Империясын Клавдий II башкарып турган. Согушуп жаткан Рим армиясына согуш жортуулдарын жасоого аскерлер жетишпей жаткан, аскер башчы өзүнүн пландарынын башкы душманы «нике» экенине бекем ишенген, анткени үйлөнгөн легионер империянын атак-даңкын, үй-бүлөөсүн кантип багуу маселесинен кыйла аз ойлойт. Ошондуктан, аскерлердин жоокердик рухун сактап калуу максатында легионерлердин баш кошуусуна тыюу салган императордун буйругу чыккан.

Бирок аскерлердин сүйүүгө чалдыгышы мындан азайып калган эмес. Алардын бактысына императордун каарынан коркпой, легионерлер менен сүйүшкөндөрүнүн никесин жашыруун кыйган адам табылган. Бул адам Терни шаарынан чыккан Валентин аттуу чиркөө кызматкери болгон. Накта романтик адам болгон окшобойбу, себеби анын жакшы көргөн көңүл ачуулары - урушуп кеткендерди элдештирүү, сүйүү каттарын жазууга жардам берүү жана легионерлердин өтүнүчү менен алардын сүйүктүүлөрүнө гүл тартуулоо болгон.

Император бул тууралуу билгенден кийин дароо кылмыштуу ишмердүүлүгүн токтотууну чечет. Валентинди өлүм жазасына тартышат. Жагдайдын дагы бир кайгылуу жери - Валентин түрмөчүнүн кызына ашык болгонунда. Жаза аткарыларына бир күн калганда чиркөө кызматкери кызга өзүнүн сүйүүсү камтылган коштошуу катын жазып, аягына "Сенин Валентиниң" деп калтырган. Кат Валентин жазага тартылгандан кийин гана окулган.

Кийинчирээк Валентин христиандык көп азап чеккен, ишеним үчүн запкы тарткан катары католик чиркөөсү тарабынан ыйыктардын катарына кошулган. А 496-жылы римдик Папа Геласиус (Pope Gelasius I) 14-февралды Ыйык Валентин күнү деп жарыялаган. 1969-жылдан баштап кудайга кызмат кылуу реформасынын жүрүшүндө Валентин (жашоосу жөнүндөгү маалыматттар карама-каршылыктуу жана такталган эмес башка римдин ыйык адамдары менен) католик чиркөөсүнүн литургиялык жылнаамасынан алынып салынган. 1969-жылга чейин да чиркөө бул күндү майрамдоо салттарын колдогон эмес.

Кандай болгон күндө да, так ошол кезден баштап Ыйык Валентин күнүндө сүйүү каттарын - "валентинка" жазуу башталган десек болчудай. Бул күнү үйлөнүү той өткөрүүнү жана нике коюуну жакшы көрүшөт. Cүйүүнүн түбөлүк болуусуна шарт түзөт деп эсептелет.

Башка өлкөлөрдө

Батыш Европада Ыйык Валентин күнү 13-кылымдан, АКШ да 1777-жылдан баштап кеңири белгилене баштаган.

Бул күнү белек берүү салты жылдан жылга бекемдеген жана айрымдар үчүн ийгиликтүү бизнеске айланган. Мисалы, өткөн кылымдын башында, америкалыктарда өзүлөрүнүн колуктуларына кымбат баалуу марципан таттуусун жиберүү шарт болгон.

Японияда бул күнү таттууларды белекке берүү салты шоколад чыгарган бир ири фирмадан улам пайда болгон. Ал жерде Ыйык Валентин күнүн 30-жылдары белгилеп башташкан, ошол кезден бери шоколад эң кеңири тараган белек бойдон калууда. Баса, ал жерде Ыйык Валентин күнү бир аз "эркектердин 8-мартын" элестетет, анткени, эркек япондор жада калса аялдарга караганда көп белек алышат: сакал алгыч, лосьон, акча капчыгы жана башка ушул сыяктуу эркекке тиешелүү аксессуарлар.

Сүйүү жагынан кумардуу келген француздар Ыйык Валентин күнү асыл таштарды белек кылышат, а романтикалуу Данияда адамдар бири-бирине кургатылган ак гүлдөрдү жиберишет.

Британияда турмушка чыга элек кыздар 14-февраль күнү күн чыга электе ойгонуп, терезенин жанына туруп алышып, өтүп бара жаткан эркектерди карашат. Ишеним боюнча, кайсы эркекти биринчи көрсө, ошол адам тагдырдын буйругу болгон.

Бирок дүйнө жүзүндө Ыйык Валентин күнүн майрамдоодо өзгөчөлөнгөн мамлекеттер бар. Биринчи кезекте бул Сауд Аравиясы - майрам чоң айып пул коркунучу алдында расмий түрдө тыюу салынган дүйнө жүзүндөгү жалгыз мамлекет.

Русь мамлекетинде да өз сүйүшкөндөр майрамы болгон, бирок ал кышында эмес, жай мезгилинде белгиленип, Пётр жана Феврониянын сүйүүсүнө байланыштуу болгон. Бүгүнкү күндө Орусияда бул күн Бүткүл Орусиялык үй-бүлөө, сүйүү, берилгендик күнү катары белгиленет.

Кыргызстанда

Негизинен майрамды майрамдоо боюнча өтө ар кандай көз караштар бар. Жалпысынан бул майрамды жаштар белгилешет. Сүйүшкөндөр күнүн майрамдоо үчүн айып пул салуу аракети болгон. Мындай мыйзам долбоору 2011-жылы талкууланган. Майрам «калктын менталитетине туура келбейт, уят, жана ысырапкорчулук» деп аталган.

Бул күнү мектеп окуучулары, студенттер, деги эле сүйүшкөндөр бири-бирине белек беришип, көңүл бөлүшүп, куттуктап, тунук сүйүү каалашат.

Кандай гана болбосун, түрдүү көз караштарга байланыштуу бул күндү белгилөө же билгилебөө ар инсандын өз чечими.

Кандай белек берсе болот

Белгилүү ыр саптарындагыдай «гүлдөй назик адам көңүлү» демекчи, бул күнү сөзсүз түрдө кымбат баалуу белек сатып алуунун зарылдыгы жок. Чын дилиңерден куттуктап койсо көңүл болуп калмакчы. Айырмасы жок кезигип айтабызбы же телефон аркылуу билдирүү же смайлик жөнөтөбүзбү.

Белектер

Эгер белек берүүнү чечсеңиз, албетте бул жерде түрлүү ыкмалар бар: даамдуу тамак-аштар, косметика, аксесуарлар, киийм-кечек, колго жасалган буюмдар, сейилдөө, көңүл ачуучу жайларга баруу, эң жакшылары күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү буюмдар.

Жайгаштыруу: 2020-01-22, Көрүүлөр: 3870, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо