TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак-аштын энергиялык баалуулугун аныктоо

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-06-09 07:02:13 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-06-09 08:28:25

Макаланын тарыхына кайтуу

Мурунку сабакта 3 жашар баланын менюсундагы белоктордун, майлардын жана углеводдордун күнүмдүк өлчөмүн санап аныктадыңар. Бир грамм белок же углевод өзүндө 17,22 килоджоуль, бир грамм май 39,06 килоджоуль энергияны камтыйт. Күнүмдүк белоктордун, углеводдордун жана майлардын энергиялык баалуулугун бири-бирине кошсоңор менюнун энергиялык баалуулугун аныктап аласыңар. Андан кийин төмөнкү таблицадагы маалыматты колдонуп 3 жашар бала күнүнө жеген тамак-ашынын энергияга болгон муктаждыгын канааттандыраарын же канааттандырбасын жыйынтыктайсыңар. Балдардын энергияга болгон суткалык муктаждыгы (килоджоуль)

Балдардын жашыСуткалык муктаждыгы (кдж)
1-1,5 жаш5460
1,5-2 жаш6300
3-4 жаш7560
5-6 жаш8400
7-10 жаш10080
Энергиянын өлчөмү эки көрсөткүч менен мүнөздөлөт: килоджоуль жана килокалория. Килоджоуль көп өлкөлөрдө колдонуучу көрсөткүч болгонуна карабастан, Кыргызстанда, ошондой эле бүткүл КМШ өлклөрүндө адатта килокаллория колдонулат. 1 килокаллория = 4,19 килоджоуль. Акыркы мезгилде чыгарылган продукцияларында энергиялык баалуулук кошо берилет, эгерде ал үчүн килокалория колдонулган болсо, каллорияны килокалоррияга, килоджоуль болсо килокалорияга оңой эле айлантса болот.