TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шоруков Кожокан

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 11:09:34 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 09:13:52

Макаланын тарыхына кайтуу

(1903, Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Жолголот айылы - өлгөн жери менен жылы белгисиз) - Кеңеш бийлиги үчүн активдүү күрөшүүчү, сов.-парт. ишмер. 1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1916-жылы Караколдо уезд начальнигине малай жүргөн. Аны менен кошо Москвага барып, андан Перовскиге кеткен. Улуу Окт. революциясынан кийин Таппсенге келип, Атайын комиссия органдарында тилмеч болуп иштеген. 1922—23-жылы РКП(б)нын Каракол уезд-шааркомунун катчысы, 1923—26-жылы Москва шаарында жумушчу факультетинде окуйт. 1926-жылдан Жалал-Абад, Каракол, Ош кантондук комитеттеринде, Кыргыз обкомунда иштеген.

1929-жылдан Москвада Кыргыз АССРинин туруктуу өкүлү, 1934—37-жылы Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссары, 1929-жылдан Кыргыз АССР БАКынын мүчөсү. 1937ж. бурж. улутчул деген жалаа менен репрессияланып, 1956-жылы толук акталган.