TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Жарамазан: баяндалышы, ыр тексттери макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Жарамазан — орозо мезгилинин 2-жарымында үймө-үй кыдырып ырдалуучу салттык ыр. Жарамазанды көбүнчө балдар, кээде чоңдор да айтышат. Кыргыз элинде жарамазан айтууда жаш жигиттер 2-3төн биригип, түн ортолоорунда чогулуп алышып, бардыгы өгүз, эшек, ат минишип, бир ырчы-акынды ээрчишип, айылды, түндү түрө кыдырышып, көбүнчө зоор маалында, айрыкча, малдуу, оокат-кечелүү үйлөрдүн эшигине тура калышып, үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, уулун, кызын, небере-чөбөрөлөрүн, мал-жанын тиешелүү жагымдуу ыр түрүндөгү сөздөр аркылуу макташат. Үйдүн ээсине байлык, ден-соолук, бакыт ошондой эле, орозосунун кабыл болушун тилешип жакшы каалоолорун билдиришет. Жарамазан айтуу учурашуу, мактоо, суроо ошондой эле бата сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Айтуучу ырчылык жөндөмүнө ошондой эле, ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе салат. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылган. Жарамазан айткандарды үй ээси колунан келишинче сыйлап, акча, тамак-аш түрүндө ыраазы кылат. Башка улуттардын жарамазан ырдоолоруна караганда кыргыздардыкы динге анча аралашпай, ырлары өтө угумдуу келип, уйку-соодогу адамдарды көшүлтүп, антип мактоонун күчтүүлүгүнөн көгөндөгү козу-улактардан чечип берүүчүлөр чыккан. Тай жетелетип, торпок айдаткан. Айрым сараң байларды ошол замат кордоп кетүүлөрү болгон. Ал бетте, заманбап мезгилде бирөөнү кемсинтүүгө болбойт. Жарамазанды орозонун он бешинен (орозо мезгилинин же айынын 2-жарымында) кийин, ооз ачылгандан тарта айтат. Илгери аны акындар-жамакчылар ар кимиси өз деңгээлине жараша айткандыктан, жарамазан ар кайсы жерде ар түрдүүчө сакталып калган. Жарамазан айтуу — бул диний осуяттарга кирбейт. Андыктан аны элибиздин улуттук өзгөчөлүгү катары кастарлаганыбыз жөн. Ыр тексттери Атсалоом алейкум, жарамазан! Ушул үйдүн түндүгү кайың бекен? Бизге берер жоолугу дайын бекен? Ушул үйдүн түндүгү арча бекен? Бизге берер жоолугу парча бекен? Үйүң-үйүң үй экен, Үйдүн көркү чий экен. Саба көркү бээ экен, Сандык көркү жүк экен. Жарамазан айткандын жайы бардыр, Жайып алган куруттун майы бардыр. Орозобуз кудайга жооп болор, Жарамазан айтканың сооп болор. Курут берсең туруп бер, Бети-колуң жууп бер. Бычак берсең кындап бер, Кындап берсең чындап бер. Улак берсең албайбыз, Убалына калбайбыз. Козу берсең чанбайбыз, Койго кошуп айдайбыз. Бука берсең айдап бер, Булкулдатпай байлап бер. Калабаны салбасын, Карынымды жарбасын... Башка варианты Ассалому алейкум, жарамазан, Он эки айда бир келчү орозо жан. Орозоң кабыл болсун кармаган жан. Адыр-адыр тоолордон, Айгыр минип мен келдим Айгыр оозун тарта албай, Ушул үйгө туш келдим. Будур-будур тоолордон, Бука минип мен келдим. Бука мурдун тарта албай, Ушул үйгө туш келдим. Ушул үйдүн үзүгү, Ак кочкордун чуудасы, Ушул үйдө жеңейим, Азыраак уктап, тыңдачы! Ушул үйдүн үзүгү, Көк кочкордун чуудасы, Ушул үйдө жеңейим, Көп уктабай, тыңдачы. Курут алып жатат бейм? Курут болсо алып чык, Катыр-кутур чайнайлы. Курут берип кубантпа, Куру сөзгө жубатпа! Таруу берип тамшантпа, Таң аткыча какшатпа! Улак берсең албаймын, Караңгыда бакыртып, Ушул үйдүн үзүгү, Үзүлүңкү көрүнөт. Ушул үйдө жеңейим. Сүзүлүңкү көрүнөт. Төбөдөгү төрт жылдыз. Батайын деп баратат. Мингеним жаман тай эле, Жатайын деп баратат. Шалдыр-шулдур шакек чык, Саймалама жоолук чык! Жоолукту белге чалабыз, Шакекти колго салабыз. Чымы-чымыр-чымыр чык, Буудай майлап кууруп чык! Бычак учу жылтырайт, Май томуруп жатат бейм? Майың болсо алып чык, Сака, мурут майлайлы. Казан-аяк калдырайт, Убалына калбаймын. Эртең-бүгүн деп коёт, Катыным жаман киши эле, Карышкыр, бөрү жеп коёт, Бука берсең шайлап бер, Мурунтугун байлап бер. Мурунтугун үзбөсүн, Какылдаган ырчыңдын, Кардын жара сүзбөсүн. — деп, тамашага чаап ырдайт. Ал эми жарамазан айткандарга үй ээси ырымдап бирдеме берсе, алар ага бата беришет. Жарамазан ыры Атсалоом алейкум, жарамазан! Уктап аткан балдарга умай салам! Түндүгүнөн ай өткөн, Түпкү атасы бай өткөн, Жабыгынан ай өткөн, Жалпы атасы бай өткөн, Үйүн-үйүн үй экен, Үйдүн көркү чий экен, Саба көркү бал кымыз, Сандык корку жүк экен, Босогосун сырдаткан, Боз балдарын ырдаткан, Бу кайсы байдын үйү экен. Улоо берсен чындап бер, Улуу журтту сыйлап бер, Жамбы берсен бул жайда, Жарыгы тийет ал жайда, Тамак берсен бул жайда, Сообу тийет ал жайда, Чапан берсен жалганда. Чатыр болоор барганда. Көйнөк берсен жалганда. Көлөкө болоор барганда. Кездеме берсен тегиз бер. Бука берсен байлап бер. Мурунтугун шайлап бер. Жолдо бара жатканда Мурунтугун узбосун, Кардымды жара сузбосун — деп аягын тамаша менен бүтүрүшкөн. Эгерде жарамазан айтып барганда үй ээлери турбаса: Сур-сур жылан, сур жылан толгоно көр, Сурайылдай жеңеке ойгоно көр. Ак-ак жылан, ак жылан толгоно көр, Ай чырайлы женеке ойгоно кер, — деп ырдашат, анда да турушпаса же эшикке чыкпаса: - Оо, жарты нанын жок беле, Жабышып уктап калыпсын? Бүтүн нанын жок беле, Буктушуп уктап калыпсын? – деген шекилдүү ырларды ырдап бастырып кетишет. Ал эми үй ээлери абалкы салтты сактап, жарамазанчыларды «Куттуу үйдөн кур чыкпа», — деп кур кол чыгарышпаса, анда алар: Бул пейилин барында, Бир жакшылык көрөсүң. Келерки жыл айланбай, Келинчегин төрөсүн. Короого батпай койлорун, Корумда козуң ойносун. Жылкыларың күтүрөп, Жылганы бербей бойлосун! Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун, Ушул үйдөн бир бала баатыр болсун! Оомийин! — деп бата беришет. Балдар ай, балдар ай! Байга бата берелик, Байдын көөнү жай болсун, Чайнаганы май болсун! Байбиченин ичкени Кызыл памил чай болсун. Кыздарынын кийгени Кызыл күрмө шай болсун. Балдарынын мингени Кара кашка тай болсун! Не тилесе, Кудай тилегин берсин! Орозосу кабыл болсун! Оомийин! Жарамазан батасы Миңгениң жорго тай болсун, Ичкениң кызыл чай болсун, Дүнүйөсү шай болсун. Карышкырдай көздүү бол, Адам тапкыс сөздүү бол. Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун, Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун. Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун, Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун. Бай көңүлү жай болсун, Балдарыңдын мингени, Жорго кара тай болсун. Ал желенин башына, Ат жүгүрүп жетпесин, Бул желенин башына, Бут жүгүрүп жетпесин. Бөдөнөдөй төлчүл бол, Бөрү аяктуу жолчул бол. Эр намыстуу элчил бол. Оомийин! Уулуң күчтүү болсун, Кызың иштүү болсун! Балаңдын атын Жайнак кой, Биринин атын Тайлак кой. Көнөчөккө толтуруп, Кердениңе каймак кой. Каймагыңды жеп койсо, Керегеңе байлап кой! Кызыңдын атын Сырга кой, Кыздын жолу сыйда кой, Чөйчөк толо ууз кой, Бармакка ченеп аш ичсин, Ууздай таза кыз болсун. Сыргасындай шыңгырлуу Чоңойгондо уз болсун. Көңүлүңүз жай болсун, Көөнүңүз кызыл чай болсун! Жаңы тууган Ай дагы Батайын деп баратат. Астымдагы тай дагы Азайын деп баратат. Кашымдагы курбум да Уктайын деп баратат. Каран калсын кымызы, Кара суусун берсе да Ууртайын деп баратат. Ташыркап төрт туягы Тайымдын жону талыды. Кар-кар, кар-кар жар айтып Кайран бир үнүм карыды. Калдыратпай табагын Кана жеңе ылдам чык. Жарамазан жарылдап Жан ыргалып турган чак. Кана, кана, канакей, Мен тербелдим мынакей. Өрөгөйдөн сорогой, Жеңекем эркек торогой. Ак кочкордой уулун, Ак бешикке бологой. Жолдугун алып жар айткан, Жолуна түшүп жөнөгөй. Ак бар! Ак бар! Оозумдагыны о Кудай аткар.