TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Сагынам (ыр), сөзү К. Алмазбековдуку, обону Б. Жандаровдуку макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Сагынам (ыр), сөзү К. Алмазбековдуку, обону Б. Жандаровдуку Айылдын ары жагынан, Алмалуу колхоз багынан. Кеч курун иштен тең кайтып, Келаткан күндү сагынам. Алыстап суунун шарынан, Айтылып сырлар абыдан. Ар дайым бирге болууга, Антташкан күндү сагынам. Жаштыктын ошол чагынан. Тең татып өмүр балынан. Колунан кызыл гүл алып, Коштошкон күндү сагынам. Күрөшкөн жандай жаңыдан, Кеталбай алыс жанынан. Кылчактап улам кайрылып, Кыйылган күндү сагынам. Сагынам жаным сагынам, Алыссын кантем жаныман. Сүйгөнүн эстеп сагынуу, Эң кыйын экен баарынан.