TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Ноябрь: баяндалышы, кыргызча аталышы макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Ноябрь (латынча Novem — тогуз) — Григориан календарынын он биринчи айы. Цезардын март айынан башталган реформасына чейин башталган эски римдик жылдын тогузунчу айы. Узактыгы 30 күн болгон төрт айлардын бири. Түндүк жарым шарда, анын ичинде Кыргызстандагы календарлык күздүн акыркы айы, түштүк жарым шарда жаздын акыркы айы. Октябрь менен декабрь айларынын ортосунда жайгашкан. Кыргызча аталышы — Жетинин айы (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык). Жети ата-бабасын билүү, жети кылым өткөнчө, жети атасынан бери турган деп байыркы кыргыздар айтышчу. Ушул себептен жетинин айы деп аталып калган деген жоромол бар. Башка версия боюнча тогуздун айында (октябрда) салык жана алымды тогуздап төлөө мезгили болгон, мына ошондо алуучулар эл эч нерсеси жок калбасын деп салыктын жана алымдын тогуздан эки бөлүгүн гана алып, жети бөлүгү элде калчу делет. Буга байланыштуу жетинин айы болуп калган имиш. Кандай болсо да аталышы боюнча так маалымат жок. Баяндалышы Кыргызстанда ноябрь айында жабырактар эбак түшкөн мезгил. Аба ырайы суук тартып, түнкү температура нөлдөн төмөн боло баштайт. Бул ай күз менен кыштын ортосундагы өтмө мезгил. Ноябрь айында өлкөбүздөгү орточо температура +10°Cдан +5°C чейин. Бирок айдын экинчи жарымынан тарта түнкүсүн минустук температуралар байкалат. Жаан-чачындар көбүн эсе жамгыр аралаш кар түрүндө түшөт. Айдын аяк ченинде туруктуу кар каптамдары орной баштайт. XXI кылымда ноябрь айынын жылуу болуу тенденциясы кээде байкалып турат. Майрамдар, күндөр Эл аралык 1-ноябрь — Эл аралык вегандардын күнү (вегетариандар менен алмаштырбайлы), католиктерде бардык Ыйыктар күнү 3-ноябрь — Мальдива республикасынын «Жеңиш күнү» официалдуу майрамы. 5-ноябрь — Гай Фокстун күнү. 6-ноябрь — Тажикстандын Конституция күнү 8-ноябрь – КВН күнү 9-ноябрь — Азербайджан Республикасынын мамлекеттик туу күнү 10-ноябрь — Эл аралык бухгалтер жана аудитор күнү 11-ноябрь — Ата-Мекенди коргоо күнү катары Лачплесис күнү (Латвия), Польшанын Улуттук Эгемендүүлүк күнү 12-ноябрь — Азербайжан Республикасынын Конституция күнү, Бахаи дининин негиздөөчүсү Бахаулланын туулган күнү (1817) 16-ноябрь – Толеранттуулуктун Эл аралык күнү 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү, Улуттук кайра жаралуу күнү (Азербайжан) 19-ноябрь — Эл аралык эркектер күнү 18-ноябрь — Латвия Республикасынын көз карандысыздык күнү 20-ноябрь – Эл аралык балдар күнү 21-ноябрь – Телевидениенин бүткүл дүйнѳлүк күнү 24-ноябрь — Тажикстандын Мамлекеттик желегинин күнү ноябрдын биринчи ишембиси — Бүткүл дүйнөлүк эркектер күнү ноябрдын үчүнчү бейшембиси — Эл аралык философия күнү ноябрдын төртүнчү бейшембиси — АКШда Ыраазылык күнү ноябрдын үчүнчү жекшембиси — Жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү Кыргызстанда 1-ноябрь — Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнү 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 10-ноябрь — КР илим күнү 17-ноябрь – Эл аралык студенттердин күнү