TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Кычан Жакыпов макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Кычан Жакыпов (Жакып уулу Дүйшөкө; 1919–1933) — Кыргыз ССРинин пионер-баатыры, жаш курагында көрсөткөн эрдиги менен таанылган. Ал азыркы Чүй облусунун Кант районуна караштуу (Бишкек шаарына жакын) Социалчы айылында (азыр Доктурбек Курманалиев атындагы айыл) төрөлгөн. Совет бийлиги жаңы орноп жаткан учурда Кычан өз айлындагы кылмыштуу топ жөнүндө милицияга кабар берип, алардын көпчүлүгү кармалган. Бирок топтун бир мүчөсү качып кетип, бир нече айдан кийин Кычандан өч алып, аны айыл четиндеги талаада өлтүргөн. Кызыл жагоочон баатыр Кычан Жакыпов душман колунан курман болду деген суук кабар республиканын булуң-бурчуна тез эле тарады. Ошондо кыргыз элинин таланттуу акыны Алыкул Осмонов пионерлердин атынан кийинкидей жазган: Кош, Кычан! Майтарылбас болот элең... Taп үчүн аткарууга милдетиңди, Сен өстүң тарбия алып пионерден... Кош, Кычан! Милдетиңди аткарабыз, Ишиңе пионерлер, биз, даярбыз! Эрдиги ырга айланган бул бала ким? 30-жылдардын башталышында биздин өлкөдө айыл чарбасын коллективдештирүү кеңири кулач жайган. Кычан Жакыпов туулуп өскөн азыркы Кант районунун Социалчыл айылында да кедей дыйкандар колхозго биригишкен. Он үч жашар сергек пионер Кычан колхоз душмандарын ашкерелеген. Алар жаңы турмуш үчүн күрөшкөн эр жүрөк баланы мыкаачылык менен бычактап өлтүрүшөт. Бирок, Кычандын эрдиги, аты унутулган жок. Ал ошол кайгылуу 1933-жылдан бери элдин эсинде баатыр пионер катары жашап келе жатат. Азыр Кычан окуган мектепте анын музейи бар. Мында анын кызыл жагоосу, отурган партасы, калпагы, камчысы, ээр-токуму коюлган. Бир кезде Кычан окуган мектептин жанына заңгыраган көп кабаттуу имарат курулган. Бул — Кычан Жакыпов атындагы орто мектеп. Жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев анын эрдиги тууралуу «Кычан» аттуу аңгеме жазган. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында Кычан Жакыповдун ысымын алып жүргөн парк бар, ал жаштарды мекенди сүйүүгө жана жарандык жоопкерчиликке үндөйт. Кычан Жакыповду кээде «кыргыз Павлик Морозову» деп да аташат, ал кылмышкерлерди ашкерелеген. Анын эрдиги СССРде кеңири даңазаланып, плакаттар, открытка жана «Жаш балдарга даңк!» деген жазуусу бар ширеңке кутулары чыгарылган.