TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Барам сага (ыр). Сөзү Э. Ибраев, обону А. Бедияров макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Барам сага (ыр). Сөзү Э. Ибраев, обону А. Бедияров Таң шооласы нур чачканда, Тал-теректер бүр ачканда. Кыр-кырлардан кол булгалап, Кызгалдактар гүл ачканда. Кайырма: Алга сүрөп үмүт гана, Алоолонуп күйүп жана. Бар жогума кайыл болуп, Барам сага, барам сага. Жылдыз көккө тагылганда, Жылгадан суу агылганда. Алтын сөйкө сыяктанып, Ай кайрадан жаңырганда. Кайырма: Дайра ташып чамынганда, Дарак жоолук салынганда. Санаам сары саман болуп, Сага карай агылганда. Кайырма: