TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Банк деген эмне: түшүнүк, мааниси, аныктама, түрлөрү макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Бул макала "банк деген эмне", банктын клиенти ким, банктар кандай кызматтарды сунуштайт, жана банктын кандай түзүмдөрү бар экени жөнүндө болмокчу. Банк активдерине, киреше булактарына байланышкан жана башка суроолорго дагы жооп жазууга аракет кылабыз. Бул макала банк клиенттерине дагы, жаш финансисттерге дагы пайдалуу болот деп ишенебиз. Албетте, макалада Кыргызстандын банк системасын ийне-жибине чейин казуудан алысбыз. Макала мазмуну Банк түнүшүгү — мааниси, аныктамасы Банк кызматтары Банк түрлөрү Башкаруу органдар Банк функциялары Активдер Активдердин бөлүнүшү Банктарда киреше эмнеден пайда болот? Интернет банк Дагы караңыз Банк түнүшүгү — мааниси, аныктамасы Банк — бул акча каражаттары, баалуу кагаздар жана баалуу металдар, ошондой эле кардарларына (жеке жактарга гана эмес, юридикалык жактарга, компанияларга, мекемелерге, мамлекетке) ар кандай финансы кызматтарын жасоочу финансы-кредиттик мекеме. Банк деген сөздүн келип чыгышы италиялык "banco" деген түшүнүгү менен байланыштуу, аны которгондо, стөл, орун дегенди түшүндүрөт, мурда андай жерлерде тыйын алмашуулар болгон. Бүгүнкү күндө банк менен байланышы жок адамды же банк жөнүндө укпаган адамды элестетүү кыйын. "Bank note" деген сөздү уктуңуз беле? Ал кадимки эле "банкнота" же акча дегенди билдирет, башкача айтканда акча деген сөз дал ушул bank note дегенден чыккан, бул тема боюнча биздин акча деген эмне аттуу макалабыздан толук окуп алсаңыз болот. Ал эми «банк» сөзү жөн гана сактоочу жай болуп түшүндүрүлөт. Банк кызматтары Банк негизинен эркин акчасы бар адамдардын жана ал акчасы менен белгилүү бир убакытка арылууга даяр болгон же акча каражатына муктаж болгондор ортосунда ортомчу мекеме. Кеңири таралган банк кызматтары төмөнкүлөр менен байланыштуу: Салымдарды тартуу Кредиттерди берүү — керектөөчү, билим алуу, ипотекалык, автокредит жана башкалар. Эсеп-кысаптык тейлөө (мисалы: дебеттик карталар). Банк түрлөрү Көптөгөн батыш өлкөлөрүндө кеңири таркаган, ошондой эле Кыргызстанда дагы эки деңгээлдик банк системасы жок дегенде банктын эки түрүн сунуштайт алар: Коммерциялык — жеке жана юридикалык жактар менен иштөө менен кеңири спектрдагы кызматтарды сунуштайт, ал жөнүндө бираз төмөнүрөөк жакка жазалы. Булардын негизги максаты жеке кирешесин максималдаштыруу. Булардын ичине баарына белгилүү болгон кредиттик компаниялар, айтпасак деле билет болушуңар керек. Борбордук — негизинен кайра финансылоо ставкасынын өлмчөмүн орнотуу менен жана акча эмессия жолу менен өлкөдөгү кредит-акча саясатын аныктайт. Бирок мындай бөлүштүрүү абдан үстүртөн, анткени коммерциялык банктарды специализациясы менен айырмаланышы мүмкүн. Булар жөнүндө айткан соң, коммерциялык банктар арасынан төмөнкүлөрдү белгилеп кетсек болот: Сактык (сактоо) банк - жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын тартууга багытталган. Инвестициялык - булардын башкы маселеси каражаттарды пайдалуу салуу, мисалы, баалуу кагаздар. Универсалдуу - так специализациясы жок, бирок кеңири спектрдагы ар кандай кызматтарды сунуштайт. Дал ушундай түзүмдөгү банктар Кыргызстанда көп. Башкаруу органдар Жогорку башкаруу органы - акционерлер кеңеши - саясатты, өнүгүү багытын аныктайт. Акционерлер кеңеши директорлор кеңешине же ревизиялык комиссияга таасирин тийгизе алат. Директорлор кеңешинин маселесине өнүгүү стратегиясынын жана коммерциялык иш-аракеттин пландарын түзүүлөр, жаңы кошумча филиалдарды ачуу же рентабелдүү эместерин жабуу кирет. Ревизиялык комиссия өз учурунда мекемедеги финансы агымдарын көзөмөлдөйт. Негизги аткаруучу орган - банк башкармалыгы, шартка ылайык ал жакка банктын ири акционерлери кирет. Банк функциялары Тапшырма, маселе жагынан "банк деген эмне". Салт болуп калгандай банк тарабынан аткарылуучу негизги бир нече функциясын айтсак болот: Сактык жана коопсуз сактоо - клиенттер акчасын берүүгө макулдугун берген, бирден бир негизги функция ушул. Банктын клиентинин башка банк клиентине акча которууларды жүргүзүү. Бул операциянын түрү акчасыз эсеп-кысап (безналичный расчет) деп аталат. Кредиттөө - бул кызмат аркылуу эркин каражаты бар жактан экинчи жакка (акчага муктаж болгон адамга) акча каражаттары которулат. Каражаттар кандайдыр бир шарттарда берилип, пайыздары менен кайтарылат. Клиенттерге финансы суроолору боюнча кеңешме (консультация) жүргүзүү, негизинен, атайын финансылык өндүрүмдөрдүн болушу. Баалуу металлдарды сатуу жана сатып алуу операциялары, валюталар ж. б. Активдер "Банк деген эмне" суроосунда активдер дагы маанилүү ролду ойнойт. Башкача айтканда бухгалтердик эсепке алуу жагынан, банк ишмердүүлүгүнүн маанилүү жагын активдер ээлейт - банк ресурстарынын кандай иштетилип жаткандыгын көрсөтүүчү объектилер (тактап айтканда анын жеке капиталы жана каражаттары, салуучуларды тартуу). Албетте, активдер ар кандай жана өз ара көрсөткүчтөрү менен айырмаланып турат, мисалы: багыты боюнча, ликвиддүүлүгү жана тобокелдиги, жайгаштыруу мезгили ж. б. Активдердин бөлүнүшү Кассалык - кассадагы акча гана эмес, баалуу металлдар, корреспонденттик эсептер, банк тарабынан милдеттүү резервдер фондуна которулган каражаттар. Жайгаштырылган - (иштеп жана пайда алып келип жаткандар) - бул банк тарабынан кардарларына берген кредиттер/насыялар (жеке жана юридикалык жактарга), банк ортосундагы (аралык) насыялар, кыска мезгилге баалуу кагаздарга салымдар. Инвестициялык активдер - баалуу кагаздарга салымдар (акциялар, облигациялар), башка мекемелердин уставдык капиталдары, туунду банктар (дочерний банк). Банк мүлкүнөн турган, капиталдаштырылган активдер. Башка активдер, мисалы дебитордук карыз катары кызмат кылган түрлөр. Банктарда киреше эмнеден пайда болот? Банк мекемелеринин кирешеси биринчиден депозиттерден жогоруураак коюм (ставка) менен насыя берүүдөн калыптанат. Башкача айтканда салуучулардан каражаттарды тартуудан, андан соң бул каражаттардын негизинде кардарларга ссудаларды жогоруураак ставка менен берүүдөн банк акча табат. Бул айтылуу баалуу кагаздарга активдерди салуудан пайда болгон пайыздык киреше. Бирок бул банктын акча табуусунун жалгыз ыкмасы эмес. Банктар пайызсыз киреше дагы таба алышат, алар төмөнкүлөрдөн калыптанат: Башка өлкөлөрдүн валюталары менен операцияларды жүргүзүү (мисалы, конвертация) Аткарган кызматтары үчүн комиссиялык акы (эсеп-кысап операциялары, банк ячейкаларын ижарага берүү ж.б.) Башка мекемелердин үлүш бизнесинен алган кирешелер. Пеня, штрафтардан алган киреше Интернет банк Банк жөнүндө сөз баштаган соң, интернет банк жөнүндө кеп кыла кетели. Кадимки банк түшүнүгү менен бирге интернет банк түшүнүгү (же клиент-банк) бар. Бул банк тарабынан кардарга берилүүчү/сунушталуучу кызмат. Бул кызмат аркылуу кардар эсеп-кысап же дагы башка операцияларды банк кеңсесине барбастан эле жүргүзө алат. Каалаган интернет байланышы бар жерден же кадимки уюлдук телефон аркылуу эсептин абалын текшерип, акча каражатын которуу жана башка операцияларды жүргүзсө болот. Кызмат мүмкүндүк алуу үчүн болгон логин жана сыр сөзгө ээ болуу керек. Көп учурда мындай кызмат акысыз берилет. Макалабыздын темасы "банк деген эмне" болгонуна карабастан өзүңөр түшүнгөндөй эле бул теманын ичинен кызыктуу учурларды кезиктирсеңиз болот. Бизге белгилүү болгон кредиттик мекемелер 17-кылымдан тарта көптөгөн өзгөрүүлөргө учурады. Бирок эми бул башка тема. Азыр банк мекемелердин жардамы жана алардын кызматтары менен финансы маселелерин оперативдүү чечүүдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылды. Эң көп талкулануучу санарип акча түшүнүгү дагы банк тармагына киргизилүү алдында турат. Муну ишке киргизүүнү көптөгөн өнүккөн өлкөлөр, ошондой эле Кыргызстан дагы жоромолдоодо. Дагы караңыз Бюджет Инфляция Ички дүң өдүрүм Дефицит Профицит