TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Алтын шакек (ыр): тексти, автору макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Алтын шакек (ыр). Сөзүнүн жана обонунун автору — А. Коробаев Ошол түнү жүрөк сыры чечилип, Көл жээгинде көпкө жүрдү кыз-жигит. Коштошоордо сүйгөнүнүн колуна, Кетти жигит алтын шакек кийгизип. Өттү күндөр тентек соккон шамалдай, Өзгөрүлдү кыз жүрөгү таанылбай. Алтын шакек алмашылды каухарга, Унутулду айткан сөздөр алтындай. Чаңда жатты алтын шакек булганып, Күн жарк этсе тир укмуштай нур чачып. Кыз колунда каухар шакек баягы, Өңдөн кетип өчө берди кумсарып. Балким азыр журсо керек ошол кыз, Бир жүрөгүн жүз шакекке алмашып.