Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер жылдызы

Текечерлер бул - ак ниеттуулуктун жана аракетчилдиктин, уюшкандыктын жана кандайдыр бир туруктуулуктун белгиси. Текечерлер эмгекчилдик жана эмгекке болгон укмуштай сезимдерге ээ. Бирок бул - алардын көзүнө жоолук байланып, жумуштан башка эч нерсени көрө албайт дегенди билдирбейт. Буларды айланасындагылардын баардыгы, аны менен бирге адамдар да кызыктырат.

Жер белгисинин ээси болуп, Текечерлер бир жерде турганды жакшы көрүшөт. Булар "бүгүн" деген түшүнүк менен кызыктар болбой, дайыма эртең же бүрсүгүнкү күн менен да кызыктар. Буларды жаркын келечек күтүп тураарына, алар терең ишенет.

Материалдык жагына кайрылсак, Текечерлерде бул экинчи орунда турат, биринчи орунда мүдөөлүк. Текерчерлер өзүнө жакын адамдары үчүн көптөгөн нерселерди курмандыкка чалышы мүмкүн. Бул абдан берилген жана адам көңүлүн калтырбаган белги. Текечерлер өзүнүн көз карандысыздыгы жана экономикалык камкордугу үчүн, жашоодо кандайдыр бир жаркындыкка умтулуп, дайыма тымызын күрөш жүргүзүп келет.

Эң жакшы практик болуу менен бирге, Текечерлер адамдын акыл-эсин эң бийик баалулук деп эсептейт. Керектүү билимдерге ээ болууга умтулуп, келечектеги жашоосу үчүн акылы менен коротууга аларды топтойт.

Бийиктиктерди бир багытта, кадам артынан кадам аркылуу багындырып, Текечерлер мындай жолдо адаттан тышкары чыдамдуу жана айтканынан кайтпаган адам болушат. Булар өзүулөрүнө ишенип, башкалардан көз каранды болгонду жактырбай, өзүнүн "Мен" дегенинин гана күчүнө ишенет. Кыялкечке караганда реалист болушуп, жашоого кооптонуу менен мамиле жасайт, анткени, жашоо алардын жолунда каалаган тоскоолдукту жаратаарына көздөрү жетет. Бирок кандай гана болбосун, булар пайда болгон тоскоолдуктардын булагын табып, аларды чече билишет. Жумушта Текечерлерге баш ийүүчүнүн ролуна караганда башкаруучунун ролу туура болот, тиричиликте да дал ушундай.

[ushka=seredina]

Өзүлөрүнүн кубаттуу натура болгонуна карабай, Текечерлер меланхолияга, ички санааларга жана жалгыздыкка ийимдүү келет. Булар абдан сезимтал келишип, көңүлгө жана кабыл алууга муктаж. Булар ийгиликтерине ыраазы болуп, кадыр-баркка жана бийликке да муктаж болушат.

Бирок, айрыкча Текечерлер салкын белгилерге кирет, анткени, буларга өзүнүн ойлорун жана иш-аракеттерин айтууга оор. Булардын эгоизминен көбүнчө айланасындагылар жана жакын адамдары азабын тартышат.

Текечерлердин акыл-эстүү жана жетишээрлик эсепчил натурасы аларды укмуштай чыдамкай кылат, бирок ар кандай оору-сыркоолордон эч ким толук сактана албайт, ал эми Текечерлер дал ушул оору-сыркоолорго ийимдүү. Буга себеп болуучулар: ички коркунучтар, ар кандай күтүлбөстүктөр жана жан дүйнөсүнүн санаачылдыгы болот. Кандай гана каршылык көрсөтпөсүн, булар ички пессимизмдүү сезими жеңип чыгып, аларды оптимизмдүү сезимдерге алмаштыра албайт.

Текечерлер эч качан мүдүрүлүп же чалынып жыгылбайт, анткени айланасын карайлабайт. Булар жашоодо сак болууга аракеттенип, түз карап, кандайдыр бир тоскоолдукка чалынып кетпес үчүн жашоодо буттарын да карап басат. Өзүлөрү туш болгусу келбеген түйшүктөрдүн образдарын кызганычтан жана кызуу кандуулуктан, жалкоолуктан жана олутсуздуктан жасап алышат. Булар романтикалуу да болушу мүмкүн, бирок, өзүнүн алсыз жактарын көрсөтпөө үчүн, эч качан эмоцияга алдырбайт.

Ал эми сүйүү жана нике жаатына кайрылсак, бул жакта да Текечерлер абдан сак болушат. Жөнөкөй адамды сүйүп калгандан көрө, коомдо салмагы бар адамды сүйүп калышы ыктымал. Өзүлөрүн никеге абдан узак мөөнөткө чейин даярдап, тескери кадам шилтеп, кулап кетишинен коркушат.

Амбицияларын өзүнө катып, Текечерлер сыртынан зыяны жок, уялчаак жана кичине кежир адам сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Булар адамдардын алсыз жактарын оңой эле табып алып, жана ушунун аркасында булар өз көзүндө күчтөнүп, бийлигин колдонуп, шахматтык текчеде лидерлик орунга ээ болот.

Текечерлердин негизги принциптери:

  1. Мен спринтер эмесмин, мен марафончумун.
  2. Талаада жалгыз дагы жоокер!
  3. Мыйзамды бузба, бирөөгө буюрса да, сени кармап алат.
  4. Өзүм үчүн аз эле нерсе керек, Менин буюмдарым-менин жетишкендиктеримдин күзгүсү.
  5. Жашоо ар бир станцияга так убакытта келүүчү поезд сыяктуумун.
  6. Үйдө отуруп, алыскы өлкөлөр жөнүндө сүйлөшкөн кандай ыракат.
  7. Чыныгы текечер коньяк сыяктуу сакталган убактысы менен айырмаланат.
  8. Өмүр бою бийиктикке умтулуп - эң бийиктиктен бир жолу ылдый карай түкүрүп коюууга не жетсин.
  9. Мен гана жыл өткөн сайын жашарам.
  10. Мен бара жатам, ышкырбайм, ал эми жеткен соң, коё бербей, кармай жатам.

Текечер жылдызынын айкалышуулары:

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 14867, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо