Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Текечер мырзалар

Текечер-мырзалар айрыкча сырдуу жана түнт болушат. Бир жагынан булар кубатуу жана амбициалуу. Сыртынан булар жалгыздыкты, өзү менен өзү болгонду жакшы көргөн адам сыяктуу көрүнүшү мүмкүн, бирок ал андай эмес. Анткени булар тартиптүү жана токтоо, ошондой эле өз иш-каракеттеринде жана маанайында тынч мүнөз жана эптүү келет.



Текечер-мырзалар дайыма көңүл коштук маскасын кийип жүрүшү мүмкүн. А чындыгында, масканын ичинде ушунчалык сөз менен айтууга мүмкүн эмес сезимдер катылып турат. Бирок текечерлер эч качан мындай сезимдерин коомдун сыноосуна чыгарбайт. Бирок мындай өзүн алып жүрүүнүн натыйжалары Текечердин өзүнө жана айланасындагыларга кандай оор экенин айтып коюуу зарыл. Текечерлер өзү менен өзү болуп, терең унчукпагандыкка кириптер болот. Жана мындай абалда булар, эгоизмге тыгылып, абдан көп убакытта болушу мүмкүн. Ошондуктан Текечер-мырзалар болгон таарынычтарын жана санааларын эсинен чыгарбай, жан дүйнөсүнүн теренинде кимдир бирөөгө жини келип, жана бул абалы менен күрөшүүгө максаттанбай, булар көп учурда өз жашоолорун жалгыздыкта өткөрүшөт.



Үстүнөн тынч жана ишенимдүү болуп, жан-дүйнөсүнүн тереңинде Текечерлер жаркын окуяларды издеген жана окуялардын күтүлбөгөн бурулуштарын күткөн жайдары жана назик кыялкеч болушу мүмкүн. Бирок, тереңдик ошонусу менен терендик, ал абдан алыс, ашык көздөрдөн терең катылган, жана ага жетүү мүмкүн эмес. Мындай мырзаларды тең салмактуулугунан чыгарып көрүү мүмкүн, бирок булардын ички "Мен" дегени дайыма өзүндө гана болот. Булар өзүлөрүнүн кыялдары жана каалоолоруна өз башын башкарууга жол бербейт, анткени булар дайыма өзүн контролдоп турууга аракеттенет. Булардын консервативдик адаттарында бир канча убакытка сыртка чыгууга мүмкүндүгү бар жалындаган, бирок жан-дүйнөсүнүн тереңинде гана күйүүнү каалаган от жашынып турат. Текечерлер көптөгөн сезимдерди ичине катып, бирок качан аларды мактап же чыныгы көңүлүн буруп угуп турса, булар такыр башкача болуп өзгөрөт. Адамдар абага жана сууга кандай муктаж болсо, Текечерлер да ошондой муктаждыктар сыяктуу эле мактоого абдан муктаж. Бирок бул муктаждыктарын алар сейрек гана көрсөтүп, ашык көздөрдөн катылып турат, ошого карабастан алар ага муктаж.



Текечер-мырзаларда баардыгы тескери болот. Мисалы, жаш куракта көңүл ачып, бейкапар күн өткөрүү керек болсо, алар өзүлөрүн олуттуу, акылман жана токтоо адам катары көрсөтөт. Ал эми орто жашка келип калганда, карама-каршы жакка өзгөрүлүп, жайдары болуп, баардыгын өз агымына коё берет, бирок таң калычтуусу, жыл өткөн сайын жакшы боло баштайт.



Ал эми үй-бүлөөлүк жашоодогу ишенимдүүлүгүнө кайрылсак, айтып коюуу керек, булар, өзгөчө бойго жеткен убакта, ар кандай романтикалык окуяларга берилиши мүмкүн. Бирок бул окуялар буларга эч качан үй-бүлөө, сүйүктүү жар жана бала-чака болбойт. Ошондуктан булар өз үй-бүлөөсүнө болгон ишенимсиздикке жол бербейт, анткени, булар үчүн өмүрлүк жары өзгөчө бир кредо болот.



Текечер-мырзалар, башка зодиак белгилерине салыштырмалуу, кечирээк сүйүшөт. Булардын жашоосунда биринчи ролдо карьералык тепкич турат. Качан бул тепкичте өйдөрөөк чыгып, туруктуу орунга ээ болгондо, үй-бүлөө курууга убакыт болот. Өмүрлүк жарды булар абдан тыкаттык менен жана шашпай тандашат. Текечер-мырзалар үчүн өмүрлүк жарынын жакшы эне жана кожойке болуу, акылдуу жана тарбиялуу үй-бүлөө коломтосунун сактоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болгон аял биринчи орунда турат. Ал эми сулуулук жана физикалык айкалышуулук, таң калычтуусу мындай мырзаларда эң акыркы орунда турат. Бирок, ушуну менен бирге, булардын өмүрлүк жары, анын үй-бүлөөсүнө жакпай калса, Текечер-мырзалар мындай айымдарды автоматтык түрдө келечектеги өз жашоосунан сызып салат. Эгер мамилелер бүт сыноолордон өтүп, никелешүү өтсө, анда мындай мамилелер бекем жана узак мөөнөткө созулат.



Текечерлер сүйүү сезимдеринде, өз түгөйүнө болгон комплименттерге кургак болот. Булар үчүн, баардык сөз менен айтылуучу сезимдер - кереги жок романтика.



Ал эми Текечер-мырзалардын аталык сапаттарын алсак, белгилеп кетүү керек, булар чоң тамгадан башталган Аталар. Өзгөчө көнүлдү жана баш ийүүнү талап кылып, алардын ордуна булар байланыштыкты жана курмандыктарды тартуулайт. Мындай мырзалар үчүн ата болуу, кумар эмес, башкача айтканда ата болуу булар үчүн олуттуу жоопкерчилик жана катуу тарбия.



Текечер-мырза бул - ичинде жандуу жана жылуу жүрөгү бар чыныгы күч-кубаттуу мырза. Эгер булар "Сүйөм" деп айтса, аны кайра-кайра кайталабайт, бул - мамилелердин туруктуулугун жана узак мөөнөткө созулаарын билдирет.

Сайтка жарнама жайгаштыруу