Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер жана тараза

Баш барак | Гороскоп | Текечер жана тараза

Белгилүү болгондой Таразалар абдан карама-каршы кайчы белги. Бир жагынан, Таразалар - бардык жагынан өз тең салмактуулукка ээ болгон, бир калыптуу белги. Экинчи жагынан, бул зодиак белгисинде төрөлгөн адамдарды өз тең салмактуулугунан чыгаруу оңой. Ал үчүн, каалаган билинбеген сөз же түшүнүксүз көз караштар жетишүү. Мүдөөлүк тең салмактуулуктан чыгып, бир жагына кыйшайып, кайра, экинчи жагына кыйшайып, айланасындагыларды да ушундай абалга алып келет. Ошондуктан, бул кызыктуу зодиак белгисиндеги адамды өнөктөш катары тандоо менен, маанай толкундарын тынчтандыруу жана мезгилдүү эмоциялык серпинүүлөрүн түздөй билүү зарыл. Ошону менен өзүлөрүн сууда сүзгөн балыктай сезген жөндөмдүү абалынын тең салмактуулугун сактоого жардам кылуу абзель. А бул көзгө көрүнгөндөй дайыма эле оңой боло бербейт. Таразалар абдан сезимталдуу келип, дайыма өз тарабына мактоолорду, колдоолорду жана суктанууларды айланасындагылардан күтөт. Бул аларды тынчтандырат жана шыктандырат.



Көп убакта Текечерлерди - "Компаниялардын ээси" - деп айтууга болбойт, анткени алар көп сүйлөшпөйт жана өз теңтуштарынын айланасын чектөөгө ийимдүү. Ошондой эле Текечерлер санааларын сыртка чыгарбоого аракет кылып, ичине катып, ойчул болушат. Ошол эле убакта, өзүлөрүнө бир максат койсо, ага жетүү үчүн абдан өжөр болушат. Алар конфронтацияга абдан зарыл болгондо гана барышат, андан көрө баш ийип, компромисске баруу, алар үчүн оңой. Булар жумшак, ойчул, кыялкеч адамдар. Жана буларга Таразаларды түшүнүп, тең салмактуулугун калыбына келтирүү абдан оор болот. Таразалардын маанайынын толкундоосу көп учурда Текечерлердин кыжырын келтирет. Текечерге дайыма компромисске барууга туура келип, Таразалар ал жагын колдонуп жаңы кыжырлануунун толкунун пайда кылат.



Маселелер мүдөөлүк деңгээлде да чыгышы мүмкүн. Таразалар бул жаатта Текечерлерге теңеле албайт, анткени Текечерлер аларды жалгыздыкта калтырат, Таразалар болсо мындайга чыдабайт. Ал эми Таразанын мүнөзү Текечерди бир түрдүү тиричиликте калтырат, а бул Текечерлердин ден-соолугуна кооптонууну жаратат.



Ушуну менен, эки карама-каршы белгинин биримдиги оңой жана ачык асмандуу боло бербейт. Булардын биргелешкен жашоосу узак, бирок корунуктуу эволюцияда өтүп, ар бири өз өнөктөшүн түшүнүүгө жана бир жыргалдыкка компромисс табууга аракеттенет. Албетте, Таразаларга караганда Текечерлерге бул жаата жеңилирээк болот, бирок, бир жагынан ага зор чымдамдуулук керектелет, анткени бул процесс оңой болбойт. Эгер Таразалар жана Текечерлер болгон акылын жана мүдөөлүк мүмкүнчүлүктөрүн жалпы жыргалчылыкка жана биримдикди бекемдөөгө жумшаса, бул биримдиктин бекемдиги андан дагы кубаттанат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1717, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо