Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Текечер жана чаян

Баш барак | Гороскоп | Текечер жана чаян

Өз ара сыйлашуу болгондо бул жакшы айкалыштардын бири. Түгөйлөрдүн экөө тең амбициоздуу келип, ийгиликке умтулуп турушат, бирок булардын экөөнүн тең атак-даңкты жакшы көрүүсүнөн өнөктөшүнүн ийгиликке жетүү каалоосун негативдүү кабыл алышы мүмкүн. Мүдөөлүк жактан жакын адамдар, достор жана сүйүүчүлөр. Булардын алдына коюлган бардык маселелер, биргеликте, түшүнүү менен чечилет.



Түйшүктүү маселелер мамилелерди бузат. Чаяндарга өзгөрүүлөр оорчулукту жаратпайт, ал эми Текечерлер абдан келишимдүү. Албетте, булар өз ара мүдөөлүк өсүүгө жана жаңыларды таанып-билүү умтулуулары менен мүнөздөрү келишет. Бул биримдик, сүйүүгө, достукка жана биринчиден иш шериктештигине толгон жакшы биримдик. Берилгендик жана эсептүүлүк, өлчөмдүүлүк жана күтүлбөстүк, сезимдердин тереңдиги жана олуттуулугу, эрктуулук жана максаттуулук, физикалык тартылуулар жана мүдөөлүк байланыш. Бул экөө биргелешип көптөгөн нерселерге жетишет. Эс алуулар гана аз болот. Булар абдан көз карандысыз болуп, бирөөсүнө жол берүүгө же баш ийүүгө туура болот. Мүнөздөрүн көрсөтүүлөр токтобосо, булардын түйшүктөрү күндөн күнгө көбөйө бермекчи. Бирок убакыттын өтүшү менен бул биримдикте теңчилик өкүм сүрөт. Албетте, чоң эмгек аркылуу.



Чоң ролду адам нарктуулугунун сезими жана булардын ар биринин ишти аягына чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү ойнойт. Социалдык жана материалдык ийгиликке булар абдан ишенимдүү барат, акырындык менен кадам артынан кадам шилтеп отуруп.



Бул экөөнүн ортосундагы эң чоң айырмачылык сексуалдык мамилелерде болот. Чаяндар өтө шыктуу жана өтө кумардуу, ал эми Текечерлер араң жылыйт, же муздап бараткан болот.



Мындай никеде Чаяндардын сырдуулугу конфликтердин себеби болбойт, анткени Текечерлер башка бирөөнүн сырларын жактырбайт. Бирок кээде абдан сезгич Чаянга Текечердин мындай көңүл коштугу таарыныч жаратат, анткени буларга кызыгуунун жоктугу, камкордуктун жоктугуна барабар, ал эми Текечер үчүн бул такыр башка нерсе. Булардын экөө тең депрессияга түшүүгө ийимдүү, ошондуктан мындай учурда түгөйлөргө бири-бирин түшүнүп, жардам көрсөтүүгө оңой болот.



Өзгөрүүлөр мамилелерге жаңыланууну жана көңүл эргүүлөрүн алып келет, бул жаатта өзгөчө саякатка чыгуулар пайдалуу. Булар бир убакта эле достор да, сүйүүчүлөр да боло алат, ал эми убакыттын өтүшү менен булардын достугу чыныгы тагдырдын белеги болот.



Эгер буларды жалпы бир максат же жалпы бир иш-чара бириктирсе, Текечерге пландын жана тактиканын иштеп чыгуусу зарыл, ал эми Чаяндар болсо оригиналдуу идеяларды жана иш-аракеттерде жаңы багыттарды сунуштайт. Биргелешип эмгектенүү менен булар каалаган бийиктиктерди багынтат. Анткени булар, ийгиликке жетүүнү түшүнүү үчүн мүмкүндүктөрдү бириктирүү зарыл экенин түшүнүүгө жетишээрлик эптүү келет.

Сайтка жарнама жайгаштыруу