Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мен кыргыздын акыны (ыр)

Баш барак | Адабият | Мен кыргыздын акыны (ыр)
Мен кыргыздын акыны
АвторАлыкул Осмонов
ДатаБелгисиз
ЖериБелгисиз

Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды,
Ушакчыдан: не кылам деп сурасам,
–Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!

Сатам! Алсын!
Кайдан билсин баркымы?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачуу
Мен кыргыздын акыны!

Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү к ойсо керек атымды.
Ичи арамдан: не кылам деп сурасам,
Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!

Сатам! Алсын!
Кайдан билсин баркымы?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңлүн куйкалачуу,
Мен кыргыздын акыны!

Жайгаштыруу: 2024-03-20, Көрүүлөр: 81, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу