TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Мен кыргыздын акыны (ыр) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Мен кыргыздын акыны АвторАлыкул Осмонов ДатаБелгисиз ЖериБелгисиз Ким берсе да жакшы берген бактымды, Ким койсо да жаман койгон атымды, Ушакчыдан: не кылам деп сурасам, –Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымы? Чайга салып жутар кезде: Заар тилин куйкалачуу Мен кыргыздын акыны! Карлуу күнү берсе керек бактымды, Аяз күнү к ойсо керек атымды. Ичи арамдан: не кылам деп сурасам, Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымы? Кантка салып жутар кезде: Кара көңлүн куйкалачуу, Мен кыргыздын акыны!
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу