Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Осмонов Алыкул (1915-1950)

Алыкул Осмонов (21-март 1915-жыл, Аулиетин уезди, Туркестан аймагы [азыркы Каптал Арык а., Панфилов району] — 12-декабрь 1950-жыл Фрунзе ш. Кыргызстан) — кыргыз акыны, драматург, көптөгөн кыргызча котормолордун ээси.

Алыкул Осмонов
Алыкул Осмонов
Туулган датасы21-март, 1915-жыл
Туулган жериАулиеатин уезди, Сырдарыя обласу, Түркстан аймагы, Россия империясы (азыркы Чүй облусу, Панфилов району, Каптал-Арык айылы, Кыргызстан)
Өлгөн датасы12-декабрь, 1950-жыл
Өлгөн жериФрунзе шаары, Кыргыз ССРи, СССР (азыркы Бишкек)
ЖарандыкСССР
УлутуКыргыз
Ишмердүүлүакын, драматург, котормочу
Жанрпоэзия, ырлар, поэма
Чыгармаларынын тилиКыргызча

Өмүр баяны

Алыкул Осмонов — 35 жылдык өмүрүндө улуттук профессионал поэзиябыздагы эч бир акын багындыра элек бийик чокуну багындырып, бийиктигинде түбөлүккө жашап калган кайталангыc талант.

Маалымат боюнча акын Каптал-Арык айылында 1915-жылдын 21-мартында (учурдагы Чүй облусунун Панфилов району) туулган. Беш жашка толо элек кезинде ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйлөрүндө тарбияланган.

Балалыгы

Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз биртууган, бооруңдан.
«Начар экен, бат оңолсун бала» — деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.
(А. Осмонов)

Алыкулдун балалыгы — «Агриппина Брунья Савельевна» (акындын тарбиячысы, экинчи энеси) өңдүү камкор тарбиячылардын алдында Токмоктогу балдар үйүндө өтөт. Интернатта ийримдердин активдүү катышуучусу, пионер отрядынын барабанчысы — Алыкулдун анча-мынча алгачкы ырлары дубал гезитке чыгып турчу дешет. Ошол мезгилдеги кыргыздын интеллигенттеринин уясы болгон Борбордук Педагогикалык техникумга окууга тапшырат.

Осмонов Токмоктогу балдар үйүндө
Осмонов Токмоктогу балдар үйүндө

Бирок жөтөлү өпкө ооруга өтө баштаганы билинип, ооруканага жатат. Оюн-карактыгы калып, мурдагыдай эч нерсеге кызыкпай, чогуу жашаган балдарынан бөлүнүп, ойчул, түнт болуп кетет.

Бир дептерди «Ынак дептер» атап, эч кимге көрсөтпөй ыр жазат. Техникумдун сүрөт жана драма ийриминин жетекчиси Игнатьевдин чыгармачылыкка байланыштуу насаатын уккандан кийин жазгандарын жашырбай калат. Ошол кезден, бир бөлмөдө жашаган Райкан Шүкүрбеков «Бул буюрса чоң акын болот» — деп ишеничтүү айтчу экен.

Алыкул Осмонов Райкан Шүкүрбеков менен
Алыкул Осмонов Райкан Шүкүрбеков менен

Ошол жылдары Улуттук басма сөз адабий материалдарга муктаж эле. Алыкул өзүнүн алгачкы ырлары жөнүндө Аалы Токомбаевден оозеки мактоо угуп, Жусуп Турусбековдун демилгеси менен студенттердин чөйрөсүндө чыгармачылык биринчи кечеси өткөндөн (жылы белгисиз) кийин кадимкидей өзүнө-өзү ишенип, шыктанып калат.

Алыкул Осмонов Аалы Токомбаев менен
Алыкул Осмонов Аалы Токомбаев менен

Айда, чамда, шумкар канат жаркылда,
Деңиз сүзгөн крейсердей калкылда.
Кол тие элек эчен кымбат иш жатат,
Отуз жаштын тоолорунун артында.
(А. Осмонов)

Чабуул журналы

1930-жылдары Фрунзе шаарындагы ачарчылыктын азабын тарткан Алыкул, ооруга туруштук бере албай, окуусун таштап, айылга кетүүнү чечет. Бактыга жараша «Чабуул» журналынан иш табылып, шаарда калат. «Ушундан тартып, көп окуп, көп жаза баштадым. Кээде ыр жазып отуруп, таңды да атырып жиберем» — деп өзүнүн күндөлүгүндө эскергени анык.

1933-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумду бүтүрүп, журналист болуп эмгектенген. 1936-жылга чейин «Чабуул» журналынын, «Жаш Ленинчил» газеталарынын редакциясыяларында иштеген. 1930-жылдан баштап басыла баштаган. 1935-жылы «Таңдагы ырлар» аттуу биринчи ырлар жыйнагын жарыялайт.

«Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан» (экөө тең — 1937), «Сүйүү» (1945), «Жаңы ырлар» (1949) жана башка жыйнактардын автору. Балдар үчүн да көп жазып, котормолорду жүргүзгөн.

Драматургия жаатында иштеген: «Коручу Кооман» (1947), «Абылкасым Жанболотов» (1948) пьесалары, драмалык комедия «Меркеге жөнөө керек» (1949) ж. б.

Маанилүү котормо

Биринчи котормосу катары Крылов И. Анын тамсилдери саналат (1937), бирок Осмоновдун жашоосундагы маанилүү котормо катары Шотанын «Жолборс терисин кийген баатыры» эсептелинет. 1938-жылдын майынан 1939-жылдын апрелине чейин Грузин акыны Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген баатыр» поэмасын которот.

Котормо кол жазма түрүндө эле акын-жазуучулардын арасында сөзгө алынып кеткендиктен, ошол эле жарык көргөн жылы совет адамдарынын саналуу өкүлдөрүнүн катарында «Ардак белгиси» орденине татыктуу болуп, СССР жазуучулар сюозуна мүчө болот. Алыкул Осмонов ошол мезгилде 24 гана жашта экен.

Котормонун алты жолу басылып, калың элге жеткенинин далили катары, бөбөктөргө «Тариел», «Тинатин» деген ысымдардын коюла башташы автор үчүн ардак белгисинен да артык сыймык болот.

Жол үстүндө биздин айыл кайыңды, (Каптал-Арык айылы балким мурда Кайыңды аталгандыр)
Күн кеч кирип, малдар бери жайылды.
Тандап, үнүп көп жылкынын ичинен,
Жакшы көргөн жетим тору тайымды.

Ал дүн экен, анчайын бир эсирме,
Учкул элем мен балапан кезимде.
Күн чыгыштан күн батышка аркырап,
Поезд менен жарышканым эсимде.

Күлүк жаштык, ошондо сен кайда элең,
Күкүк учкан гүл бакчалуу жайда элең.
Заманынын жыргалына мас болгон,
Ал кезекте мен да тайдай тай элем.

10-15 жыл зуулдап өтүп арадан,
Дем алышка үйгө келсем калаадан.
Жеңем менден «кайсы иштесин?» — деп сурап,
Ачкыл сунуп, уялыңкы караган.

Катуу тийди жүрөгүмө бул суроо,
Көңүлүмдө көрүнбөгөн миң буроо.
Өз ичимден акын болдум деп жүрсөм,
Кыйын экен мына минтип учуроо.

Жооп бербей, калп эле укпай мостойдум,
Кандай жеңе? журт аманбы? деп койдум.
Мен менмин деп кериген менен боюмду,
Чындыгында жаман акын окшоймун.
(А. Осмонов)

Пушкин, Лермонтов, Крылов жана башкалардын чыгармаларын которгон. «Ардак белги» ордени менен сыйланган.

Акындын сыйлык алып, аброю көтөрүлүп жүргөнүнө пейили тарып, көрө албастык кылган калемдештери да болуптур. Басылып чыга элек ырын дагы, кош маанилүү бир сөздү редактор бурмалап жеткирип баргандыктан улутчул, шектүү адам катары Республикалык коопсуздук сактоо кызматкерлерине көпкө чейин сурак берип жүрөт. Ошол жылдары басмага даярдаган «Лирика» аттуу ырлар жыйнагын өзү өрттөп салган дешет. Деги эле жүрөгү назик адам, ал күндөрү аябай чүнчүйт.

Махабат ырлар жыйнагы

1944-жылдын күзүндө, 1945-жылдын жазында Кой-Сарыда даарыланып жүрүп, өзгөчө жемиштүү иштептир. Көп сандагы ырлар менен 8 поэма бүтүрөт. «Махабат» ырлар жыйнагы жарыкка чыгат.

«Махабат» ырлар жыйнагынын жетишкендиктерин мактоого алган Темиркул Үмөталиев, Ясыр Шивазалардын пикирлерин толук жокко чыгарган Мидин Алыбаевдин «Мааниси жок Махабат» сын макаласы гезитке чыккан кезде Осмонов көлдө даарыланып жүргөн экен. «Ушундай да адилетсиз сын болобу?» — деп, аябай капа болот.

Мидин Алыбаевдин мааниси жок махабат макаласынын сүрөтү
Мидин Алыбаевдин «Мааниси жок махабат» макаласынын сүрөтү

Катыңды алдым, бирок ичин ачпадым,
Окубадым, кайра жооп жазбадым.
Билем, билем, сенин жазган сөздөрүң,
Ошондуктан, көлгө жыртып таштадым.

Бергин дедиң, алты сап ыр бердим,
Алты сап ыр ардагы ийримиңердин.
Бир сөз айтпай жерди тиктеп тим болдуң,
Сенин антээр кыялыңды билбедим.

Ошондуктан курбум сага таарынам,
Кайраттанам, кайра канат кагынам.
Көзүм барда дурус деген сөз укпай,
Көзүм жокто сонунуңду не кылам.
(А. Осмонов)

Коштошуу

Алыкул Осмонов студент мезгилинен тартып туулган айылына көбүрөөк каттачу. Көбүнчө жайында келип, кымыз ичип эс алчу экен. 1950-жылы (болжолдуу жайында) акын Эрмек деген балага ат арабаны айдатып барып, эч ким жок ээн жерге токтотуп, көк чөпкө оонап, өкүрүп-бакырып ыйлап, көпкө чейин көк асманды карап, чалкасынан жатыптыр.

Бир чети таң калып, бир чети аяп карап турган өспүрүм бала, мезгилинен эрте кетип бараткан кыргыздын бир залкар акыны, туулган жердин топурагы, чөбү, асманы менен акыркы ирээт коштошуп жатканын ошондо кайдан билсин.

Осмоновдун жылмайып түшкөн сүрөтү
Осмоновдун жылмайып түшкөн сүрөтү

Каза болушу

1950-жылдын 12-декарында отуз беш жаш курагында өпкө оорусунан улам Фрунзе шаарында каза болгон. Осмоновго республиканын Ленин комсомол биринчи сыйлыгы өлгөндөн кийин берилген. Кыргызстан жазуучулар биримдиги тарабынан Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык уюшулган. Алыкул Осмонов сыйлыгы Кыргызстандагы жазуучулардын арасындагы сыйлыктардын үчүнчү орундагы мааниге ээ болгон, Бүткүл Союздун Ленин атындагы жана Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктан кийинки. Акындын жашоосун жана чыгармачылыгын изилдөө максатында 1994-жылы республикалык коомдук-адабий фонд түзүлгөн.

Жеке жашоосу

Алыкул жана Айдай

«Ашыктыктын кадырын билем десең, агымы катуу сууну кеч, ашуусу бийик тоону аш» — Алыкул Осмонов.

Айдайдын сүрөтү
Айдай

Акындын биринчи сүйүүсү, педтехникумдун студенти Айдай аттуу кызга арналат. Экөө кадыресе баарлашып, Айдайдын сабагы бүткөнчө педтехникумдун алдында күтүп, узун жолду кыскартып, ашыктык ырларын окуп, шаарга жакын жайгашкан Токбай айылына чейин узатып барып турат.

Бирок, кыздын ата-энеси башка адамдарга куда-сөөк болобуз деп убада берип койгондуктан 1937-жылдын май айында Айдай менен Алыкул коштошушат. Алыкулдун «Сулууга» (Асанкалый Керимбаевдин аткаруусунда) деген ыры дал ушул Айдайга арналган деген кептер бар.

Алыкул жана Зейнеп

Чыгармачылыктагы тынымсыз изденүүлөрдүн акырындап акыбети кайтып, материалдык абалы да бир топ оңолуп калган акын жанга күйүмдүү жар күтүп, өзүнчө түтүн булатуу жөнүндө олуттуу ойлоно баштайт. Ошентип, очоктогу жубайы Зейнеп менен кыргыз маданиятынын Москвадагы күндөрүнө карата даярдалган концертте таанышып калат. Кызга сыртынан мурда эле көз салып жүргөн акын, ошол күнү колун сурайт. Театралдык институттун биринчи курсунда окуп жаткан 16 жаштагы Зейнеп мындай күтүүсүз сунушка таң калып бир кызыктай абалда болот. Муну байкай койгон кыраакы жигит, «мейли окууңа тоскоол болбой күтө турайын, бат-бат келип турам» — деп сыпаа коштошот.

Чындап эле ошондон тартып, Алыкул Москвага тез-тез барып турган.

Ошентип, Зейнеп менен Алыкул 1941-жылы үйлөнүшөт, башында баардыгы ойдогудай болот. Жаш жубайлар жанаша олтуруп, эчен сонун кыялдарга батышат. Буюрса согуш бүтсө Ысык-Көлгө көчүп кетебиз, көл жээгинде кичинекей үйүбүз болот, мен ыр жазам, сен уй саайсың, анан экөөбүз бүлдүркөн теребиз деген сыяктуу.

Экөө сүйлөшүп жүргөн кезде акындын талантын, өзүнө жасаган камкордугун акылга салып баалаганы менен чындыгында Зейнепте Алыкулга карата жалындаган чоң сүйүү болбоптур.

Бат эле экөөнүн кайнаса каны кошулбаган эки башка дүйнө экени билинип, түнт акынды шайдоот келинчеги түшүнбөй, жароокер келинчектин тилин ойчул жубайы таба албай кыйналышат.

Кызы Жыпар

Ушундай күндөрү экөөнү ынтымакка чакырган периштедей болуп, ортодо наристе төрөлөт. Андагы жаш атанын кубанычында чек жок эле. Жубайы менен наристенин абалын сурап, төрөт үйүнө күнүнө эчен келип кетет. Тандап отуруп «Жыпар» деген ат коёт. Бирок таш боор тагдырдын бергенинен алганы бат болуп, он беш күндүк Жыпар чарчап калат.

Бар болсо экен, картайганда көргөнү,
Соо болсо экен, жаштын жаңы жөлөгү.
Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
Өлбөсө экен, өлбөсө экен, башкалардын бөбөгү.
А. Осмонов

Ошол жоготуудан кийин, акын көпкө чейин күлбөй, сүйлөбөй, калем кармап ыр да жазбай кадат. Зейнеп экөө биротоло ажырашат. Ошол мезгилде бир короодо чогу жашаган жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун «Түндүн бир кайсы маалында эшикке чыкпагын, акындын карааны үңкүйүп, бозоруп тепкичте отурат же эч дабышсыз көлөкөдөй болуп ары-бери басып жүргөнүн көрүп жүрөгүм сыздачу» — деп эскергени бар. Ага кошумча күн санап оорусу да күчөй баштайт.

Чыгармачылыкка кайтуу

Табиятынан кайраттуу акын акырындап эл аралап, уламыш, макал-лакап чогултуп, эң кооз жайлоолордо болуп, кымыз ичип, ден-соолугун чыңдап, кайра эле чыгармачылыкка баш-оту менен киришет. Жакшы тилек, жаңы үмүт менен азыркы Бишкек шаарындагы К. Акиев жана Ж. Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдү сатып алат.

Осмоновдун Бишкек шаарындагы Акиев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйү
Осмоновдун Бишкек шаарындагы Акиев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйү

Үйүм таза, мыкты жашайм, бай турам,
Досторумдан жылуу, сылык сөз угам.
Түн жарымда мени уйкудан чочутуп,
Ким ой бул, тереземди тырс-тырс урган.

Тырс урган учук оору сен белеңсиң,
Мен бир бак очогуңда жылынган.
Болду эми жетет, ары кет,
Эшимгимде дөбөтүм бар жулунган.
Кет ары, кет ары менден аң турган. А. Осмонов

Акындын жаңы үйү Ленин атындагы станок куруу заводуна жакын болгондуктан «ФЗОдогу иниме», «Жумушчунун мүнөзү», «Завод көрдүм», «Маляр» сыяктуу эң сонун, жөнөкөй, жеткиликтүү ырларды жаратат. Ал кезде Алыкул Осмонов менен бир үйдө жашаган 16 жаштагы жээни Болотбек азыр ак сакалдуу карыя.

«Таякем ыр жазаарда көбүнчө радиодон музыка угуп, анан терезенин маңдайындагы столдо көпкө чейин ойлонуп отуруп, каршы-терши басып, кайра олтуруп ыр жазчу»
жээни Болотбек
Көл тереңи Ысык-Көл болсо, акын тереңи Алыкул.
Эрнис Турсунов

Алыкул Осмонов маданиятта

2012-жылдын 18-мартында журналист Айдай Чотуеванын (Эрнест Абдыжапаровдун окуучусу) «Мезгил жана Алыкул» аттуу толук метрраждуу кинотасмасы чыгат, Айдай фильмдин режиссёру жана сценаристи да болгон.

Сценарий Памирбек Казыбаевдин «Мезгил жана Алыкул», Кенеш Жусуповдун «Сапар» аталган китептеринин негизинде жазылган.

Буга чейин автор тарабынан кыска метраждуу «Сүйүү жана Алыкул» фильми тартылып, андан белгилүү акындын сүйүүсү жөнүндө болот.

Кино тартуулар Сокулукта, Кашка-Суу жана Чокморов айылдарында, ошондой эле Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн. Фильмдин негизинде — акындын жашоосундагы өткөн жүз жылдыктын 30-жылдарынан 50-жылдарга чейинки окуялар жатат.

«Биз Алыкул Осмоновдун биринчи сүйүүсүн, анын чыгармачылыгынын жаралуусун көрсөттүк», — дейт фильмдин автору.

Осмоновдун ролун «Учур» театрынын актёру Чынгыз Мамаев аткарган. Мурда ал спектакльдарда да акындын ролун аткарчу. Осмоновдун биринчи сүйүүсү Айдай Жигиталиеванын ролун актриса Назира Бердигулова, акындын аялы — Зейнептин ролун Гүлнур Асанова аткарган.

2011-жылы Жыпар Исабаева «Алыкулду сүйгөн кыз» аттуу повесть жазып, анда Жамийла Сулайманова аталган кыздын акынга болгон назик сүйүүсү, анын Алыкул менен таанышуусу жана мамилеси баяндалат.

Автордун айтымында повесттик каарманы Жамийла Суйламанова менен байланышып, материалдарынын бир канча бөлүгү анын эстөөлөрүндө негизделген.

Памирбек Казыбаев 2000-жылы акындын чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу максатында «Алыкул үй-борбору» коомдук бирикмесин түзгөн.

Сыйлыктары

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

  • Таңдагы ырлар, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1935-жыл, 127 б.
  • Жылдыздуу жаштык, ырлар жыйнагы, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1937-жыл, 62 б.
  • Чолпонстан, ырлар жыйнагы, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1937-жыл, 96 б.
  • 8-гвардиялык дивизия (түзүүчү), Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1942-жыл, 35 б.
  • Махабат, ырлар, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1945-жыл 76 б.
  • Балдар үчүн, ырлар, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1947-жыл, 28 б.
  • Жаш акындардын ырларынын жыйнагы (түзүүчү), Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1947-жыл, 99 б.
  • Менин жерим — ырдын жери, ырлар, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1947-жыл, 80 б.
  • Жаңы ырлар, ырлар жана поэмалар, Фрунзе ш. Кыргызмамбас, 1947-жыл, 86 б.
  • Жаңы ырлар, Фрунзе ш. Кыргызмамбас, 1949-жыл, 131 б.
  • Тандалмалуу ырлар жана поэмалар, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1954-жыл, 264 б.
  • Ата журт, жарыяланбаган чыгармалар, Фрунзе ш., Кыргызмамбас, 1958-жыл, 200 б.
  • Россия, ырлар, Фрунзе ш. Кыргызмамбас, 1964-жыл, 16 б.
  • Чыгармалар жыйнагы, 3 томдук:
    • 1-том, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1964-жыл, 64 б.
    • 2-том, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1965-жыл, 660 б.
    • 3-том, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1967-жыл, 670 б.
  • Балдар менен турналар, ырлар, Фрунзе ш., Мектеп, 1965-жыл, 23 б.
  • Ырлар жыйнагы, Фрунзе ш., Мектеп, 1965-жыл, 82 б.
  • Көл толкуну, тандалган ырлар жана поэмалар, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1972-жыл, 372 б.
  • Пионер ыры, ырлар, поэмалар, котормо, Фрунзе ш., Мектеп, 1974-жыл, 207 б.
  • Түлкү менен каздар, Фрунзе ш., Мектеп, 1973-жыл, 19 б.
  • Ырлар, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1974-жыл, 62 б.
  • Толубай сынчы, ырлар, поэмалар, Фрунзе ш., Мектеп, 1979-жыл, 80 б.
  • Балдар жана турналар, ырлар, Фрунзе ш. Мектеп, 1980-жыл, 10 б.
  • Балдар ыры, ырлар, Фрунзе ш., Мектеп, 1988-жыл, 16 б.
  • Чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу:
    • 1-том: Ырлар, поэмалар, Фрунзе ш. Кыргызстан, 1984-жыл, 296 б.
    • 2-том: Поэмалар, драмалар, легендалар, Фрунзе ш. Кыргызстан, 1985-жыл, 344 б.
    • 3-том: Котормолор, Фрунзе ш. Кыргызстан, 1986-жыл, 278 б.
  • Махабат, ырлар, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1990-жыл, 52 б.
  • Көл толкуну — Wayes of the lake (кыргызчадан англисче которгон У. Мэй), Бишкек ш., Сорос-Кыргызстан, 1995-жыл, 148 б.
  • Аккан суу — Live water, ырлар (кыргызчадан англисче которгон У. Мэй), Бишкек ш., Арал фонду, 2000-жыл, 72 б.
  • Балдарга, Детям, For children, Бишкек ш., Алыкул үй борбору, 2000-жыл, 56 б.

Орус тилинде

  • Мой дом, стихи, Москва ш., Советский писатель, 1950-жыл, 156 б.
  • Мой дом, стихи, Фрунзе ш., Киргизгосиздат, 1954-жыл, 136 б.
  • Избранное, стихотворения, Москва ш., Советский писатель, 1955-жыл, 184 б.
  • Избранное, стихи, Москва ш., Политиздат, 1958-жыл, 304 б.
  • Лиса и гуси, Фрунзе ш., Мектеп, 1974-жыл, 20 б.
  • Избранное, стихи и поэмы, Москва., Художественная литература, 1975-жыл, 272 б.
  • Дети и журавли, Фрунзе ш., Мектеп, 1981-жыл, 6 б.
  • Отчий край, стихотворения и поэмы, Фрунзе ш., Кыргызстан, 1987-жыл, 256 б.
  • Стихотворения и поэмы, Ленинград ш., Советский писатель, 1990-жыл, 303 б.

Башка тилдерде

  • Дети и журавли, стихи, Таллин, Ээсти раамат, 1984-жыл, 11 б., эстончо.
  • Толубай сынчы, поэма, Алма-Ата ш., 1963-жыл, казакча.

Котормолору

Эстелик

Айрым чыгармаларына жана өзү жөнүндөгү маалыматтарга шилтемелер

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 74323, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо