Манастын туула элегиндеги бабалары

(С. Каралаевдин варианты боюнча)

Түп атасы түгөл кан,

Түбүнөн кыдыр даарыган.

Башкы атасы баары кан,

Башынан кыдыр даарыган.

Түнөп өткөн жерине,

Түптүү мазар орногон,

Басып өткөн жерине,

Базарлуу калаа орногон.

Түп атасы Бабурхан,

Бабурхандан Төбөйхан.

Төбөйхандан Көгөйхан,

Көгөйхандан Ногойхан.

Ногойхандан Жакыпхан,

Кыргыздан тарап туулган.

Мунун кайратынан жан чыгып,

Кытайга салган чуулган.

Кайраттуу, мыктуу, заары күч,

Буда катылганды кылган түз.

Каракан ээлеп турганда,

Мейманкана беш сарай,

Берендин жайын сураба,

Мунун белгилүүсү бир далай,

Билеги жоон таш жүрөк,

Каракан болуп аталып,

Ал дагы бир мүчөлүү бадирек,

Айзакердек артык эр,

А дагы казылганды кылган түз.

Айбаты бийик заары күч,

А дагы ааламга чыр салган,

Ал Каракан өлгөндө,

Кайра келбес чын жайды,

Ошол киши көргөндө,

Аргын менен кыргыздын,

Кереге-уугун кыйратып,

Кытайдын Молто кан чыгып,

Келин-кызын ыйлатып,

Кытайдын Молто кан чыгып,

Кылымга татып чатагы,

Алөөкө деген да чыгып,

Балбандарын шайлашып,

Балбанын мыктуу камдашып.

Аргын, кыргыз аралаш,

Өзөн бойлой конгондо,

Каяшаякка жан калбай,

Каяша айтып коюуга,

Калың журттан ал калбай.

Кытайлардын Молто кан,

Калайманды баштады,

Каяшаяк бергенди,

Койбой кырып таштады.

Алымын артык жороду,

Кайра айтып койгонду,

Кызыл канга боёду,

Кылча жанды койбоду,

Кайраттанып алганда,

Калың кыргыз аргындын,

Каны суудай ташыды,

Каракан түшүп эсине,

Калың журттар жашыды.

Кара калмак манжуу журт,

Каарын салып узду алды.

Олжо кылып оңбогур,

Беш көкүлдүү кызды алды.

Талдын баарын сулатты,

Тамдын баарын кулатты,

Такыр чаап алды эми,

Акыр татыр заманды,

Журт башына салды эми.

Түтүнгө аламан салганы,

Тутанып кеткен бул доңуз.

Такыр жыйып алганы,

"Ал Каракан, өлбө - деп,

Бул өндөнгөн кордукту, Мендесине бербе!" - деп,

Калайыктын баары ыйлап,

Карып калган чал ыйлап,

Эртең тартып алат" - деп Ойноо - өспүрүм кыз ыйлап,

Ай, Каракан өлбө" - деп Бул өндөнгөн кордукту,

Мендесине бербе" - деп,

Ал Каракан өтүптүр.

Кан талоосу бек азап,

Кандан калган кыргызды,

Камчыга ченеп бөлүптүр,

Молто менен Алөөкө,

Арага мыктап алыптыр,

Азапты бекем салыптыр,

Алы жок, алсыз кыргызга,

Түтүнгө асый салыптыр.

Түгөнүп кеткен ал чочко,

Такыр жыйып алыптыр.

Аргын менен кыргыздын,

Жаккан отун өчүрүп,

Жабылта баарын көчүрүп,

Ал Каракан өлүптүр.

Каяша берген киши жок,

Аргын менен кыргызды,

Астын бапан айдаптыр.

Алсыратып ал журтту,

Түк койбой баарын жайлаптыр.

Каарланган капырга,

Же кармап берер мал калбай,

Же каяша айтар жан калбай,

Тополоңу тоз болуп,

Токтобой качып кайран журт,

Капаланып кайгырып,

Калк айласын табуучу,

Каракандан айрылып.

Айласын таппай быркырап,

Кан өлгөндө эки кан,

Кайратты мыктап салыптыр.

Кара кылбай калың журт,

Капкайда тентип алыптыр.

Алымына чыдабай,

Бирөө тентип Алтайга,

Бирөө тентип Каңгайга,

Бирөө тентип Урумга,

Бирөө тентип Кырымга,

Элсиз эркин жер калып,

Каны жок каңгып эл калып,

Каракандын катыны,

Кара кийип тул калып.

Каракандын өзүнөн,

Казына толгон бул калып.

Каракандын сегиз уул,

Мунун баары жаштоо тегиз уул.

Бул Каракан өлгөндө,

Боортокто баары жаш калып.

Болбогон баары мас калып,

Атасы өлүп жаш калып,

Ошо Каракандын сегиз уул

Кээси жалкы кээси эгиз,

Мунун эрдиги журтка эңтегиз.

Калайыктын баарысы,

"Жетим балдар чоңойсо,

Мунун бир пайдасы тиер" - деп,

Тилек кылып жүрүүчү.

Атасы Каракан эле,

Каракандын сегиз уул бар эле,

Аман жүрүп чоңойсо,

Ажыратып кыргызды ала турган бала эле.

Балдардын эрени Жакып, Улак кан,

Кыр жагынан чалдырып,

Казына менен калың эл,

Дүйнөсүн талап алыптыр,

Муну менен ал балдар,

Талаада боздоп калыптыр.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)