Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Компьютердин тузулушу

Компьютердин негизги түзүлүштөрү системдик блокто жайгашкан, «компьютердин тузулушу» жөнүндө тагыраак жазууга аракет кылдык. Системдик блоктун ичинде: негизги плата, процессор, видео карта, оперативдүү эс, диск (HDD - hard disk drive), дисковод, желдеткичтер, кошумча карталар бар. Системдик блоктун тышында монитор, клавиатура, чычкан, үн чыгаруучу түзүлүштөр, принтер, модем ж.б. кошулат. Бул макалада биз компьютер эмнеден тураарын, алардын кебетеси кандай, эмне функция аткарат жана жайгашкан жерлерин карайбыз.

Системдик блоктун ичиндеги түзүлүштөрдү билип алалы, аларды комплектөөчүлөр деп дагы аташат. Булар компьютердин иштөөсүнө абдан маанилүү. Айтмакчы, компьютериңиз болсо, системдик блоктун ичин ачып карап көрсөңүз болот. Бул оор деле эмес, системдик блоктун арынтагы буруманы чечип, капталдагы жаап туурган темирди жылдырсаңыз оңой эле ачылат, аларды биз азыр ирети менен карап чыгабыз.

Компьютердин түзүлүшү

Негизги плата

Негизги плата - окемдер аны материнская плата деп өзүнүн сөзү менен аташат, кээде системдик плата делет, бирок илимий тилде жана мааниси жагынан негизги плата (азыр motherboard, мурда mainboard) деп которулат жана түшүндүрүлөт. Бул компьютердин негизги түзүлүштөрүн кошуу үчүн жасалган печаттык плата. Түзүлүштөрдүн кээ бири түздөн-түз платадагы атайын орундуктарга отургузулат, мисалы: процессор, видеокарта, оперативдүү эс. Түзүлүштөрдүн башка бөлүгү, мисалы диск (HDD) же кубаттандыруу блогу негизги платага атайын зымдар менен туташат.

Негизги плата
Негизги плата

Процессор

Процессор - бул микросхема ошол эле мезгилде компьютердин мээси. Анткени, ал аткарылуучу бардык операцияларга жооп берет. Канчалык процессор жакшы болсо, ошончолук операцияларды тез аткарат, компьютер тезирээк иштейт. Албетте, процессор компьютердин ылдамдыгына таасирин тийгизет, бирок дисктин, видеокартанын, оперативдүү эстин, кубаттандыруу блогунан дагы компьютердин ылдамдыгы көз каранды. Ошондуктан башкалары эскирип калган болсо, эң күчтүү процессор дагы компьютердин ылдам иштөөсүнө жардам бере албайт.

Процессор
Процессор

Видеокарта

Видеокарта - аны графикалык карта, графикалык ылдамдаткыч деп дагы аташат. Ал монитордун экранына сүрөттүн көрсөтүлүүсүн камсыздайт. Атайын PCI-Express слотуна отургузулат, ошондой эле видеокартанын негизги платада орнотулган моделдери да болот, тагыраак айтканда ар бир компьютерде бар, бирок негизги платага орнотулган видеокарталар көп учурда кеңседеги жумуштарды аткарганга эле күчү жетет.

Видеокарта
Видеокарта

Оперативдүү эс

Оперативдүү эс - илгерки оюн приставкаларынын картриджине окшош тик бурчтуу жашыл планка. Аты айтып тургандай эле маалыматты убактылуу сактоо ишин аткарат. Мисалы, ал маалыматты алмашуу буферине сактайт. Кайсы бир сайттан текстти көчүрүп алсак, ал дароо оперативдүү эске барып түшөт. Иштеп жаткан программалар, компьютердин уктоо режими жана башка убактылуу маалыматтар оперативдүү эсте болот. Компьютерди өчүргөндө же кайра жүктөгөндө оперативдүү эстеги маалыматтар өчүп калат.

Оперативдүү эс
Оперативдүү эс

Диск (HDD/SSD)

Диск - Оперативдик эстен айырмаланып, маалыматты көп убакытка сактоого арналган. Маалымат атайын пластиналарда сакталат, маалымат магниттешүү жолу менен жазылат жана өчүрүлөт, бул HDD (Hard Disk Drive) дисктерине мүнөздүү, анын ичинде дайыма айланып туруучу диск бар, аталышы да ушундан чыккан. Ошондой эле акыркы убакта SSD (англисче Solid-State Drive) дисктери дагы чыга баштады. Булардын өзгөчөлүктөрү ылдам иштөө, ичинде эч кандай айланган, кыймылдаган механизм жок, жогорку температураларга азыраак кабылат. Ушуга байланыштуу булардын баасы дагы кымбат. 64Гб SSD диск 1000Гб HDD дисктин баасына тете (2016). А бирок 64Гб SSD диск сатып алып аны системдик диск катары колдонсо, башкача айтканда ага Windows оперативдүү системин орнотуп алса, компьютердин иштөө ылдамдыгы алда-канча көбөйөт. Компьютер тез жүктөлүп, программалардын иштөөсү бир кыйла тездейт. "Компьютердин тузулушу" дисксиз иштөөсү мүмкүн эмес.

HDD диск
HDD диск
SSD диск
SSD диск

Дисковод

Дисктер менен иштөөгө керек. Дисководду, көбүнчө DVD ROM аз колдонулуп баратса дагы (2016), компьютерлерде бар, жок дегенде Windows оперативдүү системасын орнотуп алууга жардам берет. Ал эми магниттик дисководтор (FDD - Floppy Disk Drive) эбак эле керектен чыккан.

Флоппи дисковод
Флоппи дисковод
CD/DVD дисковод
CD/DVD дисковод

Муздатуу системасы

Муздатуу системасы - компьютердин ичиндеги түзүлүштөрдү муздатып туруучу желдеткичтер жана радиаторлор. Негизи компьютерде 3 желдеткич жана бир нече радиаторлор бар, чоңдору азыраак, кичинекейлери көбүрөөк. Сөзсүз түрдө бир желдеткич жана бир чоң радиатор процессорго орнотулат, ушундай эле нерсе видеокартада жана камсыздоо блогунда. Системдик блоктун ичиндеги жалпы температураны бир калыпта сактоо, абанын алмашып туруусун камсыз кылуу жана чаң басып кетүүдөн сактоо максатында системдик блоктун корпусуна бирөө, кээде эки желдеткич орнотулат. Дискке дагы желдеткич орнотулат, бирок ал эрежени эчким сактабайт.

Желдеткич радиатору менен
Желдеткич радиатору менен

Үн картасы

Үн картасы - компьютердин үндөрүн, үн чыгаруучу түзүлүштөргө (колонкаларга) берет. Негизи, үн картасы негизги платага башынан орнотулган болот. Бирок кээде бузулуп калат дагы же болбосо колдонуучу жактырбай өзүнчө үн карта сатып алынат. Кыскасы үн картасы системдик блоктун ичинде болуусуна укуктуу десек туура болот.

Үн картасы
Үн картасы

Кубаттандыруу блогу

Кубаттандыруу блогу, же электр түзөткүч (өзгөрмө токту, туруктууга айлантат) айтылган түзүлүштөрдү электр энергиясы менен камсыздайт. Эгер компьютерде түзүлүштөр көп болсо, компьютер күчтүүлөнтүп чогултулган болсо, кубаттандыруу блогунун кубаттуулугу дагы жогору болуусу эреже.

Компьютердин кубаттандыруу блогу
Компьютердин кубаттандыруу блогу

Корпус

Корпус негизги платаны, процессор, видеокарта, оперативдүү эс, диск, дисковод, үн картасы, кубаттандыруу блогу жана мүмкүн кошумча түзүлүштөрдү бир жерде кармап, туура туруусун камсыздоо үчүн бизге системдик блоктун корпусу керек. «Кейс» деп да аташат, англисче «case» (кутуча) деген сөздөн келип чыккан. Анын ичинде бардык түзүлүштөр ирети менен тыкан орнотулат, өчүрүү/күйгүзүү, кайра жүктөө баскычтары, маңдайкы USB панель кошулат. Корпус компьютерди механикалык зыяндуу таасирлерден сактайт.

Компьютердик кейс
Компьютердик кейс

Перифериялык түзүлүштөр

Компьютерде толук кандуу иштеп баштоо үчүн бизге перифериялык түзүлүштөр керек болот. Алар системдик блоктон тышкаркы түзүлүштөр.

Монитор

Компьютерде эмне менен иштеп жатканыбызды көрүү үчүн керек. Видеокарта сүрөттөлүштү мониторго берет. Ижара алар VGA же HDMI кабели менен туташкан.

Монитор
Монитор

Клавиатура

Клавиатура - маалыматты компьютерге киргизүү үчүн арналган, албетте, клавиатурасыз компьютерде иштөө кантип болсун? Текст жазуу, оюн ойноо, интернетке кирүү, бардык жерде клавиатура керек.

Клавиатура
Клавиатура

Чычкан

Экрандагы курсорду башкаруу үчүн зарыл. Ары-бери жылдырып, файлдарды жана папкалардын ордун которуштуруп, ачып, программаларды иштетүүгө жардамы чоң. Клавиатурасыз иш болбогондой эле, чычкансыз дагы иш жүрбөйт.

Компьютердик чычкан
Компьютердик чычкан

Колонкалар

Колонкалар - негизинен компьютердин үндөрүн чыгарууга керектелет, аны менен музыка угуп, кино көрүп, оюн ойногондо керектүү. Колдонуучулардан башка колонкаларды ким иштетмек эле.

Компьютердик үн чыгаргычтар
Компьютердик үн чыгаргычтар

Принтер, сканер, КФТ

Принтер, сканер, КФТ (көп функционалдуу түзүлүш, орусча МФУ). Принтер менен сканерден документтердин басып, сканерден өткөрсө болот, КФТ болсо бардык жумушту аткара алат, басып чыгарат, сканерлейт, көчүрмөсүн чыгарат, факс жөнөтөт жана башка функцияларды аткарат.

Компьютердик принтер
Компьютердик принтер

Берилген сүрөттөр иллюстративдик мүнөздө.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-09-14, Көрүүлөр: 98948, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо