Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Принтер деген эмне

"Принтер деген эмне" - принтер маалымат-графикаларды кагазга басып чыгаруучу аппарат, принтер деген сөз англис тилинен алынып (printer) басып чыгаруучу же чыгаруучу болуп которулат. Бардыгы түшүнүктүү болуусу үчүн сөз башынан макала мазмуну менен таанышып алалы.

Мазмуну:

Принтер эмне кылат?
Принтер компьютердик маалыматтарды адам баласына жеткиликтүү тамгаларга, символдорго, белгилерге жана фигураларга айлантып берет. Символдор же графика кагазда чекиттердин жыйындысы менен берилет. Графиканы жана символдорду түзүү чыгаруучу аппараттын бөркүнүн жардамы аркылуу ишке ашырылат. Кагаз бетине басуу мурда (азыр деле көбүнчөсү) эки багытта жүргүзүлчү: чыгаруучу бөрк сол жактан оңго карай жана оң жактан солго жылат. Учурда басуучу бетке салыштырмалуу төрт багытта басуучу принтерлер бар: оңдон солго, солдон оңго, өйдөдөн ылдый, ылдыйдан өйдө. Ырааттуу саптарды басууда аппараттын атайын валдарынын ортосунан кагазды тартып кетуучу механизмдин жардамы аркылуу ишке ашырылат. Азыркы учурдагы принтерлердин функциялык мүмкүнчүлүктөрү кагазга сүрөттөрдү, суротторду басып чыгууга, ошондой эле слайддарды алуу үчүн маалыматты озгочо пленкага басууга да мүмкүнчүлүк берет.

Кагазга графика жана символдорду басуу ыкмалары менен принтерлер төмөнкүдөй бөлүнөт:

Документтерди басууда колдонулуучу өңдөрдүн саны менен принтерлер түстүү жана ак-кара болуп бөлүнөт. Басуу ыкмалары болсо экиге бөлүнөт: уруп басуучу анан урбай басуучу.

[ushka=seredina]

Принтерлер колдонуучу сыялар үчкө бөлүнөт:

Принтерлердин маанилүү мүнөздөмөлөрү:

Кагаздагы сүрөттөлүштөрдү алуу ыкмасы боюнча, боёчу, материалды түшүрүү ыкмасына карай: сыя бурккуч, матрицалык, термалдык, литердик.

Эми принтерлердин негизги түрлөрүн карайлы.

Матрицалык принтерлер. Матрицалык аппараттар уруп басуучу түзүлүштөргө кирет. Сүрөттөлүш боёгуч тасма менен кагазды ургулоочу ийнелердин жардамы аркылуу түшүрүлөт. Боёгуч тасма сүрөттөлүштүн изин кагазга калтырат. Принтердин коптогон ийнелери бекитилген бөркү керектүү сүрөттөлүштү алуу үчүн керектуу ийнени иштетет. Бөрктөгү ийнелердин саны канчалык коп болсо, басып чыгаруунун сапаты ошончолук мыкты болот. Матрицалык принтерлердин бөрктөрү 9, 18 жана 24 ийнеден түзүлгөн топтон турушат.

Сыя бүрккүч принтерлер. Сыя бүрккүч принтерлер урбай басуучу түзүлүштөргө кирет, себеби басуучу түзүлүштүн бөркү кагазга тийбейт. Сүрөттөлүштөрдү алуу үчүн сыя колдонулат, ошондуктан принтердин бөркү сыя челекти элестетет, анда соплолордун кичинекей тешиктеринен сыялардын ичке агымдары бүркүлот. Микроскопиялык тамчылар кагаз бетине жетип, керектүү сүрөттөлүштү түшүрүшөт. Соплолордун саны 12ден 64кө чейин болушат. Соплонун диаметри канчалык аз болсо, басып чыгаруунун сапаты ошончолук мыкты болот. Сыя бүрккүч принтер типографиялык сапатка жакын сүрөттөлүштөрдү берет. Сыя бүрккүч принтердин басуу ылдамдыгы ошондой эле баасы матрицалык принтерден кымбатыраак. Сыя бурккүч принтер аппараты менен иштегенде боёктор сууга тийсе эзилип кетет. Ушул себептен сыя бүрккүч принтерлерге арналган сапаттуу жылмакай (глянец) кагаздар колдонулат.

Лазердик принтерлер. Лазердик принтерлерде (булардын түстүүсү да, ак-кара түрү болот, Кыргызстанда ак-кара түрү ар кандай мекеме-ишканаларда абдан кеңири таралган) сүрөттөлүштөрдү түзүү үчүн лазер нуру иштейт. Линза системасынын жардамы аркылуу лазер нуру жарык сезгич фото барабанда көрүнбөгөн электрондук сүрөттөлүштү түзөт. Электрондук сүрөттөлүштүн заряддалган участкаларына боёгуч күкүмдүн бөлүкчөлөрү тартылат да, сүрөттөлүш кагазга түшүрүлөт. Кагаздагы сүрөттөлүш ысытуучу атайын түзүлүштөн өтүп, кагаздын бетине бекийт.

Лазер принтерлери басып чыгаруунун жогорку сапатын жана ылдамдыгын - мүнөтүнө бир нече барактан (түстүү) ондогон баракка (түссүз) чейин басат. Принтердин мындай касиеттери аны коллективдүү колдонуу режимин шарттоочу тармактык аппарат катары колдонууга мүмкүндүк берет. Лазер принтери басма иштеринде да кеңири колдонула баштады.

Принтерлер шартка ылайык компьютерге жарыш порттор менен бириктирилет. Компьютердеги жарыш порттордун саны бирден үчкө чейин болот (LPT1-LPT3). Бирок жаңы технологиялардын өнүгүүсү дүркүрөп өсүп жатканына байланыштуу учурда принтерлердин дээрлик көбүнчөсү USB порту аркылуу туташат. Лазердик принтерлер Кыргызстанда абдан көп жайылганына байланыштуу "принтер деген эмне" деп кимдир-бирөө суроо берсе дал ушул принтерлер элеске келсе керек.

Плоттерлер. Плоттерлер же графика түзгүчтөр - , графикалык маалыматты басууга, архитектуралык чиймелерди, көркөм ошондой эле иллюстрациялык графиканы, карталарды, көлөмдүү сүрөттөлүштөрдү түзүүгө арналган басуучу түзүлүш.

Сүрөттөлүш басуучу бөрктүн жардамы менен кагазга түшүрүлөт. Кагазга (пленкага, калькага) чекит артынан чекит түшүрүлөт. Ушундан улам бул түзүлүшкө - plotter (to plot - чийме чийүү) аттуу ысым берилген. Плоттер компьютерге жарыш ошондой эле удаалаш интерфейс менен туташтырылат же системалык платанын кеңейтүү уясына атайын плата менен кошулат.

Конструкциясы байкасак, плоттерлер барабандык же планшеттик болуп бөлүнөт. Планшеттик плоттерде кагаз жылбайт, басуучу бөрк эки тарапка жылат. Ал эми барабандык плоттер аппаратында кысуучу система менен кагаз башка ок менен жылат. Аракеттенүү принциби боюнча карандаштуу, калемдүү, сыя бүрккүч ошондой эле электр-статикалык плоттер аппараттары дагы бар.

Карандаштуу плоттерлер сүрөттөлүштү алуу үчүн кадимки грифелди пайдаланат. Алар эң арзан ошондой эле сарпталуучу материалдын да жонокойун талап кылат.

Калемдүү плоттерлер сүрөттөлүштү алуу үчүн кадимки калемди (перо) колдонот. Түстүү сүрөттөлүштү алуу үчүн ар кандай түстөгү бир нече калем пайдаланылат.

Сыя бүрккүч плоттерлер сүрөттөлүштү сыя бүрккүч принтер сыяктуу боектун тамчыларын кагаз бетине чачыратуу аркылуу түзөт. Басуунун сапаты калемдүү плоттердикинен жогору. Алар автоматтык долбоордо, инженердик дизайнда кеңири таралган.

Электр-статикалык плоттерлер сүрөттөлүштү электр зарядынын жардамы аркылуу түзөт. Электр-статикалык плоттерлер ото кымбат, аларды документтердин эң жогорку сапаты талап кылынганда колдонушат.

3D принтерлер. Аты айытып тургандай эле 3D принтерлер басып чыгарылган графика жалпак кагаз бетине эмес, көлөмдүү формада басып чыгарат. Бул жаңы түрдөгү принтерлер абдан өнүгүүдө жана колдонуу тармактары абдан кеңири. Чыгаруу ыкмасы сыя бүрккүч принтерге окшош, бирок андай айырмаланып дароо кадимки формада чыгарат. Бөркүсүндө негизи бир эле сопло болот, ал жерден атайын пластик материал ысытылып суюк абалган келгенде сыгылып чыгат дагып, ар кандай формаларды үстү-үстүнө кат-кат кылып жабыштыруу ыкмасы менен чыгарат. Учурда мындай принтерлер менен ар кандай пластик тетиктерди чыгарат, ошондой эле бул принтер менен адам органдарын басып чыгаруу боюнча изилдөөлөр жүрүүдө. Ал гана эмес мындай принтерде ар кандай тамак аштарды дагы басышууда, анда боёктун же сыянын ордуна кадимки камыр колдонулат. Сыя бүркүүсү термалдык бүрккүч, сыя деп айтуу кичине туура эмес болуп калат го, материал же зат десек түзүк. Анткени, сыянын ордуна 3d принтер ар кандай заттарды колдонот, мисалы: пластик, клей, коюуу материалдар, пластилин, тамак-аш аралашмалары жана башкалар.

Конструкциясы боюнча 3d принтерлер плоттер принтерлеринин планшеттик басуу ыкмасында окшош, башкача айтканда басылып чыгарылуучу буюм ордунан жылбайт. Мына достор, "принтер деген эмне" аттуу макалабыз ушундай, унутуп калган нерселер болсо же ката жазып койгон жерибизди байкасаңыз эсибизге салып, айтып койгула.

Жайгаштыруу: 2017-11-23, Көрүүлөр: 10842, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-08-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо