Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Компьютердин аппараттык жабдылышы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Компьютердин аппараттык жабдылышы

Салам достор! Бүгүнкү макалабыз "компьютердин аппараттык жабдылышы" жөнүдө болмокчу. Персоналдык компьютердин блоктордон жана түзүлүштөрдөн турган бардык техникалык бөлүктөрүн анын аппараттык жабдылышы деп атоо кабыл алынган.

Персоналдык компьютердин аппараттык жабдылышы маалыматтарды иштетүү жана сактоо, колдонуучу менен маалымат алмашуу жана башка электрондук системалар менен байланыштар үчүн электрондук компоненттерди жана сырткы түзүлүштөрдү өзүнө камтыйт. Компьютердин компоненттеринин ортосундагы маалымат алмашууну системалык шина аткарат.

Системалык блокторду бир нече модификацияда даярдашат, алардын ичинен стол үстүнө коюлуучу (desktop), мунарадай туруучу (tower) конструкцияларын бөлүп көрсөтсө болот. Портативдик компьютерлерде системалык блок монитор менен бириктирилген жана ноутбук (notebook) стандартында жасалат.

Азыркы персоналдык компьютерлердин стандарттык конфигурациясы төрт компонентти өзүнө камтыйт: системалык блок, монитор (дисплей), клавиатура жана маус же чычкан түрүндөгү манипулятор. Портативдик компьютерлерде бул компоненттердин бардыгы бир жалпы корпуска чогултулган.

Азыркы персоналдык компьютерлерде ийилчээк магниттик дисктердин диск өткөргүчү, катуу магниттик (hard disk drive же hdd жаргон аталышы винчестер) дисктердин диск өткөргүчү сөзсүз колдонулат. Көп сандагы маалымат менен иштөө зарыл болгондо персоналдык компьютер оптикалык дисктердин диск өткөргүчү менен жабдылат.

Компьютердин калган бардык аппараттык жабдуулары перифериялык жабдылыштарга кирет жана компьютерге системалык блоктогу атайын уялар - порттор аркылуу бириктирилет.

Персоналдык "компьютердин аппараттык жабдылышы" - маалыматты иштетүүгө арналган түзүлүштөрдүн тобу. Түрдүү электрондук компоненттер - микросхемалар негизги плата (motherboard, муну орустар материнская плата деп туура эмес которуп алышкан, туура орусча которулушу главная плата) деп аталган атайын панелге орнотулат. Бул үчүн платада атайын туташтыргыч/ажыраткычтар (уячалар, сайгычтар) бар. Компьютердин көпчүлүк функциялык түзүлүштөрү микросхемалар түрүндө жүзөгө ашырылган.

"Компьютердин аппараттык жабдылышы" ушундай экен, кайталап айтсак алар системалык блок, монитор, клавиатура, чычкан. Көпчүлүк учурда периферия менен алмаштырып алышат, периферия айтып өткөндөй эле системалык блоктогу атайын уячаларга орнотулуучу кошумча жабдыктар. Кошумча суроолор болсо пикир калтырып койгула.

Жайгаштыруу: 2017-11-23, Көрүүлөр: 17226, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-11-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо