Китеп басуу

Китеп басуу жонундо маалымат. Алгачкы басма китептерди ксилографиялык китептер деп аташкан (грекче кисло - жыгач, графо - жазма). Бул китептерди мындайча жасашчу: жыгач тактайдын бетин тегиздеп, тамгаларды тескери кылып жазышкан. Андан кийин уста тамга жазылбаган жерлерди курч бычак менен кырып оюп чыккан. Тамгалар дөмпөйүңкү тартып калган. Бул тактайга боёк сүртүп, үстүнө пергамент (атайын ыкма менен ийленген музоонун териси) же кагаз жаап бекем басканда, боёк тактайдан баракка түшкөн. Гравюраны да ушундай ыкма менен жасашкан (гравюра тууралуу Графика деген аңгемеден окусаңар болот). Дүйнөдөгү эң байыркы басма китеп катары 704 жана 751-жылдардын ортосунда Кореяда 12 тактайдан басылган китеп эсептелип жүрөт. Мындай жол менен китеп басуу кыйын болгон, анткени жыгач тактайга он миңдеген тамга жазуу керек эле. Ошондуктан адамдар бөлөк-бөлөк тамгалардан турган басылуучу калыпты жасоого илгертен эле аракеттенип келген. Аны Иоганн Гутенберг жасаган.

Иоганн Гутенберг жөнүндө маалыматтар өтө аз. Анын Германиядагы Майнц шаарында туулгандыгы, Страсбург шаарында уста болуп иштегендиги белгилүү. Гутенберг китеп басуунун жаңы ыкмасын тапкандыгын эч кимге билдирбей жашырып жүргөн. 1444-жылы ал Майнцка кайтып келип, китеп баса баштаган. Анын баскан китептери адегенде анча түзүк чыккан эмес. Көп китеп басуу үчүн Гутенберг шаардагы бир бай адамдан карызга акча алат. Карызын убагында бере албай калгандыктан, анын бүт үй-мүлкү ал баскан алгачкы китептер менен кошо байдын колуна өтөт. Гутенберг бул кайгыдан оңоло албай, бир нече жылдан кийин 1468-жылы каза болот.

Гутенберг эмнени ойлоп тапкан эле? Ал май сыгуучу кадимки прессти басмакана станогуна айландырып, китеп басууга ылайыкташтырган. Эң башкысы - ал канча текст болбосун басууга мүмкүндүк берген басылуучу калыпты ойлоп тапкан. Бул калып алмаштырууга оңой бөлөк-бөлөк литералардан түзүлгөн. Литера - бир жагында тамганын чыгыңкы жана тескери сөлөкөтү бар төрт бурчтуу кыска темир таякча. Тексти литералар менен тергенден кийин тамга сөлөкөттөрүнө боёк сүртүлгөн, үстүнө кагаз басылып оттиск алынган. Гутенбергдин эң башкы ойлоп чыгаруусу мына ушул. Ошентип Гутенберг - басмаканада китеп басуунун жаңы жолу дүйнөгө тез тараган. 15-кылымдын аягында эле Европадагы ондогон шаарларда китеп басыла баштаган. Бул мезгилдеги китептердин көбү бизге жеткен жок. Россияда китеп 16-кылымдын ортосунан тартып баса башташкан.

Бизге белгилүү, алгачкы орус китеп басуучусу Иван Фёдоров болгон. Ал 1563-жылы жардамчысы Пётр Мстиславец менен бирдикте Рустагы алгачкы басма китеп - Апостолду баса баштаган. Ал эми 1574-жылы грамматикасы кошо берилген алгачкы орус Алиппесин басып чыгарган. Москванын борборунда, мурда алгачкы басмакана турган жерде И. Фёдоровго эстелик коюлган. Ал эми китеп басуу жыл өткөн сайын акырындап өркүндөй берген. Мындан аз эле мурун басмаканаларда китептин бүткүл тексты полиграфиялык терүү машиналарында терилген. Бул машиналардын бир нече түрү бар: тамга куюучу машиналар (монотиптер), сап куючу машиналар (линотиптер) жана фото-терүүчү автоматтар. Машиналар иллюстрацияларды да жасаган.

Мындай машиналар репродукциялоочу (көбөйтүүчү, көчүрүүчү) фотоаппараттар деп аталчу. Терилген тексттен жана сүрөттөн түзүлгөн басылуучу калыпты тез басуучу жана кубаттуу басма машиналарына орнотуп бир саатта 4-5 миң чоң барак оттиск басып чыгарышкан. Азыр китепти басмага даярдоо компьютердин жардамы менен ишке ашырылып, полиграфисттердин эмгегин абдан жеңилдетти. Китептин текстин компьютерде терип, калыпка салып (вёрсткалап), сүрөттөрүн коюп, басууга дапдаяр кылып пленкага чыгарат да, басмаканага тапшырышат. Басмаканада каалаган сандагы оттиск басып чыгарылат. Машиналар барактарды бүктөп, кесип дептер кылып тигет.

Кошумча шилтемелер:

Комментариев: 1 RSS

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)